• Манас таануу жана лингвистика институтунун кезектеги отуруму өттү

    2020-жылдын 3-майында Манас таануу жана лингвистика институту Zoom программасы аркылуу онлайн түрүндө кезектеги онлайн отурумун өткөрдү. Отурумга аталган институттун директору, прфессор Мусаев Сыртбай Жолдошевич, окуу иштери боюнча директордун орун басары, кафедра башчылары, окуу бөлүмдүн методисттери, магистратура жана тарбия иштери боюнча координаторлор катышышты. Отурумда күн тартибиндеги негизги маселелер каралды. Маселен, окуу процесстин жүрүшү, 2-модуль жана аны жыйнтыктоочуу контроль, студенттердин практикасы, контракт төлөө боюнча маселе, ошондой эле дистанттык режимде бүтүрүүчүлөр үчүн (студенттердин жана магистранттардын) мамлекеттик сынакты уюштурууга болгон аракеттер талкууланды

    Дата:2020-05-05 10:36:15 Просмотров7186 :: Подробнее...
  • Манас таануу жана лингвистика институтунун Манас таануу жана маданият таануу кафедрасынын студенттерге дистанттык онлайн окутуу жүргүзүүдөгү отчёту

    Студенттер СРС, видео ролик, видео байланыш, аудио запис менен да жооп берип жатышат. Модулдар коюлду. 4-курстун студенттери кесиптик профилдик- практикага чыгышты. Аралыктан онлайн практика өткөрүүнүн программасы иштелип чыгып, студенттерге конференцияда тааныштырылды. Кафедрадагы окутуучулар менен ар дайым байланыш болуп, институттан, ректораттан жана окуу башкармалыктан берилген ар кандай тапшырмалар, кулактандыруулар өз мезгилинде жеткирилип турду. Мындан сырткары онлайн түрүндө окумуштуулар кеңешинин отуруму да өткөрүлдү. Отурумда окуу ишинин жүрүшү, учурдагы студенттердин практикасы боюнча түзүлгөн онлайн программа, бүтүрүүчү студенттердин квалификациялык иштеринин жазылышы жана Мамлекеттик аттестацияга даярдыгы боюнча талкуу болду.

  • Талантбек Рысбаев кафедра жетекчиси болду

    2020- жылдын 2- мартында И. Арабаев атындагы КМУнун курамындагы Манас таануу жана лингвистика институттун Манас таануу кафедрасына, кафедра башчынын милдетин аткаруучу болуп Рысбаев Талантбек Казыбаевич дайындалды. Талантбек Казыбаевич, Манасты келечек муунга окутуу ишине зор салым кошот деп үмүт кылабыз.

  • Манас таануу жана лингвистика институту Бүткүл дүйнөлүк Эне тилдин эл аралык күнүнө карата иш- чара өткөрдү

    17- февралда И. Арабаев атындагы КМУнун Манас таануу жана лингвистика институту 21- февраль бүткүл дүйнөлүк Эне тилдин эл аралык күнүнө карата иш- чара өткөрүштү. Аталган иш- чара университеттин Чыңгыз Айтматов атындагы чоң залында болуп өттү. Ага И. Арабаев атындагы КМУнун Мамлекеттик тил жана коммуникация боюнча проректору, тарых илимдеринин доктору Эсенкулов Нурмамат Жокенович катышты. Проректор, майрамдык кечеге катышкан мугалимдерди жана студенттерди бүткүл лүйнөлүк тил күнү менен куттуктап, студенттерди көп тил билүүгө, мамлекетти сүйүүгө, Эне тилди баалап- барктоого чакырып, жаштарды патриоттуулукка, билимдүү болууга үндөдү.

  • Лингвистерде жакшы жаңылык

    2020-жылдын 7-февралында И.Арабаев атындагы университеттин Манас таануу жана лингвистика институту тарабынан Бишкек шаарындагы «Креатив Таалим» билим берүү комплексинин 10-11 класстарынын окуучуларына профориентациялык иш максатында жолугушуу уюштурулуп өткөрүлдү. Жолугушуу университеттин Ч.Айтматов атындагы чоң залында Лингвистика кафедрасынын башчысы Д.М.Дайырбекова, кафедранын доценти Азизбек уулу Бакыттын куттуктоо сөздөрү менен башталып, институттун профессордук-окутуучулар курамы жана студенттери тарабынан, окутулган багыттар боюнча маалымат берилип, чет өлкөлөргө чыгып келген студенттердин слайд шоусу менен жана студенттердин заманбап бийи менен коштолуп, маалымат кыргыз, орус, англис жана немис тилдеринде берилди

    Дата:2020-02-12 17:06:15 Просмотров6743 :: Подробнее...
Top