• Биология жана химия факультетинин проф. М.М. Ботбаева атындагы биоартүрдүүлүк кафедрасынын окутуучулары “Онлайн симуляциялык лаборатория” курсуна катышып, сертификатка ээ болушту

    Биоартүрдүүлүк кафедрасынын профессордук окутуучулар курамы “Онлайн симуляциялык лаборатория” аттуу 72 сааттык курсунан квалификацияларын жогорулатышып, жыйынтыгында сертификатка ээ болушту. Курсту “Burana STEAM College & Online university” лектору Мирланов Элдияр өтүп, биология, химия дисциплиналары боюнча заманбап МТК, тактап айтканда анимациялык жана 3D сабактарды колдонуп өтүүнүн ыкмаларын, өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат берди. Ар бир окутуучу өздөрү берген дисциплиналар боюнча симуляциялык сабактарды даярдап лекторго көрсөтүү менен алган билимдерин практика жүзүндө бышыкташты.

    Дата:2022-04-28 00:03:35 Просмотров2748 :: Подробнее...
  • Жалпы биология жана аны окутуунун технологиясы кафедрасы студенттер үчүн илимий кружок уюштурду

    20-апрелде биология жана химия факультетинин жалпы биология жана аны окутуунун технологиялары кафедрасынын доц.ма., п.и.к. М.Т.Кырбашованын жетекчилиги астында Бб-13-19 тайпасынын студенттеринин катышуусу менен кесиптик-базалык практиканын алкагында уюштурулган “Сабакта бөлмө өсүмдүктөрүнүн жандуу объект катары колдонуунун көйгөйлөрү” аттуу темада илимий-кружок болуп өттү. Кружокко биология жана химия факультетинин профессордук-окутуучулар курамы жана студенттер катышышты.

    Дата:2022-04-23 22:13:41 Просмотров2774 :: Подробнее...
  • Биология жана химия факультети Органикалык айыл-чарба департаментинде ишембилик өткөрүштү

    “Жашыл мурас” улуттук өнөктүгүн ишке ашыруу максатында 22-апрелде биология жана химия факультетинин жетекчилиги астында Сокулук районунун Ново-Павловка айылындагы Органикалык айыл-чарба департаментине ишембилик өткөрүп келишти. Ишембиликке факультеттин деканы, проф. Чоров М.Ж., декандын орун басары, Г.С. Усенгазиева, доц.м.а. Сапарбаева У., ага окутуучулар А.Т. Нурманбетова, А. К. Боогачиевалар жана 520200 Биология адистигинин 1,3,4–курстарынын студенттери катышышты. Департаменттин директору С. С. Турсуналиев, биотехнологияны өнүктүрүү башкармалыгынын жетекчиси Ж. Нурдинова, бөлүмдүн начальниги Е.В. Кострубова лабораторияларда өндүрүлгөн биопрепараттар жана энтомофагдар менен тааныштырып, экскурсия жүргүзүлүп, студенттердин кызыгуусун жаратты.

    Дата:2022-04-23 13:49:30 Просмотров2366 :: Подробнее...
  • Проф. М.М. Ботбаева атындагы биоартүрдүүлүк кафедрасында«Табият, инсан жана жан дүйнө» аттуу темада илимий-семинар

    24-апрелде биология жана химия факультетинде педагогика илимдеринин доктору, профессор, ардактуу академик, КР УИА корр.-мүчөсү Э. Мамбетакунов «Табият, инсан жана жан дүйнө» аттуу темада лекция окуп берди. Аталган иш-чарага факультеттин профессордук-окутуучулар курамы жана студенттер катышышты. Лектор табият-инсан-жан дүйнө алкагында ой толгоолорун, ой корутундуларын ортого салды. Табияттын сулуулугу, адамзаттын жан дүйнөсүнө гармония тартуулайт, тең салмактуулукту жаратат. Бул тең салмактуулук бузулганда адамдын организминде түркүн оорулар пайда болот. Жаш муундарды, келечектеги кесип ээлерин окутуп-тарбиялоодо, инсанды ар тараптуу калыптандырууда орчундуу мааниге ээ экендиги ж.б. ушул өңдүү маалыматтар аудиторияда кызыгууларды жаратып, натыйжада көптөгөн суроолор берилди. Илимий-семинардын жыйынтыгында позитивдүү маанайдагы лекцияларды калк арасында жайылтуу зарылдыгын жаратты.

    Дата:2022-04-23 12:00:58 Просмотров1095 :: Подробнее...
  • М.М. Ботбаева атындагы биоартүрдүүлүк кафедрасы «Табият, инсан жана жан дүйнө» аталышындагы илимий-семинар уюштурду

    24-апрелде биология жана химия факультетинде педагогика илимдеринин доктору, профессор, ардактуу академик, КР УИА корр.-мүчөсү Э. Мамбетакунов «Табият, инсан жана жан дүйнө» аттуу темада лекция окуп берди. Аталган иш-чарага факультеттин профессордук-окутуучулар курамы жана студенттер катышышты. Лектор табият-инсан-жан дүйнө алкагында ой толгоолорун, ой корутундуларын ортого салды. "Табияттын сулуулугу, адамзаттын жан дүйнөсүнө гармония тартуулайт, тең салмактуулукту жаратат" деди Э. Мамбетакунов.

    Дата:2022-04-21 10:25:26 Просмотров2161 :: Подробнее...
Top