• Студентибиздин сыймыгы – биздин сыймык!

    Биология жана химия факультетинин «Табигый-илимий билим берүү» багытынын «Химия» профилинин 4-курсунун Хб-13-16 группасынын студенти У.О. Абдраимова 2019-жылдын февраль айынан баштап Бишкек шаарынын №10 жалпы билим берүү орто мектебинде «Химия» мугалими болуп иштеп келүүдө. Уулкан аз убакыттын ичинде көптөгөн жетишкендиктерге ээ болду, айта кетсек, У.О. Абдраимованын жетекчилиги астында химия предмети боюнча 8-класстардын арасында өтүлгөн «Время Знаний» Бүткүл россиялык олимпиадада Окушева Элина IIIорунду ээлеп, сертификатка ээ болду. Студентибиздин сыймыгы – биздин сыймык!

  • Жалпы биология жана аны окутуунун технологиялары кафедрасынын окутуучусу ачык сабак өттү

    И.Арабаев атындагы КМУнун биология жана химия факультетинин Жалпы биология жана аны окутуунун технологиялары кафедрасынын окутуучусу Айжан Качкынбековна Боогачиева аралыктан окутуу шартында zoom.us платформасын колдонуп “Экология” предмети боюнча “Биосфера жана ноосфера, алардын түзүлүшү жана айырмачылыктары”, - деген темада ачык, семинардык сабак өттү. Бул уюштурулган окуу-усулдук иш-чара ачык сабактардын бекитилген графигине ылайык өтүлдү. Сабакка факультеттин окуу-усулдук комиссиясынын төрайымы, доцент А.О.Абдыкапарова, декандын орун басары, доцент Г.С.Усенгазиева, кафедра башчысы, профессор Г.А.Шаршеналиева, кафедранын окуу-усулдук комиссиясынын төрайымы, профессор С.Т.Бейшеналиева жана кафедранын мүчөлөрү катышты.

  • Биология жана химия факультети аралыктан окутуу ишин ийгиликтүү жүргүзүүдө

    И.Арабаев атындагы КМУнин Биология жана химия факультетинин Жалпы биология кафедрасынын профессордук окутуучулар курамы өзгөчө кырдаалдар жарыяланган күндөн баштап эле аралыктан окутуу процессин ийгиликтүү алып барышууда. Факультеттин деканы, педагогика илимдеринин доктору, профессор Мамат Жетимишович Чоровдун жетекчилиги астында кафедра башчысы, биология илимдеринин кандидаты, профессордун милдетин аткаруучу Шаршеналиева Гүлнара Алтымышовнанын уюштуруусу аркылуу төмөндөгүдөй алгылыктуу окуу, окуу-усулдук, илимий жана тарбиялык иштер аткарылууда. Ар бир предмет боюнча студенттердин WatsApp топтору түзүлдү. Кафедранын кураторлору тарабынан студенттердин ушул кырдаалда кайда экендиктери такталып, аралыктан окутууга шарттары бар экендиги аныкталып, консультациялар берилди

    Дата:2020-05-01 23:47:17 Просмотров8077 :: Подробнее...
  • Давлетова Чынара Самаковна 70 жашта

    Биология жана химия факультети, университеттин ардактуу профессору, биология илимдеринин кандидаты Чынара Самаковнаны 22-апрель өтүп кеткен туулган күнү жана 70-жылдык кутман курагы менен куттуктайбыз! Сизди мыкты жетекчи, илимпоз жана окутуучу деп билебиз. Факультеттин жана университеттин өнүгүп-өсүшүндө эмгегиниз зор, ден-соолукта болуп, дагы да ийгиликтерди жарата беришиңизге тилектешпиз.

  • Биология жана химия факультети жетинчи ирет отурумун өткөрдү

    И.Арабаев атындагы КМУнун биология жана химия факультетинин окумуштуулар кенешинин №7 online отуруму 22-апрель күнү саат 14:00 дө өткөнүн аталган факультеттен кабарлашты. Онлайн форматында өткөн жыйынга факультеттин Окумуштуулар кеңешинин төрагасы, кафедра башчылары, координаторлор катышып, билдирүүлөрдү жасашкан жана күн тартибиндеги маселелерге токтолушкан. Окумуштуулар кеңешинин төрагасы М.Ж.Чоров, окуу процессинин жүрүшүн үзгүлтүккө учуратпай иштеп жаткан профессордук-окутуучулар курамына терең ыраазычылык билдирүү менен отурумду жыйынтыктаган

Top