• Биология жана химия факультетинде студенттердин кезектеги илимий ийрими уюштурулду

    2021-жылдын 29-ноябрында биология жана химия факультетинин проф.М.М.Ботбаева атындагы биоартүрдүүлүк кафедрасында б.и.к., доц.м.а. Ү.Ж.Кармышованын жетекчилиги менен “ГЕРБАРИЙ ДАЯРДООНУН ЫКМАЛАРЫ” аттуу темада студенттик илимий ийрим өткөрүлдү. Проф.М.М.Ботбаева атындагы биоартүрдүүлүк кафедрасынын илимий иш планына ылайык 520200 “БИОЛОГИЯ” багытынын 2-3-курстарынын студенттери илимий ийримди жогорку деңгээлде өткөрүштү. Илимий ийримге факультеттин профессордук окутуучулар курамы жана 1-3-курстардын студенттери катышты. Илимий ийримде студенттер гербарий жыйноо, кургатуу жана жасалгалоо эрежелерин менен катар эле окуу-талаа практикасынын максаты жана милдеттери жөнүндө кеңири маалымат беришти. Өсүмдүк органдарын традициялык эмес ыкмалар менен кургатууну демонстрация кылышты. Жыйында кургатуунун традициялык эмес ыкмалары абдан талкуу жаратты.

    Дата:2021-11-30 10:15:16 Просмотров2888 :: Подробнее...
  • Биология жана химия факультетинин проф. М.М. Ботбаева атындагы биоартүрдүүлүк кафедрасында ачык сабак болуп өттү

    2021-жылдын 29-ноябрында проф. М.М. Ботбаева атындагы биоартүрдүүлүк кафедрасынын доценти А.О. Абдыкапарова Бк-11-21 группасынын студенттерине “Ичеги көңдөйлүүлөр тиби (Coelenterata). Гидрозойлор классы (Hydrozoa)” деген темада ачык лекция өттү. Лекцияда ичеги көңдөйлүүлөр радиалдык симметрияга ээ экендиги, түзүлүшүнүн эки катмардуулугу, ичеги көңдөйдүн жана нерв системасынын, чалкан клеткаларынын болушу жана метаморфоз аркылуу өрчүй тургандыгы менен мүнөздөлө тургандыгы тууралуу билимдер берилди. Лекциянын башында максаты, милдеттери жана бул сабактын алкагында студенттердин кандай компетенцияларын калыптандырууга боло тургандыгы айтылып, кайтарым байланышты өнүктүрүүгө багытталган “Билем”, “Билгим келет”, “Билдим” интерактивдүү ыкмасы колдонулду. Лекция теориялык жана көрсөтмөлүүлүк материалдарга бай болду (таблицалар, презентация-слайд) жана берилген материал видео менен жыйынтыкталды.

    Дата:2021-11-30 10:02:08 Просмотров3042 :: Подробнее...
  • Университетте “И.Арабаевдин өмүрү жана чыгармачылыгы” аталышындагы куратордук саат өтүлдү

    Жалпы биология жана аны окутуунун технологиясы кафедрасынын куратору, ага окутуучу Н.О.Казакова 2-курстун студенттери үчүн (группа Б-1-20, бб-13-20 жана Бк-11-20) “И.Арабаевдин өмүрү жана чыгармачылыгы” , - деген темада куратордук-тарбиялык саат өттү. Бул сабакта негизги тема менен катар студенттердин тарбиясы жөнүндө дагы талкуу болду.

    Дата:2021-11-17 15:34:02 Просмотров3269 :: Подробнее...
  • Биология жана химия факультетинин студенттери практикаларын улантышууда

    Жалпы биология жана аны окутуунун технологиясы кафедрасында “Биология” багыты боюнча билим алып жаткан 4-курстун студенттери “Биохимия” адистиги боюнча адистешкен-профилдик практика өтүшүүдө. Кафедранын материалдык-техникалык базасы чыӊдалып жарым автоматтык биохимиялык анализатор ушул окуу жылында алынган. Студенттер клиникалык лабораторияларда алып бара турган биохимиялык анализдердин жыйынтыгын алуунун жүрүшүн үйрөнүшүүдө. Бул практиканы проф.м.а. Бейшеналиева С.Т., доц. Усенгазиева Г.С. жана ага окутуучу Н.Д.Ниязова алып барууда.

    Дата:2021-11-17 15:26:57 Просмотров2973 :: Подробнее...
  • Биология жана химия факультетинин окутуучулары Бишкекте жана Ошто тренингдерди өтүштү

    Учурда Жалпы биология жана аны окутуунун технологиялары кафедрасында кафедранын 2 мүчөсү, б.и.к., проф.м.а. Г.А.Шаршеналиева жана б.и.к., проф.м.а. С.Т.Бейшеналиева “ДНК-маркердин жардамы менен Кыргызстанда өстүрүлгөн ири мүйздүү малдардын породаларынын генетикалык ар түрдүүлүгүн изилдөө”,- деген илимий долбоордун үстүндө аткаруучу катары иштеп жатышат. (каржылайт: Билим берүү жана илим министрлиги).

    Дата:2021-11-17 15:18:58 Просмотров3083 :: Подробнее...
Top