И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети жана Кыргыз билим берүү академиясынын алдындагы педагогика илимдеринин доктору (кандидаты) окумуштуулук даражасын изденип алуу боюнча уюштурулган Д 13.18.573 диссертациялык кеңештин отурумунун №24 токтом Главная
2019-06-14
И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети жана Кыргыз билим берүү академиясынын алдындагы педагогика илимдеринин доктору (кандидаты) окумуштуулук даражасын изденип алуу боюнча уюштурулган Д 13.18.573 диссертациялык кеңештин отурумунун
№24 токтому
14.06.2019-ж.
Катышкандар: 10 диссертациялык кеңештин мүчөлөрү (келүү барагы тиркелет).
Күн тартиби:
- Шамканова Гульмира Джылкычиевнанын “Мектепке чейинки балдардын кеп маданиятын дене тарбия көнүгүүлөрү аркылуу өстүрүүнүн педагогикалык шарттары” (3-5 жаштын мисалында) аттуутемадагы кандидаттык диссертациясын 13.00.01 – жалпы педагогика, педагогиканын жана билим берүүнүн тарыхы адистиги боюнча алдын-ала коргоо(Илимий жетекчи: п.и.д., проф. Анаркулов Х.Ф.).
Каралган маселе боюнча диссертациялык кеңештин отуруму токтом кылат:
- Педагогика илимдери боюнча И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети жана Кыргыз билим берүү академиясыныналдындагыдокторлук (кандидиттык) окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн уюштурулган Д 13.18.573 диссертациялык кеңешинин Шамканова Гульмира Джылкычиевнанынкандидаттык диссертациясы боюнча бүтүмү бекитилсин.
- Шамканова Гульмира Джылкычиевнага 13.00.01 –жалпы педагогика, педагогиканын жана билим берүүнүн тарыхы адистиги боюнча педагогика илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын алуу үчүн коргоого кабыл алынсын.
- Расмий оппоненттер катары п.и.к., профессор Джанузаков К.Ч., п.и.к., доцент Тентимишева А.Н. дайындалсын;
- Жетектөөчү мекеме катары Ош мамлекеттик университетинин педагогика кафедрасы бекитилсин.
- Шамканова Гульмира Джылкычиевнанындиссертациясынын авторефератын чыгарууга уруксат берилсин.
2. Сатывалдиев Дүйшөбай Ражабалиевичтин “Орто мектептин окуучуларына алгачкы химиялык, физикалык түшүнүктөрдү маалыматтык технологиялардын негизинде окутуунун методикасы”аттуу темадагы 13.00.01 – жалпы педагогика, педагогиканын жана билим берүүнүн тарыхы, 13.00.02 – окутуунун жана тарбиялоонун теориясы менен методикасы (химия) адистиктери боюнча алдын-ала коргоо(Илимий жетекчилер: п.и.д., проф. Сияев Т.М., х.и.к., проф. Сагындыков Ж.С.).
Каралган маселе боюнча диссертациялык кеңештин отуруму токтом кылат:
- Педагогика илимдери боюнча И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети жана Кыргыз билим берүү академиясыныналдындагыдокторлук (кандидиттык) окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн уюштурулган Д 13.18.573 диссертациялык кеңешинин Сатывалдиев Дүйшөбай Ражабалиевичтинкандидаттык диссертациясы боюнча бүтүмү бекитилсин.
- Сатывалдиев Дүйшөбай Ражабалиевичтин13.00.01 – жалпы педагогика, педагогиканын жана билим берүүнүн тарыхы, 13.00.02 – окутуунун жана тарбиялоонун теориясы менен методикасы (химия) адистиктери боюнча педагогика илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын алуу үчүн коргоого кабыл алынсын.
- Расмий оппоненттер катары п.и.к., проф. м.а. Кособаева Б.М., п.и.к., доцент Дөөлаталиева А. дайындалсын;
- Жетектөөчү мекеме катары Жалал-Абад мамлекеттик университетинин педагогика жана психология, химия кафедралары бекитилсин;
- Сатывалдиев Дүйшөбай Ражабалиевичтиндиссертациясынын авторефератын чыгарууга уруксат берилсин.
- Ар кандай маселелер. Диссертацияларды коргоого сунуштоо
1). Угулду: Окумуштуу катчы А.Т. Калдыбаеванын Табалдиева Чынара Бейшенкариевнанын “Негизги мектепте Кыргыз Республикасынын географиясын окутууда окуучулардын экологиялык маданиятын калыптандыруу” аттуу темадагы 13.00.01 – жалпы педагогика, педагогиканын жана билим берүүнүн тарыхы адистиги боюнча педагогика илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн жазылган диссертациясы боюнча эксперттик комиссиянын (эксперттер: п.и.д., профессор Каниметов Ж.К., п.и.д., профессор Чоров М.Ж., п.и.к., доцент Иманалиев Т.Т.)бүтүмүн кабыл алуу жөнүндөгү маалыматы.
Диссертациялык кеңеш эксперттердин бүтүмүн угуп, талкуулагандан кийин төмөнкүдөй токтом кабыл алды:
а)аталган темадагы диссертациялык иш боюнча эксперттик комиссиянын бүтүмү бекитилсин;
б)Табалдиева Чынара Бейшенкариевнанын диссертациялык иши алдын-ала коргоого сунушталсын.
3.2. Диссертациялык кеңешке илимий даражаларды берүүнүн жобосуна ылайык изденүүчүнүн документтерин кабыл алуу.
1). Угулду: Окумуштуу катчы А.Т. Калдыбаеванын Шамырканова Надира Бейшенбековнанын “Башталгыч класстын окуучуларынын өз алдынча иштөөсүн уюштуруунун педагогикалык шарттары” аттуу темадагы 13.00.01 – жалпы педагогика, педагогиканын жана билим берүүнүн тарыхы адистиги боюнча педагогика илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн жазылган диссертациясы боюнча маалыматы (Илимий жетекчи: п.и.д., профессор Калдыбаева А.Т.).
Диссертациялык кеңеш талкуулагандан кийин төмөнкүдөй токтом кабыл алды:
1. Шамырканова Надира Бейшенбековнанын “Башталгыч класстын окуучуларынын өз алдынча иштөөсүн уюштуруунун педагогикалык шарттары” аттуу темадагы 13.00.01 – жалпы педагогика, педагогиканын жана билим берүүнүн тарыхы адистиги боюнча педагогика илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн документтери диссертациялык кеңешке кабыл алынсын.
2. Эксперттик комиссияны бекитүү (эксперттер: п.и.д., профессор Алимбеков А., п.и.д., профессор Дюшеева Н.К., п.и.к., доцент Иманалиев Т.Т.).
Диссертациялык кеңештин төрагасы,
педагогика илимеринин доктору, профессор Мамытов А.М.
Диссертациялык кеңештин окумуштуу катчысы,
педагогика илимдеринин доктору, профессор Калдыбаева А.Т.