Лекция №27

Тема: №14   Өткөөл мезгилдеги коомдук аң - сезимдеги өзгөрүүлөр

 

               Лекциялык сабактын максаты:

· Рационалдык билимдердин калыптанышынын өбөлгөлөрүн аныктоо;

· Өткөөл мезгилдеги жазуу, искусcтводогу өзгөчөлүктөрдү талдоо;

· Диний ишенимдер, космостук цикл, эсхатология, жана фаталистикалык түшүнүктөр менен таанышуу аркылуу алардын өзгөчөлүктөрүн белгилөө;

 

Негизги түшүнүктөр: пиктография, идеография, "элитардык маданият", "жөнөкөй элдик маданият", пантеон, политеизм, синкреттик мүнөз, хаос, "алтын доор", демиург, космогония, космостук цикл, эсхатология, фаталистика.

                                 

                                       План

1.      Рационалдык билимдер. Коомдук билимдердин башаты

2.      Жазуу. Искусство

3.      Сыйынуу, мифология, дин, ритуал, космостук цикл, эсхатология жана фаталисттик түшүнүктөр

 

                                              Адабияттар:

1.      Эралиев С.Н. Алгачкы жамааттык коомдун тарыхы  Бишкек, - 2014.

2.      Алексеев.В.П., Перщиц А.И. История первобытног общества Изд.6-ое. М.: АСТ. Астрель, 2007.-350 с.

3.      Муравьев В.В. Производство жизни, болезнь и смерт в древнем обществе: первобытная эпоха и Древний Восток. Сыктывкар; СПб., 2006.

4.      Померанцева Н.А. Первобытное искусство: От древнейших культур к ранним цивлизациям. М., 2006.

5.      Шер Я.А. Происхождение искусства: одна из возможных гипотез // ВДИ. 1997. №1. С. 61-68.

6.      Марков Г.Е. Релгиозные верования. Предполагаемый генезис и история  //Этно-Журнал// http//www.etnonet.ru./ru/rub/Iaw_and Iife/nagih.htm

     

1. Рационалдуу билимдер.

Мурдагы мезгилде топтолгон рационалдык билимдер өткөөл мезгилде сан жагынан да, сапат жагынан да кыйла өзгөрүүгө дуушар болду. Калктын санынын өсүшү, өндүргүч күчтөрдүн өнүгүшү, кошумча азык- түлүктүн такай болуп турушу, жаңы социалдык-экономикалык мамилелердин калыптанышы астрономиялык, математикалык, биологиялык, медициналык, химиялык-технологиялык, географиялык билимдердин өнүгүшүнө түрткү болду

Таптар пайда болуу мезгилинде убакыт жөнүндөгү түшүнүктөрдүн өнүгүшүнө Күн календарынын өркүндөтүлүшү негиз болду. Күндүн кыймылына жараша эсептелүүчү убакыт  Ай  календарын улам сүрүп отурду, бирок ал да колдонуудан калган эмес.

 Чарбалык муктаждык Ай жана Күн календарларын  дал келтирүүнүн ар кандай варианттарынын пайда болушуна алып келди. Эки календарды дал келтирүү Үркөрдүн кыймылын байкоо аркылуу жетишилген. Жер Ортолук деңизинин бойлорунда жашагандар жылдыз топторун жаныбарлардын аты менен аташкан.

Астрономиялык түшүнүктөрдүн жана календардын калыптанышы математикалык түшүнүктөр менен эсептин өнүгүшүнө тыгыз байланышкан. Жер шарынын ар кайсы аймагында эсептөөнүн ар кандай системалары (төрттүк, бештик, ондук) пайдаланылган. Айрым  аймактардын  калкы 10 000ге чейин эсептей алышкан. Эсептөөдө колдун жана буттун манжалары, таякчалар, саман, таш, дан колдонушкан. Алардын жардамы  менен түрдүү разряддагы сандарды көрсөтө алышкан. Ал эми эсеп санын сактоо, башка аймактагыларга кабарлоо үчүн бирка, кур (шоона, аркан ) колдонулган. Аларга түйүн кесик аркылуу түшүрүлгөн белгилер 5, 10, 20, 100, 1000 сандарын билдириши мүмкүн.

