• Биология жана химия факультетинин СЫЙМЫКТУУ студенти

    “Табигый-илимий билим берүү” багытынын “Биология” профилинин Бб-13-21 тайпасынын студенти Рахманалиева Миргул университеттин кадамын аттагандан тартып окуудагы жетишкендиктери менен бирге бир канча сыйлыктары, ийгиликтери, жетишкендиктерин сиздер менен бөлүшүүнү чечтик. Инсандык өнүгүү студенттик клубунда “Биримдик” бөлүмүнүн жетекчиси болуп шайланды жана А. Салымбеков Университетинде “Акыл ордо” таймашын өткөрүп, “Эс алуудан бир күн” аттуу видео тартып 1-орунга ээ болду. Ч.Айтматовдун туулган күнүнө арналган университеттин студенттик парламенти тарабынан уюшулган “Кыргыздын сыймыгы” аттуу конференцияда 1-орунга ээ болду жана ”Мыкты доклад” наамына татыктуу болгон.

    Дата:2022-03-17 10:36:55 Просмотров3457 :: Подробнее...
  • Биология жана химия факультетинде “Заманбап педагогдун этикасы” аттуу темада куратордук саат өтүлдү

    12-мартта факультеттин 2-4-курстун студенттери үчүн “Заманбап педагогдун этикасы” атуу темада ачык кураторлук саат өткөзүлдү. Аны жалпы биология жана аны окутуунун технологиясы кафедрасынын профессору Ч.С.Давлетова менен ага кутуучулар Н.О.Казакова жана А.К.Боогачиева алып барды. Ачык куратордук сабакта студенттер келечекте мугалим болуу үчүн педагогдун заманбап этикасы боюнча суроо-жооп, аңгемелешүү жана бүгүнкү күндө болуп жаткан көрүнүштөрдү талкуулоо менен өз ойлорун билдиришип, келечекте университеттин мыкты агартуучуларынын катарына кирээри маектешүү учурунда көрүнүп турду. Бүтүрүүчүлөрдүн арасында көпчүлүгү бүгүнкү күндө Бишкек шаарынын мектептеринде иштеп жаткандыгы факультет, университет үчүн сыймык

    Дата:2022-03-14 13:07:41 Просмотров3069 :: Подробнее...
  • Профессор Адылбек Молдошев Кыргыз Республикасынын “Ардак Грамотасынын" ээси болду

    Кыргыз Республикасынын президенти С.Н.Жапаровдун жарлыгына ылайык Биология жана Химия факультетинин Химия жана аны окутуунун технологиясы кафедрасынын профессору Молдошев Адылбек Молдошевич Кыргыз Республикасынын билим берүү тармагына кошкон салымы үчүн Кыргыз Республикасынын “Ардак Грамотасы” менен сыйланды.

    Дата:2022-02-14 15:20:29 Просмотров8942 :: Подробнее...
  • КМУнун аспирантура бөлүмүндө "Биотехнология" илимий адистик ачылды

    Илимий педагогикалык кадрларды кайра даярдоо максатында жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн №327 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын илимий жана илимий- педагогикалык кадрларды даярдоо жөнүндөгү" 29- пунктуна ылайык, Билим берүү жана илим минитрлигинин буйругу менен И. Арабаев атындагы КМУнун аспирантура бөлүмү "Биотехнология" илимий адистиги менен толукталды.

    Дата:2022-01-28 13:26:24 Просмотров3222 :: Подробнее...
  • Биология жана химия факультети мектеп мугалимдерине семинар өтүүдө

    2022-жылдын 10-январынан бери биология жана химия факультетинде мектеп мугалимдерине арналган “Мектепте биология жана химия сабактарын окутууну жакшыртуунун жолдору” аттуу темада 36 сааттык семинар өтүлүп жатат. Семинарга Кыргызстандын баардык аймактарынын мектеп мугалимдери катышууда. Семинардын максаты: мугалимдерге биология жана химия сабактарын окутуунун инновациялык методдорун, практикалык жана лабораториялык сабактарды көрсөтүү, эсептерди чыгаруу, анимация ж.б. мектептеги актуалдуу көйгөйлөрдү мугалимдер менен биргеликте жакшыртуу жана көмөк көрсөтүү болуп эсептенилет.

    Дата:2022-01-13 12:35:26 Просмотров3472 :: Подробнее...
Top