биология химия
КМУнун студенттери кесиптик-профилдик практикада
биология химия
Биология жана химия факультетинде 2-3-курстардын адаптациялык жана кесиптик-базалык практикалары боюнча “Кесиптик практика келечекти аныктайт”аттуу жыйынтыктоочу конференциясы болуп өттү 1-июнда 2-3-курстардын адаптациялык жана кесиптик-базалык практикалары боюнча “Кесиптик практика келечекти аныктайт” аттуу жыйынтыктоочу конференциясы университеттин жумушка орноштуруу жана маркетинг борбордун жетекчиси, фил.и.к., доц. Азизбек уулу Бакыт жана практика боюнча жооптуу кызматкери п.и.к., доц. Т.Бектуровдун катышуусу менен илимий китепканада өткөрүлдү.
Химия жана аны окутуунун технологиясы кафедрасында “Эл аралык химиктер күнү” өттү
Биология жана химия факультетинде жыл сайын майдын акыркы ишемби күндөрү химиктер күнү өткөрүлүп келет. Бул жолу химия жана аны окутуунун технологиясы кафедрасы жана “Табигый-илимий билим берүү” багытынын ”Химия” профилинин 2-3-курсунун студенттери тарабынан “Белоснежка жана химик гномдор” аттуу кече уюштурулуп жогорку деңгээлде өттү. Кечеде студенттер химиялык реактивдер менен ар кандай тажрыйбаларды көрсөтүштү жана студенттердин кол өнөрчулүгү менен жасалган көргөзмөсү катышуучулардын кызыгуусун жаратты.
Биология жана химия факультети 22-май “Эл аралык биоартүрдүүлүк күнүн” өткөрдү
21-майда И.Арабаев атындагы КМУнун биология жана химия факультетинин проф. М. Ботбаева атындагы биоартүрдүүлүк кафедрасы 22-май “Эл аралык биологиялык ар түрдүүлүк” күнүн университеттин илимий китепканасындаОрганикалык айыл-чарба департаменти менен биргеликте “Кыргызстандын биоартүрдүүлүгүн сактоо жана органикалык айыл-чарба” аттуу темада тегерек стол өткөрдү. Иш-чараны ЭлТР телеканалына интервью берүү менен факультеттин деканы, проф. М.Ж. Чоров ачты. КР Айыл-чарба министрлигинин алдындагы Органикалык айыл-чарба департаментинин директоруС.С. Турсуналиев куттуктоо сөзү менен бирге 2 тараптуу келишимге кол коюлуп, видеороликтер менен коштолду.