• Куттуктоо

    Урматтуу кесиптештер! Сиздерди улуттун баа жеткис байлыгы, руханий куралы болгон- Мамлекеттик тил майрамы менен филологиялык билим берүүнүн практикалык курсу кафедрасынын эмгек жамааты чын дилден куттуктайт! Түйшүктүү эмгек жолуңуздарда чың ден соолукта болуп, студенттерге жана башка улуттун өкүлдөрүнө мамлекеттик тилди окутуудагы ат көтөргүс эмгегиңиздерде ийгиликтер жаралып, кыргыз тилинин өркүндөшүнө салым кошо бериңиздер!

    Дата:2020-09-25 11:52:55 Просмотров528 :: Подробнее...
  • Мамлекеттик тил жана маданият институту Окумуштуулар кеңешинин отурумун өткөрүштү

    Күн тарбине ылайык кафедра башчылары С.Каратаеванын, А.Эгембердиеванын, Н.Эргешбаеванын, директордун орун басары А.Каныбекованын, башкы эсепчи Догдурбек уулу Назардын маалыматы угулду. Аралыктан окутуунун маселеси жолго коюлуп, студенттер, магистранттар менен кайтарым байланыш болуп жаткандыгы айтылды. МАКты уюштурулушу да колго алынып, кафедраларда иш-чаралар өткөрүлүп жаткандыгы тууралуу сөз болду. Практика жетекчилери студенттер менен байланышып, атайын программанын негизинде иш алып барып жаткандыгы маалымдалды. Ал эми кесиптик багыт берүүиштери студенттик парламент менен биргеликте иштелип, азыркы кырдаалга ылайык сайттарга маалымат берилип жаткандыгы белгиленди. Аталган маселелер боюнча окуу процессине байланыштуу иштерди, төлөм маселесин, кесиптик багыт берүү иштерин күчөтүү, көзөмөлгө алуу жагы тиешелуу кызматкерлерге милдеттендирилди.

    Дата:2020-04-28 11:15:07 Просмотров1310 :: Подробнее...
  • Студенттер социалдык түйүндө ыр окушту

    И.Арабаев атындагы КМУнун Мамлекеттик тил жана маданият институтунун студенттери карантин убагында үйдө отуруп, социалдык түйүндөр аркылуу ар кандай иш чараларды уюштурушууда. Студенттер 30-марттан 5-апрелге чейин бир жума бою акындардын ырларын, көркөм текстерди окушуп, Мамлекеттик тил жана маданият институтунун инстаграм баракчасына жүктөштү. Студенттердин окуган ырлары,текстери социалдык баракчада көпчүлүктүн кызыгуусун жаратты.

    Дата:2020-04-15 11:01:56 Просмотров1316 :: Подробнее...
  • КМУда “Сабаттуу бол” аттуу студенттердин дил баян жазуу сынагы уюштурулду

    Конкурс 2 турда өттү. Биринчи туру “Бүгүнкү менин айылым: абалы жана келечеги”, “Бүгүнкү менин үй-бүлөм: канткенде менин үй-бүлөмдүн турмушу оңолот?, “Айылым өнүксө, өлкөм өнүгөт” – деген темада өткөрүлүп, 14-февралда жыйынтыкталган. Биринчи турда мыкты көрсөткүчтөргө жетишкен 46 студент 2-турга тандалып алынды. Конкурстун экинчи туру 18-февралда “Ааламга жол айылдан башталат”, “Айылды санариптештирүү жана балдарды колдоо – өлкөнүн келечеги” , “Улуттун улуулугу – Эне тилинде” деген темаларда жүргүзүлдү. Конкурстун жыйынтыгы 20-февралда Бүткүл дүйнөлүк Эне тил күнүнүнө карата чыгарылып, жеңүүчүлөр аныкталды: Жеңүүчү студенттерге сертификаттарды И. Арабаев атындагы КМУнун Мамлекеттик тил жана коммуникациялар боюнча проректору Эсенкулов Нурмамат Жокенович өзү тапшырды.

    Дата:2020-03-13 15:55:24 Просмотров2698 :: Подробнее...
Top