КМУнун Теологиялык колледжинин директору Нурбек Шамралиев колледжге жаңы келген студенттер менен жолугушту

08 Сентябрь 2022


3196 Просмотры 2022-09-08 16:25:35

Бүгүн, 8-сентябрда И.Арабаев атындагы кыргыз мамлекеттик университетинин Теологиялык колледжинин директору Нурбек Шамралиев жана университеттин жаштар иштери боюнча комитетинин төрагасы Азамат Айдаров Теологиялык колледждин 1-курсунун студенттери менен илимий китепканада жолугушуу өткөрүштү.

Жолугушууда студенттерге мотивация берүүчү, таалим-тарбияга үндөөчү сөздөр айтылды. Ошондой эле, студентерге өздөрүнүн жүрүш-турушу менен кийинки жаш муундарга үлгү көрсөтүүгө чакырык жасалып, өз ара ынтымак, биримдик менен бирге улуттук духту, рухту көтөрүү керек экендиги баса белгиленди.