СӨЗ БАШЫ

Алгачкы коомдун тарыхы “тарых” адистегинде окуп жаткан студенттери үчүн  тарых илимине киришүүнүн башталышы болуп  саналат. Окуу-методикалык куралынын максаты - окутуучуларга Алгачкы жамааттык коомдун тарыхын окутуудагы методикалык жардам катары жана студенттердин терең билим алышын шарттайт.

       Окуу-методикалык куралы С.Н.Эралиевдин  “Алгачкы жамааттык коомдун тарыхы” китебинин  негизинде  жазылды.

Сунушталган окуу-методикалык  куралынын мазмуну төмөндөгүдөй:

 Жумушчу программа. Жумушчу программада курстун максаты, милдети,  негизги предметтик  компетенциялар, билимдерди  баалоо каражаттарынын паспорту, тематикалык план анын мазмуну, семинардык сабактардын планы, контролдук иштердин, рефераттардын, студенттердин  өз  алдынча  иштеринин  тематикалары  жана  адабияттар берилген.

Тарыхты окутуунун интерактивдүү методдору. Биздин өлкө демократиялык өнүгүү жолун тандап алгандыктан, азыр коомчулукту чечим кабыл алууга катыштыруу абдан маанилүү. Бул группалык ишке да тиешелүү: студенттер сабакта активдүү болууга тийиш. Студенттердин дилгирленишине  өбөлгө  түзө  турган  методикалык  ыкмаларды  бири бул  интерактивдүү ыкма. Интерактивдүү усулду тандаганыбыздын себеби, ал студенттердин азыркы демократиялык коомдо зарыл компетентүүлүктөрдү калыптандыруу менен ага катышуу көндүмдөрүн иштеп чыгууга өбөлгө түзөт. Окуу-методикалык  куралында тарыхты окутууда колдонулуучу бир нече интерактивдүү ыкмалар берилген. Окутуучу  бул  ыкмалар  менен  билимдерди  көзөмөлдөөдө  кеңири пайдаланса болот. Ошондой эле студенттер  тарыхты  окутуунун интерактивдүү  ыкмаларын  өздөштүрүү  менен  келечекте  бул  ыкмаларды  мектепте  пайдаланууга  практикалык  жол  болуп саналат.

Лекциянын темалары: Лекциялык темаларды өтүү боюнча сааттардын көлөмү, ар бир тема боюнча калыптандыруучу  компетентциялар жана колдонулуучу адабияттар берилди.

Лекциялык сабактар: Лекциялык сабактардын максаты, негизги түшүнүктөр, планы жана адабияттар берилип, лекциялардын материалдары толук жазылган. Лекциялар  слайддар менен коштолот. Мисалы, лекциялардын  башталышында  Cлайд№1  деп жазылган.

Семинардык сабактар: Семинардык  сабактардын максаты, калыптандырылуучу компетенциялардын коддору, колдонулуучу адабияттар жана аны аткаруунун түрү берилген. Эскертүү, окутуучу семинардык сабакты өтүүдө тарыхты окутуунун  көрсөтүлгөн  интерактивдүү ыкмасынан тышкары өзүнүн чыгармачылыгына жараша  бир  нече интерактивдүү ыкмаларды пайдаланса болот. Семинардык сабактарды өтүүдө  слайддар  пайдаланылат. Алар  мисалы,  Cлайд№6,7   деп  көрсөтүлгөн.

Студенттердин өз алдынча иштөөсү: Тема боюнча каралуучу багыттар, маселелер, калыптандырылуучу компетенциялардын коддору, СӨИ аткаруунун түрү жана колдонулуучу адабияттар көрсөтүлдү.

Билимдерди текшерүү каражаттары: Окуу программасынын негизинде 3 модул пландаштырылган. Студенттердин билимин текшерүү үчүн тестин эки түрү берилген.

Биринчи: Бланкалык тест (кагазга). Ар бир модул 12 суроодон туруп 3 варианттагы суроолорду камтыйт. Тестте концептуалдык суроолор көп камтылып, студенттер сүрөттөр, тарыхый терминдер, контр карталар  менен  иштешет.

Экинчи: Компьютердик тест. Бул тест 41 суроодон турат.Тестин жыйынтыгы акырында компьютерден өзү көрүнөт.   Мындан тышкары 3 модулга 44 суроодон турган  тапшырмалар берилген.

Билимдерди баалоо критерийлери, глоссарий, хронология, адабияттар берилген.