"Окутуп жатып, үйрөнөм"

21 Декабрь 2022


2916 Просмотры 2022-12-21 12:35:25

Бүгүн, 21-декабрда Мамлекеттик тил жана маданият институтунун Т.Ахматов атындагы кыргыз тили жана окутуунун технологиялары кафедрасынын астында иштеп жаткан "Устат" ийриминин алкагында 3-4- курстар арасында студенттерди педагогикалык практикага даярдоо максатында, "Окутуп жатып, үйрөнөм" аттуу семинар болуп өттү. Бул семинарда студенттер сынчыл ойломдун ыкмалары менен кенен таанышып, практикалык иш да алып барышты.

Атап айтсак, "Балык сөөгү", "6 шляпа", "РАФТ" студенттердин зор кызыгуусун туудурду. Семинар аягында ар бир группага сынчыл ойломдун ыкмалары боюнча китепче таратылды.


Бүгүн МТМИнин Т.Ахматов атындагы кыргыз тили жана окутуунун технологиялары кафедрасынын астында иштеп жаткан "Устат" ийриминин алкагында 3-4- курстар арасында студенттерди  педагогикалык практикага даярдоо максатында, "Окутуп жатып, үйрөнөм" аттуу семинар болуп өттү. Бул семинарда студенттер сынчыл ойломдун ыкмалары менен кенен таанышып, практикалык иш да алып барышты. 
Атап айтсак, "Балык сөөгү", "6 шляпа", "РАФТ" студенттердин зор кызыгуусун туудурду. Семинар аягында ар бир группага сынчыл ойломдун ыкмалары боюнча китепче таратылды.