Биология жана химия факультети улуттар аралык достукту бекемдөөгө арналган фестиваль өткөрдү
18-февралда Биология жана химия факультетинде тайпалар арасында 1-2-курстардын студенттери даярдаган “Сколько языков ты знаешь – столько раз ты человек” аттуу эл аралык тилдер күнүнө арналган фестиваль болуп өттү. Фестивалга Кыргызстан, Россия, Өзбекстан, Казахстан, Азербайджан, Грузия, Туркменстан жана Таджикистан мамлекеттеринин улуттук кадаа-салттарын, мамлекеттүүлүгүнүн тарыхын, ырларын, бийлерин, дубал газеталарын жана улуттук тамак-аштарынын көргөзмө конкурсун көрсөтүштү.
Биология жана химия факультетинде студенттердин илимий изилдөөлөрүнө арналган конференция өттү
Биология жана химия факультетинин “Жалпы биология жана аны окутуунун технологиясы” кафедрасынын илимий темаларынын бири болгон педагогикалык багыттагы - “Биололгиялык дициплиналардын мазмунун жана формасын жакшыртуу” илимий изилдөө иштеринин алкагында студенттердин илимий изилдөө иштеринин жыйынтын чагылдырган кружоктун жыйынтыктоочу конференциясы үстүбүздөгү жылдын 18-февралында болуп өттү.
Дүйнөнүн төрт жолку чемпиону Каныбек Осмоналиев менен болгон жолугушуу абдан кызыктуу өттү
2020-жылдын 5-февралында И.Арабаев атындагы КМУнун Биология жана химия факультетинин окутуучулары, аспиранттары, магистранттары жана студенттери ССРдин спортуна эмгек сиңирген ишмер, оор атлетика боюнча СССРдин, Европанын эки жолку, дүйнөнүн төрт жолку, 1980-жылкы олимпиаданын чемпиону, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, машыктыруучу, “Эмгек кызыл туу” орденинин, Даңк медалынын, 1-даражадагы Манас орденинин ээси Осмоналиев Каныбек Осмоналиевич менен жолугушушту
И. Арабаев атындагы КМУда химия сабагы боюнча эл аралык олимпиада өтөөрү пландалууда
И. Арабаев атындагы КМУнун ректору, профессор Абдырахманов Төлөбек Абылович М. В. Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин окуу жана тарбия иштери боюнча директорунун орун басары Гладилин Александр Кириллович менен жолукту. Жолугушууда эки университеттин ортосундагы илимий кызматташтыкты артыруу, ошондой эле быйыл 2020- жылы И. Арабаев атындагы КМУда химия сабагы боюнча студент, магистранттар арасында эл аралык олимпиада өткөрүүнү пландашты.
И.Арабаев атындагы КМУнун биология жана химия факультетинин 1-курстарынын студенттеринин арасында “Брейн-Ринг” интеллектуалдык оюн уюштурулуп өттү. Оюнга Бб-13-19; Хб-13-19; Бк-11-19; Б-1-19 жана Хк-11-19 тайпаларынын 5 командасы катышышты “Брейн-Ринг” оюнунун программасы 4 раунддан түзүлгөн