• Ректор Төлөбек Абдырахманов Корея Республикасынын билим берүү борборунун директору Ким Дэ Гванды кабыл алды

    И. Арабаев атындагы КМУнун ректору, профессор Абдырахманов Төлөбек Абылович Бишкектеги Корея Республикасынын билим берүү борборунун директору Ким Дэ Гванды кабыл алды. Жолугушууда И. Арабаев атындагы КМУнун Манас таануу жана лингвистика институтуна Корей тилин окутуу боюнча кафедра ачуу маселеси каралды. Жолугушууга И. Арабаев атындагы КМУнун окуу башкармалыгынын башчысы, тарых илимдеринин кандидаты Капалбаев Октябрь Эркинович да катышты. Андан соң, Ким Дэ ГванМанас таануу жана лингвистика институтун директору Мусаев Сыртбай Жолдошевич менен да кезикти.

  • Окумуштуу Сыртбай Мусевдин немис тилинен кыргыз тилине которулган китеби жарык көрдү

    И.Арабаев атындагы КМУнун Манастаануу жана лингвистика институтунундиректору, профессор Мусаев Сыртбай Жолдошевич жана профессордун милдетин аткаруучу С.З.Садыкова тарабынан XIX кылымдагы улуу илимпоз, кытай таануучу, алтаист, арабист академик Вилгелм Кристиан Шоттун “Чыныгы кыргыздар жөнүндө” (W.C.Schott „Über die ächten Kirgisen“ (1865) аттуу китеби биринчи жолу немис тилинен кыргыз тилине которулуп, жарык көрдү. В.К.Шотт жалпы эле алтай тилдери, анын ичинде өзгөчө түрк, монгол тилдери боюнча чоң адис катары аталган элдердин тарыхы, тили, маданияты жаатында атайын изилдөө жүргүзүп, “алтай тилдери” деген аталышты илимде биринчи болуп колдонгон окумуштуу катары белгилүү.

  • Манастаануу жана лингвистика институтунун студенттери мамлекеттик экзамен тапшырышууда

    2020-жылдын 15-июнунда И. Арабаев атындагы Манас таануу жана лингвистика институтунун 5-корпусунун 214-, 227, 413-, 417-залдарында 531100 «Лингвистика» багытынын «Лингвистика жана жаңы маалыматтар технологиясы», "Чет тилдерди окутуунун теориясы жана методикасы», «Котормо жана котормо таануу» профилдери, 531100 «Компьютердик лингвистика» багыты, 550300 «Филологиялык билим берүү» быгытынын “Чет тилдери (немис тили)” профили боюнча, ошондой эле институттун магистратура бөлүмүнүн 550300 «Филологиялык билим берүү» багытынын “Чет тилдери” профили боюнча онлайн режимде мамлекеттик сынактар өттү. Аталган багыттардын ичинен «Лингвистика жана жаңы маалыматтар технологиясы», «Чет тилдерди окутуунун теориясы жана методикасы» профилдери боюнча студенттер англис тили боюнча сынакты тест түрүндө тапшырышса, калган багыт жана профилдер боюнча студенттер билет түрүндө сынактарды тапшырышты.

  • Манас таануу жана лингвистика институтунун 4- курсунун студенттери квалификациялык иштерин коргоого даярданышууда

    1-июнь күнү саат 15:00 дө Манас таануу жана лингвистика институтунун немис тили кафедрасынын 4-курсунун студенттери онлайн режиминде квалификациялык иштерин алдына ала коргошту. Студенттердин илимий иштерин кабыл алган аталган институттун мугалимдери бүтүрүүчү курстун студенттерине даярдаган квалификациялык иштерин техникалык жактан оңдоп-түзөө боюнча тапшырмаларды беришти.

  • Манас таануу жана лингвистика институту педагогикалык практика боюнча жыйынтыктоочу конференциясын өткөрдү

    И.Арабаев атындагы КМУнун Манас таануу жана лингвистика институтунда жана География, экология жана туризм факультетинде 2020-жылдын 29-майында ZOOM программасынын негизинде адаптациялык-педагогикалык практика боюнча жыйынтыктоочу конференциясы болуп өттү. Конференцияга окуу жайдын практика боюнча адиси доценттин милдетин аткаруучу Шамшиев Т.А, методисттер педагогика кафедрасынын доцентти, п.и.к. Койлубаева Н.К., доц. п.и.к. Нуркулова Э.Р. жана География, экология жана туризм факультетинин ага окутуучусу Карасартова А.А., Манас Таануу жана Лингвистика институтунун ага окутуучусу Кыдырбаева М.А. ж.б. окутуучулар катышышты.

Top