• Адылбек Молдошев көз каранды эмес мамлекеттердин Шериктештигинин Жылдыздары сыйлыгынын лауреаты болду

    И.Арабаев атындагы КМУнун Биология жана химия факультетинин химия жана аны окутуунун технологиясы кафедрасынын профессору Адылбек Молдошев КМШ мамлекеттеринин Жылдыздары сыйлыгынын лауреаты болушу менен куттуктайбыз. Сизге бекем ден соолук жана албан- албан ийгиликтерди каалайбыз!

  • Биология жана химия факультетинин окутуучусу Педагогикалык колледждин студенттерине лекция окуду

    Биология жана химия факультетинин жалпы биология жана аны окутууну технологиясы кафедрасынын окутуучусу, профессордун милдетин аткаруучу, биология илимдеринин кандидаты Бейшеналиева С.Т. И.Арабаев атындагы КМУнун Педагогикалык колледжине "Жалпы билим берүүчү дисциплиналар" секциясына конок-лектор катары чакырылды. Ал “Вирустук гепатит – этиологиясы жана диагностикасы” деген темада Zoom платформасы менен он-лайн лекция окуду. Катышкандар: Педагогикалык колледждин директору М.Ж. Толоев, директордун орун басарлары Т.К. Калыкова, А.Ж. Молдолиева, окутуучу Азамат кызы Махабат жана 11 класстын базасындагы 1-курстун жана 9 -класстын базасындагы 2-курстун студенттери болушту. Ошондой эле "Курак анатомиясы, физиологиясы жана гигиенасы" дисциплинасы боюнча да лекция окулду.

  • Биоартүрдүүлүк кафедрасы Россиянын Табигый-илимдер Академиясынын «Ата-Мекендик илимдин АЛТЫН ФОНДУ» уюштурган иш чарада жеңишке жетишти

    Биология жана химия факультетинин профессор М.М. Ботбаева атындагы биоартүрдүүлүк кафедрасы Россиянын Табигый-илимдер Академиясынын «Ата-Мекендик илимдин АЛТЫН ФОНДУ» уюштурган иш чарада биринчи орунду алып, «Золотая кафедра» номинациясынын диплому, тɵш белгиси менен сыйланышты. Аталган сыйлыкка кафедранын коллективи илим жаатында ишке ашырган жаңылыктары, окуу-методикалык куралдары жана студенттерге талыкпай билим берүүдɵгү лектордук чеберчиликтери ж.б. алгылыктуу иштеринин натыйжасында сыйланышты. Кафедранын бул жетишкендиги кафедра башчысы, б.и.к., доцент С.К. Кендирбаева, п.и.д., профессор М.Ж. Чоров, б.и.д., профессор М.К. Ахматов, доцент Б.С. Абдрахманова, б.и.к., доцент Г.Дж. Сазыкулова, б.и.к, доц.м.а. У.Ж. Кармышова, п.и.к., доцент Г.С. Усенгазиева, п.и.к., доцент А.О. Абдыкапарова, п.и.к., доц.м.а. У.Ч. Сапарбаева, ага окутуучу Р. Акжолтоева, ага окутуучу А.Т. Нурманбетова жана окутуучу М.Т. Турсуналиевалардын талыкпай иштеген иштеринин үзүрү деп билебиз. Yзүрлүү, талыкпаган, адал эмгегиңиздердин акыбети кайтып, жигердүү чыгармачылыкта билимиңиздерди студенттерге берип, акылмандуулуктун кенчи, тарбия-таалимдин булагы болуп, аман жүрүңүздөр!

  • Биология жана химия факультетинде ак калпак күнүнө арналган иш чара өттү

    5-мартта И.Арабаев атындагы КМУнун биология жана химия факультетиндеги проф. М.М.Ботбаева атындагы биоартүрдүүлүк кафедрасынын доц. м.а. Сапарбаева Уулай Чымыровна куратордук кылган Бб-13-19; Бк-11-19 жана Б-1-19 группаларынын студенттеринин катышуусунда бүгүнкү Калпак күнүнө арналган “Ала-Тоомду элестеткен Ак калпагым” аттуу ачык куратордук саат өттү. Куратордук сабакка аталган кафедранын окутуучулары доц. м.а. Кармышова Ү.Ж., доц. Абдыкапарова А.О., ага окутуучу Нурманбетова А.Т. жана химия кафедрасынын ага окутуучусу Сатывалдиева Г. Э. катышышты. Студенттер Ак калпак күнүнө арналган слайддарды, өздөрү жазган ырларды, эсселерди окуп беришти. Калпактын пайда болуу тарых-таржымалы айтылып, анын жасоо ыкмаларына да токтолушту.

  • Мугалим менен студенттердин баарлашуусу

    Биология жана химия факультетинин проф. М.М. Ботбаева атындагы биоартүрдүүлүк кафедрасынын ага окутуучусу Р. Акжолтоева студенттерге “И.Арабаев – көрүнүктүү агартуучу” аттуу темада кураторлук саат өттү. Иш чара абдан кызыктуу өттү. Мугалим студенттерге И. Арабаевдин өмүр баяны, агартуучулук иштери тууралуу кеңири айтып берди.

Top