• Онлайн встреча

    22 января состоялась онлайн встреча, организованная Самаркандским государственным университетом. Целью данного мероприятия-организация Международной студенческой ассоциации. На конференции приняли участие студенты из Казахстана, России, Узбекистана, Индии, Кыргызстана и.т.д.. Отдел по делам молодежи направил 7 лучших студентов института Манасоведения и лингвистики.

  • Лингвистика кафедрасынын окутуучулары студенттер менен бирге конференция уюштурду

    Лингвистика кафедрасынын окутуучулары студенттер менен биргеликте онлайн конференция өткөрдү. Конференцияга 1-2- курстун студенттери катышышты. Жыйынтыгында, талапка ылайык күндөлүк толтурулуп сабактын жана тарбиялык сааттын видеороликтери дисктерге жазылып жетекчилерге жөнөтүлдү. Баардык материалдар АВН программасына жүктөлдү. Техникалык маселелерге байланыштуу айрым студенттердин АВН программасына жүктөлбөй калган материалдары Google дискке жазылып алынды. Конференция ZOOM платформасы аркылуу өтүлдү.

  • “Манас таануу жана лингвистика” институтунун директору болуп профессор Сыртбай Мусаев шайланды

    И. Арабаев атындагы КМУнун “Манас таануу жана лингвистика” институтунун директорун шайлоо болуп ѳттү. Директорлук орунга институттун буга чейинки директору Сыртбай Мусаев менен чет тилдер кафедрасынын башчысы Кенжебай Уметов ат салышып, шайлоо жакындаганда Кенжебай Уметов ѳз талапкерлигин жарыштан алып, Сыртбай Мусаевди колдоорун билдирди. Жыйынтыгында профессор Сыртбай Мусаев 51 добуш менен аталган институттун директору болуп шайланды. Шайлоо мыйзам чегинде, тынч жана таза ѳттү.

  • КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ДААД-АЛЮМНИГЕ 20 ЖЫЛ

    2020-жылдын 18-20-сентябрь аралыгында И.Арабаев атындагы КМУнун “Манас таануу жана лингвистика” институтунун филология илимдеринин доктору, проф. м.а. С.З.Садыкова жана доцент Д.М.Дайырбекова Чолпон-Ата шаарындагы “Аврора Плюс” пансионатында өткөн “Биз келечекке карайбыз – медицина, билим берүү жана маданий алмашуу” аттуу темадагы Кыргызстандагы ДААД-Алюмни коомунун 20-жылдыгына арналган юбилейлик конференциясына катышышты. Конференция Кыргыз Республикасындагы DAAD-Алюмни (ДААД-стипендиаттар) коому Германиянын Кыргызстандагы элчилиги менен биргеликте Бонн шаарындагы Германиянын академиялык алмашуу кызматынын (DAAD) колдоосу менен уюштурулду.

  • Профессор Сыртбай Мусаев Казахстандын борбору Нур-Султан шаарында өткөн эл аралык онлайн семинарга катышты

    2020-жылдын 17-сентябырында саат 10.00до “Манас таануу жана лингвистика” институтунун деректири профессор Сыртбай Жолдошович Мусаев Нур-Султан шаарындагы Казахстан Республикасынын Маданият жана спорт министрлигине караштуу Шайсултан Шаяхметов атындагы «Тіл-Казына» Улуттук илимий-практикалык борбору тарабынан уюштурулган «Түрк дүйнөсү: тил кырдаалы, алфавит жана методика» аттуу эл аралык онлайн семинарга катышты. Семинарда түрк элдеринин алфавитин жана орфографиялык эрежелерин куруу боюнча тажрыйба алмашуу, түрк элдердин тилдеринин учурдагы абалы жана келечеги, латын алфавитине негизделген алфавити, казак тилинин жаңы орфографиялык эрежелери тууралуу маселелер талкууланды. Профессор С.Ж.Мусаев бул семинарда “Латын арибиндеги азыркы кыргыз алфавитинин курамы” доклады менен катышып, ал докладда Кирилл алфавитине негизделген азыркы кыргыз алфавитинин айрым көйгөйлөрү жөнүндө, орус алфавитинин негизинде түптөлгөн кыргыз алфавити 80 жыл бою кызуу талкуулардын предмети болуп келгендиги тууралуу айтылды.

Top