• Манас таануу жана лингвистика институтунун эки мугалими жаңы чыккан "Манас" китебин немис тилине которушту

    Кыргыз Элинин баатырдык эпосу “Манас” немис тилине которулуп, китеп болуп жарыкка чыкты. Жаңы китептин бет ачаары 2022-жылдын 29-мартында кыргыз-немис дипломатиялык кызматташтыгынын 30-жылдык юбилейинин урматына “Роза Отунбаеванын демилгеси” фонду жана Кыргызстандагы Германия элчилиги менен биргеликте китептин ачылышын өткөрүштү. Аталган маанилүү китепти И. Арабаев атындагы КМУнун Манас таануу жана Лингвистика институтунун немис тили кафедрасынын ага окутуучулары Калдыбаева Эрика Тобокеловна жана Кыдырбаева Мээрим Асангуловна немис тилине которушту. Бул эмгек талыкпаган мээнетти, изденүүнү жана чоң күчтү талап кылды. Гете-Институтта иштеген немис жараны Филипп Пальм менен биргеликте редакцияланды. Китеп 530 тираж менен жарык көрдү.

    Дата:2022-04-11 17:49:59 Просмотров2058 :: Подробнее...
  • Манас таануу жана лингвистика институту Ишеналы Арабаевдин 140 жылдыгына катара ачык сабактарды уюштурууда

    Манас таануу жана дингвистика институтунда студенттерге окумуштуу Ишеналы Арабаевдин 140 жылдыгына арналган ачык сабактар, семинарлар өтүлүүдө. тим 1-21 куратору Алиева Адиля Рустамовна , тим 2-21 куратору Барыктабасова Асель Кенжебековна, линит-1-21 куратору Дылдаева Эльзат Каныбековна, тим 1-20 куратору Ахметова Эвроазия Дамировна, линит-1-20 куратору Самидин кызы Зейнеп кураторлук кылган группаларга ачык сабактар өтүлүп, студенттер Ишеналы Арабаев жөнүндө кеңири маалымат алышты.

    Дата:2022-03-04 09:33:40 Просмотров2972 :: Подробнее...
  • КМУнун Австрия китепканасында “Австрия адабият коому” аталышындагы семинар болуп өттү

    И.Арабаев атындагы КМУнун Австрия китепканасында “Австрия адабият коому” аталышындагы семинар болуп өттү. Семинарга немис тили кафедрасынын окутуучулар курамы катышты. Семинарда “Австрия адабият коомунун” ишмердүүлүгү жөнүндө кенен маалымат берилди. Коомдун ишмердүүлүгүнүн негизги максаттарынан болуп Австрия жазуучуларын, жаңы чыгармаларын дүйнө элине таанытуу болуп эсептелинет. Андан сырткаркы милдеттеринин бири дүйнө жүзүндөгү 28 мамлекетте жайгашкан Австрия китепканаларын ар тараптан колдоо болуп саналат.

    Дата:2022-01-25 11:24:40 Просмотров3243 :: Подробнее...
  • Студенттер акындар менен жолугушту

    И. Арабаев атындагы КМУнун Манас таануу жана лингвистика институту 12- декабрь Чыңгыз Айтматовдун туулган күнү, ошондой эле адабият күнүнө карата, акындар менен студенттердин жолугушуу кечесин уюштурду.Жолугушууга белгилүү акындар Алтынбек Исмаилов, Баян Акматов жана Жылдызбек Турсунбаев чакырылган. Жылдызбек Турсунбаев менен Алтынбек Исмаилов өздөрүнүн жүрөктөн чыккан жалындуу ырларын окуп, студенттердин көңүлүн көтөрүшсө, Баян Акматов колуна комузун алып, төкмөлүк өнөрү менен куйкум сөзүн жаадырып төгүп ырдап, көрүүчүлөрдүн черин жазды. Майрамдык кече бир сааттан ашык убакытка созулуп, соңунда студенттер акындар менен кошо эстеликке сүрөткө түшүштү.

    Дата:2021-12-17 12:44:50 Просмотров2909 :: Подробнее...
  • «МАНАС» - МАЙРАМ!

    Манас таануу жана лингвистика институтунун Манас жана маданият таануу кафедрасы 2021-жылдын 4-декабры - «Манас» күнүнө арналган жумалык өткөрүштү. 2-декабрда «Манастын тили – улуттун дили» аттуу викторина таймашы И.Арабаев атындагы КМУнун БАЗында болуп өттү. Анда университеттин бардык факультеттеринин 1-курстарынын арасындагы тандалган топторго таймаш уюштурулуп, студенттердин бүйүрүн кызытты. Иш-чарага аталган институттун директорунун орун басары Назар Докдурбек баштаган Манас таануу кафедрасынын бардык курамдагы окутуучулары катышып, кээ бир окутуучулар калыстар тобунун курамын түзүштү. Алты топко бөлүнгөн командадан жеңүүчүлөр аныкталып, грамоталар менен сыйланышты.

    Дата:2021-12-14 12:35:03 Просмотров3399 :: Подробнее...
Top