И. Арабаев атындагы КМУнун гуманитардык колледжинде “Ачык эшиктер күнү” өттү.

28 Май 2022


3420 Просмотры 2022-05-28 11:27:44

Аталган иш-чарага жогорку окуу жайга тапшырууну каалаган 9- 11-класстын бүтүрүүчүлөрү, алардын ата-энелери жана мектептердин мугалимдери катышты.

Ачык эшиктер күнү 2021-2022-окуу жылынын 9-11-класстын бүтүрүүчүлөрүн окуу жайдын түзүмдөрү, материалдык-техникалык базасы менен тааныштыруу максатында уюштурулду.

Алыскы-жакынкы райондордон келген мектеп бүтүрүүчүлөрү алгач колледждин адистик билим берүү багытын чагылдырган көргөзмө менен таанышып чыгышып, андан соң колледждин студенттери тарабынан уюштурулган мода көргөзмөгө жана концерттик программага күбө болушту.

Көргөзмөдө колледждин уздары тарабынан даярдалган улуттук кийимдердин көргөзмөлөрү көрсөтүлдү.

Аталган иш- чарага И. Арабаев атындагы КМУнун ректору, профессор Төлөбек Абдырахманов, биринчи проректор Айгүл Абдраева, Окуу иштери боюнча проректор Жеңиш Бексултанов, Административдик чарба иштери боюнча проректор Амангелди Сыйырбеков, Жаштар саясаты жана спорт боюнча проректор Жайна Садыкбек кызы ректораттын ж.б. курамы катышып, колледждин директору Чынарбек Дүйшөналиев баштаган уюштуруучуларга ийгилик каалашты.

Гуманитардык колледждин директору,саясий илимдин кандидаты, доцент Чынарбек Дүйшөналиев мектеп бүтүрүүчүлөрүнө окуу жайдын тарыхы, адистик багыттары боюнча кыскача маалымат берип, бүтүрүүчүлөрдү кесипти туура тандоого чакырды.

Белгилей кетсек, И. Арабаев атындагы КМУда гуманитардык колледж жана педагогикалык колледж, ошондой теологиялык колледж бар.