• Видео-ролик Биология жана химия факультети

    Видео-ролик Биология жана химия факультети

  • Жалпы биология жана аны окутуунун технологиялары кафедрасы онлайн жыйын өткөрдү

    Жалпы биология жана аны окутуунун технологиялары кафедрасынын май айына пландаштырылган кеңешинде 2019-2020-окуу жылынын аралыктан окутуудагы олуттуу маселелеринин дагы бири талкууланды. Алар: Кесиптик - базалык педпрактиканын өтүшү жана жыйынтыгы (сапаты) жөнүндө. 2019-2020-окуу жылындагы “Биология” багытында билим алган студенттердин “Экология” боюнча (6-семестр) жайкы окуу-талаа практикасына даярдык, анын жүрүшү жөнүндө. Квалификациясын жогорлатуу иш чараларга мугалимдердин катышуусу жөнүндө.

  • Биология жана химия факультетинде АБИТУРИЕНТ-2020 «Ачык эшиктер» күнү уюштурулду

    21-майда саат 10:00 дө Биология жана химия факультетинде «Абитуриент-2020» алкагында «Ачык эшиктер» күнү Онлайн режиминде ZOOM платформасы аркылуу уюштурулду. Иш чараны факультеттин деканы п.и.д., профессор М.Ж.Чоров ачып, факультеттин жетимиш жылдык тарыхындагы “Табигый-илимий билим берүү”, “Биология” жана “Химия” багытындагы адистерди даярдоодогу тарыхына, факультеттеги буга чейинки жетишкендиктерге, азыркы учурдагы абалга токтолуп, басым факультетте табигый илимдерге жасалаарын айтты. Буга чейинки болуп өткөн аккредитациянын жыйынтыгы көрсөткөндөй, факультетти аяктаган бүтүрүүчүлөр баары болбосо да, дээрлик көпчүлүгү иш менен камсыз болуп жатканын кошумчалады.

  • БИОЛОГИЯ ЖАНА ХИМИЯ ФАКУЛЬТЕТИНИН ОКУМУШТУУЛАР КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ №8ONLANE ОТУРУМУ 21.05.2020 ӨТКӨРҮЛДҮ

    Окумуштуулар кеңешинин отурумуна курамы толугу менен катышышты, каралуучу маселелерге жооптуулар презентация менен билдирүү жасашты. Отурумдун күн тартибиндеги маселелерден тышкары, ар түрдүү маселелерде жалпы биология кафедрасынын доценттин м.а., п.и.к. Кырбашева М.Т. – Кыргыз республикасынын билим берүү отличнигине көрсөтүлдү жана 2 монография 3 методикалык колдонмо чыгарууга сунушталды. Окумуштуулар Кеңешинин төрагасы Мамат Жетимишевич окумуштуулар кеңешинин мүчөлөрүнө терең ыраазычылык билдирүү менен отурумду жыйынтыктады.

    Дата:2020-05-22 11:10:45 Просмотров9812 :: Подробнее...
  • Биология жана химия факультетинин профессору М.М.Ботбаева атындагы биоартүрдүүлүк кафедрасынын бүтүрүүчүлɵрүнүн (бакалавр, магистр) квалификациялык иштерин алдын ала коргоосу ийгиликтүү ɵттү

    Бб-13-16 тайпасынын студенттери: Болотбек к. К., Топиболдиева У., Айтбаева Д., Бр-11-15 тайпасынан Б.Джанышева, К.Жаанбаева жана Г.Мамедовалар аткарган дипломдук иштеринин максатын, милдеттерин, аткарылган иштерин жана сунуштарын презентация менен кɵргɵзүшүп жана проект-сунуштарын кɵрсɵтɵ алышты. Дипломдук иштерди алдын ала коргоо жобосуна ылайык квалификациялык иштердин аткарылышы коюлган талаптарга толугу менен жооп берет жана МА квалификациялык иштери сунушталды. Бүтүрүүчү бакалавр-студенттеринин ичине ɵзгɵчɵ белгилеп кетүүчү дипломдук иш Д.Айтбаеванын «Биоартүрдүүлүк кафедрасынын окуу-тажрыйба аянтчасын ландшафттык проектирлɵɵ» аттуу темадагы иши жогорку денгээлде аткарылып, ланшафттык проектирлɵɵнүн 3D-проектиси кафедрага сунушталды.

    Дата:2020-05-20 16:37:25 Просмотров7743 :: Подробнее...
Top