• Жалпы биология жана аны окутуунун технологиясы кафедрасынын окутуучулары ЖОЖдор аралык талкууга катышышты

    Кыргыз-Түрк – Манас университетинин табыгый илимдер факультетинин “Биология” бөлүмү тарабынан республикалык деңгээлде “ЖОЖдордун арасында биологияны жана биотехнологияны окутууда келип чыккан көйгөйлөр жана аларды чечүү боюнча сунуштар" - темасындагы улуттук панель уюштурулуп, 520 200 Биология багыты жана Биотехнология багыты боюнча бакалаврларды, магистранттарды даярдоодо билим берүүнүн негизги программаларынын түзүлүшү жана мазмуну, мамлекеттик стандарттар боюнча талкуу болду. Бул улуттук панелге республикабыздын ар башка аймактарынын жогорку окуу жайлары катышты, алар Ош мамлекеттик университети, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети жана И.Арабаев атындагы КМУнин жалпы биология жана аны окутуунун технологиясы кафедрасы дагы катышты.

    Дата:2021-12-27 11:30:41 Просмотров4322 :: Подробнее...
  • Жалпы биология жана аны окутуунун технологиясы кафедрасы студенттердин өз алдынча иштеринин көргөзмө-конференциясын өткөздү

    Жалпы биология жана аны окутуунун технологиялары кафедрасынын башчысы, биология илимдеринин кандидаты Г.А.Шаршеналиеванын уюштуруусу менен “Студенттердин өз алдынча иштеринин көргөзмө-конференциясы” өттү. Ага И.Арабаев атындагы КМУнун окуу башкармалыгынын башчысы, тарых илимдеринин кандидаты, доцент Равшан Акимович Зайниев; Биология жана химия факультетинин деканы, педагогика илимдеринин доктору, профессор Маматкан Жетимишович Чоров

    Дата:2021-12-27 11:15:48 Просмотров4311 :: Подробнее...
  • Билим берүү жана илим министрлиги илимий долбоорлордун жыйынтык отчетторун талкуулады

    Биология жана химия факультетинин деканы, п.и.д., проф. М.Ж.Чоров, жалпы биология жана окутуунун технологиялары кафедрасынын башчысы, б.и.к., проф.м.а. Г.А.Шаршеналиева жана б.и.к., проф.м.а.Бейшеналиевалар Билим берүү жана илим министрлигинин 26.11.21-жылдын №2044/1 Буйругунун негизинде илимдин приоритеттик багыттары боюнча эксперттик комиссиясынын мүчөсү катары илимий изилдөө долбоорлорунун жылдык отчетторун алууга катышты. Жалпы 66 илимий долбоор талкууланды.

    Дата:2021-12-27 11:05:22 Просмотров3896 :: Подробнее...
  • Проф. М.М. Ботбаева атындагы биоартүрдүүлүк кафедрасында «Гирудотерапия жөнүндө эмне билебиз?» студенттердин илимий ийрими өткөрүлдү

    2021-жылдын 16-декабрында биология жана химия факультетинин проф. М.М. Ботбаева атындагы биоартүрдүүлүк кафедрасында доцент А.О. Абдыкапарованын жетекчилиги менен «Гирудотерапия жөнүндө эмне билебиз?» аттуу темада студенттердин илимий ийрими өткөрүлдү. Кружок Б-1-20, Бб-13-20 группаларынын студенттеринин катышуусунда даярдалган жана ага факультеттин окутуучулары, 1-3-курстун студенттери катышышты. Ийримде гирудотерапия деген эмне, ал кайсы мезгилден бери жана кандай ооруларга каршы колдонулуп жаткандыгы тууралуу кеӊири маалыматтар студенттер тарабынан (зоолог адиси, гирудотерапевттер, косметологдор) даярдалган кыскача видео, презентация түрүндө берилди.

    Дата:2021-12-21 15:48:12 Просмотров3959 :: Подробнее...
  • Биология жана химия факультетинде “Сени тааныгандар жашап жатканда сен тирүүсүн!” сахналаштырылган кече болуп өттү

    Ч. Айтматовдун жаркын элесине арналган сахналаштырылган кечеде ар бир тайпа жазуучунун “Ак кеме”, “Биринчи мугалим”, “Кылым карытар бир күн”, “Делбирим”, “Жамиля” аттуу чыгармаларынан театрлаштырылган инсценировкада өз өнөрлөрүн көрсөтүштү. Факультеттин чет өлкөлүк студенттери кыргыз жазуучунун өмүр баянын, чыгармаларын жакшы билгендиктери конкурстагы суроолордун жоопторунда жана чыгармаларын аткарууда көрүнүп турду. Жеңүүчүлөр факультеттин грамотасы жана белектер менен сыйланышты. Мындан сырткары кечеде студенттердин Ч. Айтматовго арналган ырлары окулду, дубал газеталары көрсөтүлдү жана ар кандай логикалык оюндар ойнолуп иш-чара кызыктуу өттү.

    Дата:2021-12-16 10:55:53 Просмотров2808 :: Подробнее...
Top