• Биофактын студенти тренингде биринчи орунду алды

    Биология жана химия факультетинин проф. М.М. Ботбаева атындагы биоартүрдүүлүк кафедрасынын ага окутуучусу А.Т. Нурманбетова кураторлук кылган группанын 4-курсунун студенти Асанова Гулзада (Бр-11-17) “Ийгилик академиясы” уюштурган "Жаңы жашоо" аталышындагы тренингке катышты. Жыйынтыгында алдыңкы орунга ээ болуп, тренингди бүткөндүгү тууралуу күбөлүк алып, мындан кийин тренингди акысыз окумай болду. Аталган тренинг 21 күнгө созулду.

  • Биофакта ачык сабак уюштурулган

    Буга чейин Биология жана химия факультетинин профессору М.М. Ботбаева атындагы биоартүрдүүлүк кафедрасынын окутуучусу, п.и.к., доц. м.а. Сапарбаева Уулай Чымыровнанын жетекчилиги астында Zoom платформасы аркылуу онлайн режиминде Бб-13-19, Бк-11-19 жана Б-1-19 группаларынын студенттерине “Кыргызстандын экологиялык абалы” аттуу темада куратордук ачык сабак өткөрүлгөн. Ал ачык сабакка кафедра мүчөлөрү толугу менен катышышкан болчу. Студенттер аталган тема боюнча актуалдуу деп саналган көйгөйлөр боюнча докладдарын окуп, көпчүлүгү эл көйгөйүнө айланган, Бишкек шаарын капганан кара түтүн, таштандылар боюнча доклад жасашып, атайын даярдаган слайддардын көрсөтүшкөн.

  • Биология жана химия факультетинин жалпы биология жана аны окутуунун технологиялары кафедрасы Эл аралык илимий-практикалык конференция уюштурду

    2020-жылдын 8-декабрында "Табигый илимдердин заманбап көйгөйлөрү жана биология менен химияны окутуунун технологиялары”аттуу онлайн Эл аралык илимий-практикалык конференция өттү. Жыйынга Абай атындагы Казах улуттук педагогикалык университетинин өкүлү п.и.д., профессор Ж.М.Чильдибаев, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин биология бөлүмүнүн башчысы, б.и.д., профессор Г.Т.Курманбекова, Ош мамлекеттик университетинин Зоология жана экология кафедрасынын башчысы, б.и.к., доцент А.М. Абдыкааров, К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин жаныбарлардын ички илдеттери кафедрасынын башчысы, в.и.д., профессор М.Д.Ногойбаев, Талас мамлекеттик университетинин табигый илимдер кафедрасынын башчысы, б.и.к., доцент З.М.Ташибекова ж.б. окумуштуулар, аспиранттар, магистранттар катышышты.

  • Биология жана химия факультетинде 4-курстун профилдик – кесиптик педагогикалык практикасын жыйынтыктаган педагогикалык конференциясы өттү

    И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик университетинин Биология жана химия факультетинде 4-курстардын кесиптик-профилдик практикасы боюнча онлайн жыйынтыктоочу конференциясы болуп ɵттʏ. Ага Биология жана химия факультетинин деканы, профессор М.Ж.Чоров, декандын орун басары, доцент Усенгазиева Г.С., жалпы биология жана аны окутуунун технологиялары кафедрасынын башчысы, профессордун милдетин аткаруучу Г.А.Шаршеналиева, методисттер жана факультеттин профессордук-окутуучулар жамааты катышышты.

  • Университетте студенттер үчүн факультеттер аралык интеллектуалдык оюн уюштурулду

    Кыргыз мамелекеттик университетинин студенттери үчүн факультеттер аралык интеллектуалдык оюну 2020-жылдын 21-ноябрында «Билим деген түгөнбөгөн жол тура, “Билгенимден билбегеним көп тура» аттуу университеттин Билим министри Шайлообекова Айзада тарабынан уюштурулган факультет аралык интеллектуалдык оюнда биология жана химия факультетинин "Вундеркинддер" командасы 1-орунга ээ болушту. Оюндун шарты боюнча ар бир факультеттен 4 оюнчудан турган бир команда чыкты. Оюн 3 тур менен өттү. 1-тур WhatsApp; 2-тур Jitsi Meet; 3-тур Telegram аркылуу болду. 1-раундда WhatsApp аркылуу логикалык 15 суроо берилип 6 упайга ээ болушту.

Top