• Онлайн сабактарга өз ара катышуу, сабактын сапатын жогорулатууга болгон чоң кадам

    2020-жылдын 25-апрелинде саат 14:00 дө Биология жана химия факультетинин проф. М.М. Ботбаева атындагы биоартүрдүүлүк кафедрасынын доц.м.а., б.и.к. Кармышова Үмүт Жолдошевнанын “Жалпы ботаника” дисциплинасынан Б-1-19 тайпасына Zoomплатформасында Оn line режимде өткөн “Уруктун түзүлүшү жана өнүп өсүшү” аталыштагы лабораториялык сабагына кафедра мүчөлөрү өз ара катышышты. Бул өз ара катышуу сабагы кафедранын окуу-методикалык комиссиясынын планына ылайык өтүлдү. Онлайн сабакка кафедранын мүчөлөрү активдүү катышышып, өз ой-пикирлерин айтышты. Онлайн-практикалык сабактын жүрүшүндө окутуучу студенттердин лекцияда алган билимдерин суроо-жооп иретинде текшерүү менен өсүмдүктөрдүн уруктары боюнча даярдалган коллекцияны, алдын ала өндүрүлгөн уруктарды, көрсөтмөлүүлүк менен даярдалган слайдды колдонуп, билимдерин бекемдеди

  • Кафедрада тажрыйба алмашуу үчүн уюштурулган онлайн ачык лекция

    2020-жылдын 15-апрелинде саат 16:00 дө Биология жана химия факультетинин проф. М.М. Ботбаева атындагы биоартүрдүүлүк кафедрасынын ага окутуучусу Райхан Акжолтоеванын ботаника дисциплинасынан Бб-13-19, Бк-11-19 тайпаларына Zoomплатформасын колдонуп Оn line режимде жогорку методикалык чеберчиликте, инновациялык усулдарды колдонуу менен “Урук: түзүлүшү, кызматы” аталыштагы ачык лекциялык сабагына кафедра мүчөлөрү катышышты. Ачык лекция кафедранын окутуучуларынын окуу-методикалык комиссиясынын 2-жарым жылдыкка пландаштырылган ачык сабактарынын планы менен өтүлдү.

    Дата:2020-04-29 15:00:08 Просмотров6432 :: Подробнее...
  • Студенттер куратору менен бирге "челендж" даярдашты

    И.Арабаев атындагы КМУнун Биология жана химия факультетинин деканы п.и.д., проф. М.Ж.Чоровдун жана “Жалпы биология жана аны окутуунун технологиясы” кафедрасынын кафедра башчысы б.и.к. проф.м.а. Шаршеналиева Гүлнара Алтымышовнанын демилгеси менен кафедрада кураторлук саат уюштурулду. Куратордук сааттын уюштуруучусу,окутуучу Боогачиева Айжан Качкынбековна карантин учурунда ар бир студенттин окуу иштери менен катар эле,тарбиялык иштерди да уюштурууда. Куратордук сааттын жыйынтыгында Бб-13-18 тайпасынын студенттери жана куротору элебизге жерибизге жана жалпы эле университетибиздин окутуучулар жамаатына жана студенттерине мекенибизге тынчтык, ден соолук каалоо менен биргеликте чакан члендж даярдашкан.

    Дата:2020-04-24 12:08:23 Просмотров8720 :: Подробнее...
  • М.М. Ботбаева атындагы биоартүрдүүлүк кафедрасынын кезектеги отуруму болуп өттү

    2020-жылдын 17-апрелинде саат 1400 дө И. Арабаев атындагы КМУнун биология жана химия факультетинин проф. М.М. Ботбаева атындагы биоартүрдүүлүк кафедрасынын кезектеги №8 отуруму кафедра башчысы, б.и.к., доцент С.К. Кендирбаеванын уюштуруусу менен on line режиминде болуп өттү. Оn line oтурумга кафедранын бардык мүчөлөрү катышышып, күн тартибинде каралган маселелерди талкуулашты. Алсак, карантин учурунда күндүзгү бөлүмдө окуган студенттерге жана магистранттарга дистанттык түрдө өтүлүп жаткан сабактардын жүрүшү, студенттер менен магистранттардын катышуусу, жетишүүсү, өз алдынча иштерди жана модулдарды убагынан кечиктирбей тапшыруусу, окуу акысын төлөөсү, сабак өтүүнүн сапаты, жаралган көйгөйлөр боюнча профессордук-окутуучулар курамы кеңири билдирүү жасашты.

    Дата:2020-04-24 11:26:42 Просмотров6494 :: Подробнее...
  • Студенттер “Викиум” аттуу интеллектуалдык оюн ойлоп табышты

    И. Арабаев атындагы КМУнун Биология жана химия факультетинин студенттери билимин, жеке ой-толгоолорун өнүктүрүү аракетинде, ошондой эле, бири- бири менен болгон достук мамилелерин бекемдөө максатында жана убакытты туура пайдалануу үчүн факультететтин студенттик парламентинин башчысы Женишбек уулу Азатбек менен Маматбакы кызы Таттыгүл “Викиум” аталышындагы телефон аркылуу ойногон интеллектуалдык онлайн оюн уюштурушту. Аталган оюн ой жүгүртүүнү өнүктүрө турчу ар кандай логикалык суроолор менен коштолгон. Ага факультеттин студенттеринин теңинен көбү катышып жатышат...

Top