Жаштар иштери боюнча бөлүмдүн төрагасы Азамат Айдаров студентке сыйлыгын тапшырды

28 Сентябрь 2020


13085 Просмотры 2020-09-28 15:20:09

КРнын Билим берүү жана илим министрлиги уюштурган студенттер арасындагы "эң мыкты видео" кароо сынагында И. Арабаев атындагы КМУнун Педагогикалык колледжнин 2- курсунун студенти Уланбек кызы Гүлнур "монолог" окуп Кыргызстандагы ЖОЖдор арасында биринчи орунду багындырганын буга чейин жазган элек.

Мына ошол биринчи орунду багындырган студентибиз бүгүн министрликтен өзүнүн сыйлыгын алды. Өлкөдөгү азыркы шартка байланыштуу сыйлык ээси айылда болгондуктан, министрликтин грамотасы менен планшетин университеттин Жаштар иштери боюнча бөлүмдүн төрагасы Азамат Айдаров педколледждин директору Толоев Максатбекке тапшырды.