• В КГУ им.Арабаева пройдет конференция «Современные проблемы естествознания и обучения биологии и химии»

    В Кыргызском государственном университете имени И.Арабаева, на факультете биологии и химии 24 ноября состоится Международная научно-практическая конференция «Современные проблемы естествознания и обучения биологии и химии». Об этом сообщили в вузе.

  • М.М. Ботбаева атындагы биоартүрдүүлүк кафедрасында OnLine режиминде конференция өттү

    2020-жылдын 20-октябрында биология жана химия факультетинин проф. М.М. Ботбаева атындагы биоартүрдүүлүк кафедрасында 2019-2020 окуу жылында өткөрүлгөн окуу-талаа практикасынын жыйынтык конференциясы OnLineрежиминдеболуп ɵттү. Окуу-талаа практикасы жалпы ботаника, омурткасыздардын жана омурткалуулардын зоологиясы, өсүмдүктөрдүн систематикасы дисциплиналары боюнча 1-3 курстун студенттерине өлкөбүздө түзүлгөн кырдаалга байланыштуу окуу-талаа практикасы күндүзгү окуу формасынын студенттери жашаган жеринде 18-майдан 27-июнга чейин OnLineрежимде өткөрүлдү.

  • Биология жана химия факультетинин жалпы биология жана аны окутуунун технологиясы кафедрасынын жайкы окуу талаа практикасы боюнча жыйынтыктоочу конференциясы уюштурулду

    И.Арабаев атындагы КМУнин Биология жана химия факультетинин жалпы биология жана аны окутуунун технологиясы кафедрасынын 2019-2020-окуу жылынын экинчи жарым жылдыгында пландалган окуу-талаа практикасы 520 200 Биология багытынын 2-курсунун Б-1-18 тайпасынын студенттери менен 10-майдан 26-июнга чейин COVID-19 карантин учуруна карабастанокуу талаа-практикасы өткөрүлдү. Окуу-талаа практикасынын жетекчилери ага окутуучу Ниязова Нурифер Дүрбөлөновна, ага окутуучу Боогачиева Айжан Качкынбековна студенттердин жашап жаткан жерлерин эске алуу менен тапшырмаларды classroom жана AVN порталына жүктөп, кайтарым байланышка чыгып тапшырмалардын жыйынтыгын алып турушту.

  • Биология жана химия факультетинде онлайн-педконференция өттү

    2020-2021-окуу жылынын башталышы Биология жана химия факультетинин күндузгү окуу формасынын 2-4 –курстарынын адаптациялык, кесиптик-базалык жана кесиптик-профилдик практикаларын тактоо менен коштолду. Ал үчүн студенттер менен факультет мугалимдеринин, тактап айтканда жалпы биология жана аны окутуунун технологиясы, химия жана аны окутуунун технологиясы кафедраларынын методисттери, психология жана педагогика кафедраларынын окутуучуларыстуденттер менен онлайн конференция өткөрүштү. Ага студенттер толук катышышты. Студенттердин суроолоруна методисттер, педагогдор жана психологдоркеңирижооп беришти, практика учурунда онлайн-консультациялар бекитилген жүгүртмөнүн негизинде жургүзүлө тургандыгы баса белгиленди

  • Биология жана химия факультетинде ачык сабактар өтүлүүдө

    И.Арабаеватындагы Кыргызмамлекеттик университетинин Биология жана химия факультетинин Жалпы биология жана аны окутуунун технологиясы кафедрасынын профессорунун милдетин аткаруучу, биология илиминин кандидаты Бейшеналиева Салкын Турсуналиевна 12-сентябрда 550100 “Табигый-илимий билим берүү” багытындагы “Биология” профилиндеги “Биохимия” дисциплинасынан “Ферменттер” аттуу темада 4-курстун Бб-13-17 тайпасынын студенттерине онлайн-ачык сабагын өткөрдү. Дарс окууда баардык коммуникациялык каражаттар жана интерактивдүү стратегиялар пайдаланылды. Дарс презентация жана видеолор менен коштолду. Ачык дарста сабактын структурасы сакталды, илимий, системалык жана жеткиликтүү принциптер камтылды, “Каталаза ферментинин активдүүлүгү” деген темада үй шартында эксперименталдык тажрыйба жасап көрсөтүлдү. Сабак азыркы учурдун талабына ылайык эң жогорку деңгээлде өткөрүлдү.

Top