КИТЕП ОКУУНУ- АДАТКА, КИТЕП БЕЛЕК КЫЛУУНУ - САЛТКА АЙЛАНТАЛЫ

04 Апрель 2022


3304 Просмотры 2022-04-04 09:51:50

И.Арабаев атындагы КМУнун педагогикалык колледжинде "Бир адамдан бир китеп" долбоорунун алкагында иш-чара өткөрүлдү. Иш-чарага долбоордун негиздөөчүсү Бакай Акылбеков, "Улуу тоолор" басмаканасынын жетекчиси Жумадин Кадыров, “Бугупресс” басма үйүнүн директору Жаныбек Абидетегин жана жаш активисттер катышты.

Келген коноктор китептин адам баласынын турмушундагы орду, китеп окуу маданияты, жаш адамдын келечегине тийгизген таасири тууралуу кызыктуу  маек куруп беришти. Жумадин Кадыров өзү ала келген китебин колледждин өздүк китепканасына белекке калтырып, китеп окууну уюштуруунун кызыктуу моделин сунуштады. Натыйжада студенттер, мугалимдер өздөрүнө жаккан китептерди сатып алышып, бири-бирине белекке да беришти.

Иш-чара абдан кызыктуу жана пайдалуу болду.