Мамлекеттик тил жана маданият институтунун кыргыз адабияты жана аны окутуунун технологиялары кафедрасында адабий кече өткөрүлдү

18 Декабрь 2022


1995 Просмотры 2022-12-18 15:11:10

И.Арабаев атындагы КМУнун Мамлекеттик тил жана маданият институтунун Кыргыз адабияты жана аны окутуунун технологиялары кафедрасында ишин баштаган Адабий резиденцияда КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер Атантай Акбаров жана акын, котормочу, обончу Өктөм Калыева конокто болушту. Кечеде студенттер акындын ырларын өз оозунан угуп, обондуу ырларын кошо ырдашты. Студенттер өздөрүнүн жазган үйрөнчүк ырларын окуп берип, акындын пикирин угушту. Мындай алака келечекте көп таланттуу жаштардын адабиятка тартылуусун шарттайт.