• КАФЕДРАДА ОКУУ ИШТЕРИ ЖОГОРКУ ДЕНГЭЭЛДЕ УЮШТУРУЛУП ЖАТАТ

    Проф. М.М. Ботбаева атындагы биоартүрдүүлүк кафедрасынын окуу-методикалык комиссиясынын планына ылайык 2021-жылдын 14-апрелинде кезектеги окутуучулардын сабакка өз ара катышуусу өткөрүлдү. Бул жолу кафедранын доценти, педагогика илимдеринин кандидаты А.О. Абдыкапарова тарабынан Б-1-20 группасынын студенттерине “Алты буттуулар (Hexapoda) чоӊ классы” деген темада лекция уюштурулду. Лекцияда алты буттууларга жалпы морфологиялык мүнөздөмө, алардын денесинин бөлүктөрүнүн түзүлүшү, баш, көкүрөк жана курсак бөлүктөрүндө жайгашкан органдары, кызматы тууралуу кеӊири маалыматтар берилди.

    Дата:2021-04-26 11:11:47 Просмотров6319 :: Подробнее...
  • Биология жана химия факультетинин студенттери китеп күнүнө арналган иш- чарага катышты

    23-апрель күнү Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепкананын Ч. Айтматов атындагы жыйын залында бүткүл дүйнөлүк китеп күнүнө арналган “Китеп-адамзаттын рух азыгы” аталышындагы иш- чара болуп өттү. Аталган иш- чарага Биология жана химия факультетинин 1-курсунун студенттери барып катышып келишти. Студенттерди 1- курстун куратору, химия жана аны окутуунун технологиясы кафедрасынын ага окутуучусу Г. Сатывалдиева жетектеп барды.

  • Биология жана химия факультетинде студенттерге арналган кесипке багыт берʏʏ боюнча илимий иш чара өттү

    Биология жана химия факультетинин биология жана аны окутуунун технологиялары кафедрасында «Табигый илимий билим берʏʏ» багыты боюнча 3-курстун студенттерине кесипке багыт берʏʏ максатында онлайн форматта иш-чара болуп ɵттʏ. Ага жалпы биология жана аны окутуунун технологиялары кафедрасынын методисттери, студенттер жана Бишкек шаарындагы К.Бобулов атындагы №88 мектептин 10-11 классынын окуучулары катышышты. Иш-чарада 3-курстун студенттери биология жана химия факультетинин кесипке даярдоо мʏмкʏнчʏлʏктɵрʏ, студенттер ʏчʏн тʏзʏлгɵн шарттар жɵнʏндɵ кызыктуу презентацияларды даярдап, окуучуларга маалымат беришти.

  • БИОЛОГИЯ ЖАНА ХИМИЯ ФАКУЛЬТЕТИНИН ПРОФ. М.М БОТБАЕВА АТЫНДАГЫ БИОАРТYРДYYЛYК КАФЕДРАСЫНДА КЕЗЕКТЕГИ АЧЫК САБАК ƟТYЛДY

    2021-жылдын 1-апрелинде биология жана химия факультетинин проф. М.М. Ботбаева атындагы биоартүрдүүлүк кафедрасынын ага окутуучусу А.Т. Нурманбетова “Дендрология” дисциплинасынан 3-курстун Бб-13-18, Бк-11-18 тайпаларына “Жыгач өсүмдүктөрүнүн оорулары жана зыянкечтери” аттуу темада офлайн режиминде ачык сабак (лекция) өттү. Сабакка факультеттин профессордук-окутуучулар курамы: кафедра башчысы доц., б.и.к. С.К. Кендирбаева, ОМК төрайымы, доц., п.и.к. А.О. Абдыкапарова, доц.м.а., п.и.к. У.Ч. Сапарбаева, жалпы биология жана аны окутуу технологиясы кафедрасынын доц., п.и.к. М.Т. Кырбашова, химия жана аны окутуунун технологиясы кафедрасынын доц., х.и.к. Б.Ш. Жакышова, доц., х.и.к. Г.К. Насирдинова, ага окутуучу Г.Э. Сатывалдиева катышышты. Ачык сабак жогорку денгээлде, маалыматтык технологиялардын заманбап каражаттары менен жабдылып, лектор өзгөчө чыгармачылык менен өттү.

  • Биология жана химия факультетинде ачык лекция өтүлдү

    И.Арабаев атындагы КМУнун биология жана химия факультетинин жалпы биология жана аны окутуунун технологиясы кафедрасынын доценти б.и.к. С.О.Акунова Педагогика факультетинин жана Мамлекеттик тилдер жана маданият институтунун ПБ-11-19, КАб-11-19,КМ-11-19 тайпаларына «Курак анатомиясы, физиологиясы жана гигиенасы» дисциплинасы боюнча «Тамак синирүү системасынын курак ѳзгѳчѳлүгү жана гигиенасы» деген темада онлайн - ачык сабак (лекция) ѳттү. Ачык сабакка: кафедранын окуу-методикалык комиссиянын төрайымы б.и.к. проф. БейшеналиеваС.Т., окутуучу п.и.к., доцент КырбашеваМ.Т, ага окутуучулар- АндакуловаЖ.А., Ниязова Н.Д. ж.б. катышышты.

    Дата:2021-04-02 14:37:02 Просмотров9828 :: Подробнее...
Top