• Химия жана аны окутуунун технологиясы кафедрасынын профессору Ж. Сагындыков ОшМУ менен ОшТУда конок-лекция өтүп келди

    11-16-апрелинде биология жана химия факультетинин химия жана аны окутуунун технологиясы кафедрасынын профессору Ж. Сагындыков ОшМУнун Табият таануу, туризм жана агрардык технология факультетине жана Ош техникалык университетине академиялык мобилдүүлүктү күчөтүү максатында конок-лекция окуп келди. Анда 3-4-курста окуган студенттерге төмөндөгүдөй темаларда лекция окулду: Химиялык термодинамика Эоектрохимия Кинетика жана катализ Химиялык технологиянын негиздери металлургия Жалпы химиянын негиздери.

    Дата:2022-04-20 12:52:27 Просмотров2212 :: Подробнее...
  • Проф. М.М.Ботбаева атындагы биоартүрдүүлүк кафедрасында жазгы окуу-талаа практикасы жүрүп жатат

    Биология жана химия факультетинин проф.М.М.Ботбаева атындагы биоартүрдүүлүк кафедрасында 2021-2022-окуу жылында 550100 Табигый- илимий билим берүү багытынын “Биология профили, 520200 “Биология” багытында окуган I-курсунун студенттери үчүн жазгы окуу-талаа практикасы башталды. Практика “Ботаника” жана “Омурткасыздардын зоологиясы” дисциплиналары боюнча пландаштырылган.

    Дата:2022-04-20 12:42:44 Просмотров2445 :: Подробнее...
  • Биоартүрдүүлүк кафедрасында студенттердин көчмө-практикалык сабагы болду

    2022-жылдын 8-апрелинде Э. Гареев атындагы ботаникалык багында биология жана химия факультетинин проф. М. М. Ботбаева атындагы биоартүрдүүлүк кафедрасынын доценти Г.Дж. Сазыкулова тарабынан Б-1-19 тайпасынын студенттери үчүн «Геоботаниканын изилдөө методдору» дисциплинасы боюнча студенттерге көчмө-практикалык сабак өтүлдү. Практикалык сабак учурунда студенттер Кыргызстанда кездешкен жана башка өлкөлөрдөн интродукцияланып алынып келинген өсүмдүктөрдүн түрдүк курамы менен таанышып, байкоо жүргүзүп талкуулашты. Ботаникалык бакта калыптанган өсүмдүк биргелештиктеринин структурасын, флоралык курамын, өсүмдүк компоненттеринин тиричилик формаларын, жаш өзөчөлүктөрүн, өнүгүү фазаларын аныктоо методдору боюнча практикалык иштерди жасашты.Сабакка активдүү катышкан студенттер өсүмдүктөр боюнча окутуучуларга кызыккан суроолорун берип, жооп алышты.

    Дата:2022-04-11 17:29:47 Просмотров2350 :: Подробнее...
  • Биология жана химия факультетинде кезектеги илимий-методикалык семинар болуп өттү

    2022-жылдын 6-апрель күнү Биология жана химия факультетинде проф. М.М.Ботбаева атындагы биоартүрдүүлүк кафедрасы тарабынан уюштурулган илимий-методикалык семинар болуп өттү. Аталган семинарда «КР УИАнын Э.Гареев атындагы Ботаникалык бактын дары өсүмдүктөрүнүн коллекциясы» аттуу темада КР УИАнын Э.Гареев атындагы Ботаникалык бактын илимий кызматкери Арыкбаева Назира Мадалбековна баяндама жасады. Анде лектор Кыргызстанда өскөн жана ботаникалык бакка интродукцияланып алынып келинген дары өсүмдүктөрү жөнүндө жалпы маалымат берди. Ал белгилегендей, азыркы учурда элдик медицинада кээ бир ооруларды алдын алуу үчүн дары өсүмдүктөрүн колдонуу актуалдуу болууда.

    Дата:2022-04-08 15:25:56 Просмотров2327 :: Подробнее...
  • Химия жана аны окутуунун технологиясы кафедрасында ачык лекция өтүлдү

    Биология жана химия факультетинин химия жана аны окутуунун технологиясы кафедрасынын доценти, п.и.к., Б.Ш. Жакышова Хб-13-19, Хк-11-13 тайпаларында “Химияны инновациялык технологиялар” дисциплинасынан «Окутуунун жекелештирүү технологиясы» аттуу темада ачык лекция өттү. Лекцияга факультеттин окуу-методикалык кеңешинин төрайымы А.Абдыкапарова, С. Бейшеналиева жана кафедранын курамы катышышты. Ачык сабакта чынчыл ой жүгүртүү, интерактивдүү окутуу, калыптандыруучу баалоо техникалары ж.б. инновациялык методдор менен жогорку деңгээлде өтулдү.

    Дата:2022-03-17 10:51:43 Просмотров3156 :: Подробнее...
Top