• Манас таануу жана лингвистика институтунда австриялык жазуучу, драматург Томас Арцтын онлайн- автордук окуусу болду

    И. Арабаев атындагы КМУнун Манас таануу жана лингвистика институтунун Австрия китепканасында австриялык жазуучу, драматург Томас Арцтын онлайн- автордук окуусу болуп өттү. Иш чара Казакстандын Нур-Султан шаарындагы Австрия элчилигинин колдоосу менен ишке ашты. Онлайн-автордук окууга Австрия элчилигинин өкүлү Жания Умбетова, Манас таануу жана лингвиститка институтунун немис тили кафедрасынын мугалимдери жана студенттери, немис тилин экинчи чет тили катары окуган англис тили бөлүмүнүн студенттери андан сырткары башка жождордун (АУЦА, БГУ, КУУ) немис тили мугалимдери катышышты.

    Дата:2021-05-06 13:06:31 Просмотров8188 :: Подробнее...
  • КМУнун Манас таануу жана лингвистика институтуна Нуржан Сартбекова директор болуп шайланды

    И. Арабаев атындагы КМУнун Манас таануу жана лингвистика институтунун директорун шайлоо болуп өттү. Директорлук орунга эки талапкер ат салышты. Алар педагогика илимдеринин доктору, профессор Нуржан Сартбекова жана филология илимдеринин доктору Даирбек Кенжебаев. Шайлоого 74 киши катышып, 41 киши Нуржан Сартбековага добуш берсе, 30 киши Даирбек Кенжебаевге добуш беришти. 3 киши экөөнө тең каршы добуш салышты. Жыйынтыгында 41 добуш менен Нуржан Сартбекова директор болуп шайланды. Шайлоо атайын комиссия тарабынан көзөмөлдөнүп, жобого ылайык өткөрүлдү. Комиссияга КМУнун окуу иштери боюнча проректору Жеңиш Бексултанов төрагалык кылды.

    Дата:2021-03-04 14:02:06 Просмотров9209 :: Подробнее...
  • Рысбаев Талантбек "Кыргыз тили" төш белгиси менен сыйланды

    2021- жылдын 25- февралында А. Осмонов атындагы улуттук китепканада, белгилүү лингвист, филолог, лексикограф, педагог, адабият таануучу, фольклор таануучу, филология илимдеринин кандидаты, профессор К. Карасаевдин 120 жылдыгына арналган иш чарада, КМУнун Манас таануу жана лингвистика институтунун Манас таануу жана маданият таануу кафедрасынын, кафедра башчысы Рысбаев Талантбек кыргыз тилине кошкон зор салымы үчүн "Кыргыз тили" төш белгиси менен сыйланды. Талант агайга бекем ден соолук, ийгиликтерди каалайбыз?!

  • Соглашение о сотрудничестве

    18 февраля преподаватели ИМиЛ вместе с и.о.директора д.п.н.,проф. Сартбековой Н.К. совместно с директором малой академии государственного управления по Республике Марий Эл, к.э.н.,доц.Креневой С.Г. провели онлайн семинар на тему «Методика преподавания семинарских и практических занятий в формате Blended Learning» . В итоге были заключены соглашения о дальнейшем сотрудничестве с Марийским Государственным Университетом.

  • АГУПКРдин улук окутуучусу мугалимдерге тренинг өттү

    17- февралда Манас таануу жана лингвистика институтунун базасында окутуучулардын квалификациясын жогорулатуу максатында “Онлайн режиминде окутуунун заманбап психологиялык-педагогикалык тенденциялары” аттуу илимий семинар, тренинг болду. Аталган семинарга Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын улук окутуучусу М. Ж. Окенаева катышып, ал институттун кызматкерлерине тренинг өттү.

Top