• Ага окутуучу Н.Д.Ниязова пландалган сабагын кызыктуу өттү

    2019-2020-жылдын 2-жарым жылдыгында ага окутуучу Н.Д.Ниязовага өз ара сабак өтүү иши тапшырылган. Анын алкагында ага окутуучу пландалган сабагын абдан кызыктуу кылып өттү. Тактап айтканда, Online режиминде Zoom платформасынын жардамы менен «Молекулалык биологиянын негиздери» предмети боюнча Бб-13-16 тайпасынын студенттерине «Дезоксирибонуклеин кислотасынын (ДНК) биосинтези» деген темада сабагын уюштурду. Аталган лабаратордук сабакта окутуунун баардык структурасы камтылып, маалыматтык слайддар, интерактивдик ыкмалар колдонулуп, страгияны көрсөткөн “Эки беттүү күндөлүк”, “Рефлекция”, “Баалоо критерийи” көргөзүлдү. Башкача айтканда сабак абдан илимий проблемалуу болду.

  • Биология илимдеринин кандидаты А.К. Боогачиеванын ачык сабагы студенттердин кызыгуусун жаратты

    Кафедранын доценти, б.и.к. С.О.Акуновага өз ара сабакка катышуу пландалган. Акунова С.О. “Курак анатомиясы, физиологиясы жана гигиенасы” дисциплинасы боюнча 1-курстун Бб-13-19 тайпасынын студенттерине “Жүрөк-кан тамырлар системасынын курак өзгөчөлүктөрү жана гигиенасы” деген темада он-лайн семинардык сабакты Zoom программасы менен өткөрдү. Сабакка катышкандар: п.и.к., доц.м.а. М.Т.Кырбашова жана б.и.к., проф.м.а. С.Т. Бейшеналиева. Сабактын структурасы толугу менен сакталды. Семинардык он-лайн сабак тема боюнча презентация менен коштолду, “Мээге чабуул”, “Видео-конференция” интерактивдик стратегиялар колдонулуп өтүлдү. Башка дисциплиналар жана студенттер менен байланыш тыгыз болду. Сабак талкууланып, анализденип эң жогорку деңгээлде өткөндүгү, студенттердин профессионалдык компетенцияларга ээ болуусуна шарт түзөөрү жана максатына жеткендиги белгиленди (Токтом №7, 8-май 2020 жыл).

  • ЖАЛПЫ БИОЛОГИЯ ЖАНА АНЫ ОКУТУУНУН ТЕХНОЛОГИЯСЫ КАФЕДРАСЫНЫН ОКУУ-УСУЛДУК КОМИССИЯСЫНЫН АРАЛЫКТАН ОКУТУУ МЕЗГИЛИНДЕГИ ИШТЕРИ БОЮНЧА ОТЧЕТУ

    Кафедранын профессордук-окутуучулар курамы окуу-усулдук иштерин жыл башында жеке планында кандай пландаса ошол багытта эле улантууда. Онлайн шартында дарстык жана практикалык, семинардык сабак өткөрүү үчүн дарстын, практикалык жана семинардык сабактардын материалдары кайрадан түзүлүп даярдалды. Практикалык сабактарды үй шартында өткөрүүнүн шарттары аныкталып, иштин жүрүшү даярдалып студенттерге сунушталды. Мисалы, слайддар, презентациялар, графикалык тесттер, тесттик тапшырмалар микропрапараттардын электрондук сүрɵттɵрү ж.б.

  • Учурдун талабына ылайык жаңы технологияларды пайдалануу менен сабак өтүү кесипкөй, ак ниеттүү педагогдордун колунда

    2020-жылдын 30-апрелинде саат 1000 до проф М.М. Ботбаева атындагы биоартүрдүүлүк кафедрасынын доценти, п.и.к. Абдыкапарова Айгуль Осмонкуловна «Омурткасыздардын зоологиясы» дисциплинасы боюнча Бб-13-19 тайпасына Zoomплатформасында Onlineрежиминде «Курсак буттуулардын түзүлүшүнүн өзгөчөлүктөрү» аттуу темада кезектеги практикалык сабагын өттү. Бул практикалык сабак кафедранын окутуучуларынын учурдун талабына ылайык жаңы технологияларды колдонууну күчөтүү, педагогикалык тажрыйба менен бөлүшүү таризинде уюштурулду. Кафедранын ичинде жүргүзүлүп жаткан окуу, окуу-методикалык, илимий жана тарбия иштери өз иштерин мыкты билген кесипкөй окутуучулардын ишмердүүлүктөрү менен ишке ашууда. Азыркы окуу процессин жаңыча көз караш менен уюштуруу, студенттерге билим берүүнү талыкпай активдештирүү жаатында сабактарга өз ара катышуу менен окутуучулардын ортосундагы пикир алмашуу талапка ылайык.

  • М.М.Ботбаева атындагы биоартүрдүүлүк кафедрасында практикалык сабак кызыктуу өтүлдү

    2020-жылдын 7-майында саат 1100 дө жана 1150дө профессор М.М. Ботбаева атындагы биоартүрдүүлүк кафедрасынын окутуучусу Турсуналиева М.Т. «Омурткалуулардын зоологиясы» дисциплинасы боюнча Бб-13-18 тайпасына Zoom платформасында Online режиминде «Сөөктүү балыктардын сырткы жана ички түзүлүштөрү» аттуу темада кезектеги практикалык сабагын көргөзмө куралдарын, маалыматтык слайддарын колдонуу менен абдан кызыктуу кылып өттү. Студенттер сабакка 90 % катышышты десек жаңылыштык болбойт! Ошондой эле окутуучу ага чейинки өткөн тапшырмаларын студенттерден сурады. Алар сөөктү балыктын ички түзүлүшүн толук окутуучуга айтып беришти. Сабакта айтылган кызыктуу маалыматтар сабакка катышкан кафедранын мүчөлөрүнүн да кызыгуусун жаратты. Тактап айтсак, он-лайн сабакка факультеттин окуу-иштери боюнча декандын орун басары, доцент Усенгазиева Г.С., кафедра башчысы, окуу-методикалык комиссиянын төрайымы жана анын мүчөлөрү, кафедранын башка мүчөлөрү да катышышты

Top