Педагогикалык колледждин студенттери Бишкектеги М.В.Фрунзенин үй музейине барышты
![](http://arabaev.kg/add-arabaev/publicsan/img/2022-04-04_08_39_30_15eb370ebca3aeedfc0b48eb3a942ddf.jpg)
04 Апрель 2022
1-апрель күнү И.Арабаев атындагы КМУнун педагогикалык колледжинин окутуучулары Гүлшайыр Жаныбекова жана Азамат кызы Махабат ДО-11-20, ДО-12-21, ПНК-4-20 группаларынын студенттери менен Бишкек шаарындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мемориалдык М.В.Фрунзе үй-музейине экскурсияга барып келишти.
Студенттер М.В.Фрунзенин өмүр баяны, эмгектери, анын мамлекеттик ишмердүүлүгү, үй-музейдин ачылыш тарыхы, андагы экспонаттар менен жакындан таанышып, үй-музейде экскурсия жүргүзүп чыгышты.
Иш- чарынын максаты студенттерди окуудан тышкары практика жүзүндө тарыхый экспонаттар менен тааныштыруу болуп саналат.