• Биология жана химия факультетинде кошумча сабак өтүлдү

    И. Арабаев атындагы КМУнун биология жана химия факультетинин проф. М.М. Ботбаева атындагы биоартүрдүүлүк кафедрасынын ага окутуучусу А.Т. Нурманбетова “Өсүмдүктөрдүн физиологиясы” дисциплинасынан Б-1-18, Бк-11-18, Бб-13-18 тайпаларына 1-жарым жылдыкта онлайн режимде проф. М.К. Ахматов тарабынан окулган “Өсүмдүктөрдүн клеткасынын физиологиясы”, “Фотосинтез”, “Дем алуу”, “Фитогормондор” бөлүмдөрүнүн лабораториялык сабактарын студенттердин суроолору боюнча апрель айында кошумча сабактарды өттү.

    Дата:2021-05-26 14:37:57 Просмотров6586 :: Подробнее...
  • 22-Май Эл аралык БИОАРТYРДYYЛYК КYНY. Биология жана химий факультетинде даталуу күнгө арналган жыйын өттү

    2021-жылдын 22-майда саат 10.00дɵ университеттин 2-имаратынын жыйындар залында проф. М.М.Ботбаева атындагы биоартүрдүүлүк кафедрасы тарабынан уюштурулган «Эл аралык Биоартүрдүүлүк күнүнө» арналган илимий семинар болуп ɵттү. Илимий семинар онлайн жана офлайн форматта факультеттин профессордук-окутуучулар курамы, студенттер жана республиканын атайын коргоого алынган аймактарынын илимий кызматкерлеринин катышуусу менен ɵттү. Мамлекеттик коруктардын, жаратылыш парктарынын жана биоартүрдүүлүк кафедрасынын ортосунда түзүлгөн илимий келишимдердин негизинде тыгыз иш жүргүзүлүп келет. Илимий семинардын модератору биология илимдеринин доктору, профессор Ахматов М.К. илимий семинарга чакырылган коноктор жана докладчылар менен тааныштырды. Илимий семинарды факультеттин деканы, педагогика илимдеринин доктору, профессор Чоров Маматкан Жетимишович куттуктоо сөзү менен ачты.

    Дата:2021-05-24 15:07:50 Просмотров6489 :: Подробнее...
  • Биология жана химия факультетинде конок- лекция уюштурулду

    6- май күнү Биология жана химия факультетинде проф. М. М. Ботбаева атындагы биоартүрдүүлүк кафедрасы тарабынан кезектеги пландалган конок-лекция уюштурулду. Конок-лекцияны КР УИА Биология институтунун омурткалуу жаныбарлардын лабораториясынын ага илимий кызматкери, биология илимдеринин кандидаты Н. В. Тротченко «Кыргызстандын жаныбарлар дүйнɵсү» дисциплинасы боюнча «Кыргызстандын жерде-сууда жашоочулары жана сойлоп жүрүүчүлɵрү» деген темада факультеттин Бб-13-18, Бк-11-18, Б-1-18, Бб-13-17, Бр-11-17 тайпаларынын студенттерине окуду. Конок-лекцияга катышкан студенттер - Кыргызстандын жерде-сууда жашоочулары жана сойлоп жүрүүчүлɵрү жɵнүндɵ илимий маалыматтар келечекте биолог-адиси болуп, орто мектептерде мугалим, илимий мекемелерде илимий кызматкер катары иштегенде абдан баалуу материалдар боло тургандыгын белгилешти.

  • Биология жана химия факультетинде "ЗОМБУЛУККА ЖОЛ ЖОК!!!"аттуу темада ОНЛАЙН- СЕМИНАР уюштурулду.

    Онлайн-семинарды факультеттин деканы, п.и.д., проф. М.Ж. Чоров ачып, конок катары чакырылган милициянын полковниги, КР Ички иштер министрилинин жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын начальниги Адылова Нуржан Өзүбековна, бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасында болуп жаткан зомбулуктун абалы, кесепеттери, анын жоюу жолдору жөнундө маалымат берип, студенттердин суроолоруна жооп берди. Программанын алкагында Давлетова Ч.С., биология илимдеринин кандидаты, жалпы биология жана аны окутуунун технологиясы кафедрасынын профессору «Гендердик өнүгүү жана анын мааниси» аттуу темада доклад жасады. Психология кафедрасынын доценти К. Кожогелдиева“Зор-

    Дата:2021-04-29 09:39:05 Просмотров7539 :: Подробнее...
  • Бат жана так окуп таң калтырган таланттуу студентибизге ийгилик каалайлы!

    И.Арабаев атындагы КМУнун Биология жана химия факультетинин “Табигый-илимий билим берүү” багытынын “химия” профилинин 4-курсунун студенти Зарылбек кызы Элла окуудан сырткары “Плюс” тренинг борборунда “Тез окуу“ курсунда машыктыруучу болуп эмгектенүүдө. Ал окуучуларга тез окууну үйрөтөт. Каарманыбыз Элла 1 минутада 25000 сөз окуйт. Бүгүнкү күнгө чейин Элла 3000 ден ашык окуучуга тез окууну үйрөттү. Таланттуу студентибизге ийгилик каалайбыз!

    Дата:2021-04-26 11:51:45 Просмотров6060 :: Подробнее...
Top