• БИОЛОГИЯ ЖАНА ХИМИЯ ФАКУЛЬТЕТИНИН ПРОФ. М.М. БОТБАЕВА АТЫНДАГЫ БИОАРТҮРДҮҮЛҮК КАФЕДРАСЫНДА КАНДИДАТТЫК ДИССЕРТАЦИЯЛЫК ИШ ТАЛКУУЛАНДЫ

    2021-жылдын 3-декабрында биология жана химия факультетинин проф. М.М. Ботбаева атындагы биоартүрдүүлүк кафедрасында кеңейтилген №4 отурумунда Абдибаитова Апиза Абдирасулованын “Чаувай кен массивинин калдыктарынын айлана-чөйрөгө тийгизген таасири” аттуу темадагы 03.02.08 – экология адистиги боюнча биология илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн жазылган диссертациялык ишинин талкуусу болуп өттү. Проф. М.М. Ботбаева атындагы биоартүрдүүлүк кафедрасы Д 06.20.605 диссертациялык кеңештин чечими менен жетектөөчү мекеме катары бектилген.

    Дата:2021-12-09 12:39:29 Просмотров2728 :: Подробнее...
  • Биология жана химия факультетинде “Ишеналы Арабаев – көрүнүктүү агартуучу” аталышындагы куратордук ачык сабак өткөрүлдү

    2021-жылдын 4-декабрында проф.М.М.Ботбаева атындагы биоартүрдүүлүк кафедрасынын ага окутуучусу А.Т.Нурманбетова Б-1-21, Бб13-21, Бк-11-21 тайпаларына “И.Арабаев – көрүнүктүү агартуучу” аттуу темада кураторлук саат өттү. Анда Ишеналы Арабаевдин өмүрү жана ишмердүүлүгү тууралуу студенттерге кыргыз жана орус тилдеринде маалымат берилди. Андан соң көрүнүктүү инсандын ысымын алып жүргөн окуу жайдын тарыхы, жетекчилиги, түзүмдүк бөлүктөрү, ошондой эле биология жана химия факультети туурасында студенттерге университеттин маалыматтык сайтты аркылуу маалымдалды.

    Дата:2021-12-06 14:02:21 Просмотров7905 :: Подробнее...
  • Биология жана химия факультетинин окуу-талаа практикасынын жыйынтыктоочу конференциясы уюштурулду

    2021-жылдын 3-декабрында И. Арабаев атындагы КМУнун биология жана химия факультетинин проф. М.М. Ботбаева атындагы биоартүрдүүлүк кафедрасында 2020-21-окуу жылындагы онлайн режиминде өткөрүлгөн окуу-талаа практикасынын жыйынтыктоочу отчеттук конференциясы болуп өттү. Конференция университеттин №1 окуу залында өткөрүлүп, ага 1-4-курстардын студенттери жана факультеттин профессордук-окутуучулар курамы, университеттин жалпы практика боюнча жетекчиси Т.М.Бектуров катышты.

    Дата:2021-12-06 10:23:46 Просмотров2999 :: Подробнее...
  • Химия жана аны окутуунун технологиясы кафедрасында “Никотин жана алкоголдун зыяндуулугу” аттуу темада куратордук саат өтүлдү

    Химия жана аны окутуунун технологиясы кафедрасынын ага окутуучусу Сатывалдиева Г.Э. “Табигый-илимий билим берүү” багытынын “Химия” профилинин 2-курсунун студенттери менен биргеликте “Никотин жана алкоголдун зыяндуулугу” аттуу темада куратордук саат өттү. Иш-чарада студенттерге азыркы учурда никотиндин жана алкоголдун зыяндуулугу жөнүндө кеңири маалымат берилип, алардын ден соолукка тийгизген зыяндуулугу, кесепети жана экономикага тийгизген таасирин презентация болуп көрсөтүлдү. Ачык сабакка Өзбекстандык студенттер да активдүү катышышты. Сабактан сырткары студенттердин актердук чеберчилиги да көрсөтүлдү.

    Дата:2021-12-04 12:30:41 Просмотров2708 :: Подробнее...
  • Биология жана химия факультетинин студенти Аруужандын макаласы "Кут билимге" жарык көрдү

    Биология жана химия факультетинин күндүзгү окуу формасынын “Табигый-илимий билим берүү” багытынын Химия профилинин бюджет бөлүмунун 1-курсунун студенти Байзак кызы Аруужандын “Кут Билим” газетасына “Идеалдуу мугалим кандай болушу керек?” жана “Тазабек Саманчиндин оор тагдыры мени ойго салды” аттуу 2 макаласы жарык көрдү. Аруужан окуудан сырткары жан дүйнөсүн чыгармачылыкка арноо менен биргеликте университеттин жана факультеттин ар кандай иш-чараларына активдүү катышып келет. Аруужанга чыгармачылык ийгилик жана жетишкендиктерди каалайбыз!

    Дата:2021-12-01 15:26:28 Просмотров3321 :: Подробнее...
Top