Адамдардын ортосундагы эсеп менен байланышкан  мамилелерде эсеп биркасы кеңири таралган. Соодада, карыз берүүдө бирканы бирин-бири толуктоочу эки бөлүккө бөлүп сактап жүрүшкөн.

Ченеп-өлчөө адамдын дене мүчөлөрүнүн, эмгек жана башка куралдардын чен-өлчөмү менен жана ал өлчөмдөрдү айкалыштыруу менен жүргүзүлгөн.

 Таштан, металлдан куралдарды жасоо, карапачылык алдын ала эсептөөчүлөрдү жүргүзүүнү талап кылат. Үйлөрдү  жана  башка имараттарды куруу алдын ала өлчөөлөрсүз мүмкүн эмес эле. Тик жана түз сызыктар, тик бурчтук түзүү ж.б  аркандардын жардамы менен жүргүзүлгөн. Жерге ээлик кылуу менен анын ай аянтын эсептөө  зарыл  болгон.  Ошентип  эсеп, түз сызык, бурч, аяант жөнүндөгү түшүнүктөр, б.а. математикалык, анын ичинде геометриялык билимдер калыптанган.

Биологиялык  жана  медициналык билимдердин  негизин  адамдын  жаратылыш менен биримдикте жана жаныбарлар  менен  окшош деген түшүнүктөр түзөт. Аңчы жамааттар жаратылыш кубулуштарына ой жүгүртүп системага келтирүүгө аракеттенишкен. Адамдар бул чөйрөдө күндөлүк жашоого зарыл болгондон да көп билимдерди топтошкон.

Аңчылар  жаныбарлар менен адамдын анатомиясынын, физиологиясынын окшоштугун, көбөйүү  циклин байкашкан. Бул байкоолордон табылган билимдер өндүргүч чарбага өтүүдө, малдын тукумун жакшыртууда пайдаланылган.

Мал-чарбачылыгы зоологиялык билимдердин андан ары өнүгүшүн, дыйканчылык ботоникалык, химиялык, гидротехникалык билимдердин пайда болушуна, өнүгүшүнө алып келди. Натыйжада ветернария, агротехника, гидротехника сыяктуу рационалдык билимдерге негиз салыныт.

Жаныбарларга, өсүмдүктөрдүн дарылык касиеттерине байкоо жүргүзүү медициналык билимдердин өнүгүшүнө алып келди. Коомдук жана жеке гигиена пайда болду. Карапа идиштин  пайда болушу менен татаал рецептеги чөптөрдүн кайнатмасын пайдалана башташты. Сүттү дарылык максатта пайдалануу, ага карата жөнөкөй эксперементтерди жүргүзүү биохимияга негиз салган.

Металл иштетүүнүн өнүгүшү хирургиялык аспаптарды: скальпель, лансет, бычак, кыпчуур, кыскыч ж.б жасоого мүмкүнчүлүк берди. Ооруларды дарылоодо кан алуу, кан тамырды тигүү, ийне саюу, укалоо, мүнөздөп тамак ичүү кеңири колдонулган. Айрым ооруларды  сакайтуу үчүн көпкө чейин дарылоо талап кылынарын  билишкен. Оорулардын  алдын алууга да көңүл бурушкан. Өз абалынын сутка ичиндеги, Айдын фазаларына  жараша  өзгөрүүсүн  байкап, ага жараша алдын алуучу атайын каражаттарды колдонушкан. Балким эң алгачкы медициналык адистик акушердик болгондур. Анткени төрөттү кабыл алуучу атайын аялдар болгон.

Согуштун,  уруулардын ортосундагы чыр-чатактардын көбөйүшү да медицинанын өнүгүшүнө түрткү болду. Жаралангандарды дарылоо өзгөчөлүгүнө байланыштуу өзүнчө адистер бөлүнүп чыга баштайт. Ошол эле учурда адамдын анатомиясын, физиологиялык өзгөчөлүктөрүн билүү келечектеги аскерлерди машыктырып даярдоодо пайдаланылган.

Аталган мезгилде  дарыгерлер  ооруган  тишти  жулганды,  түрдүү жараттарды таңганды билишкен. Албетте, бул чөйрөдө рационалдуу билимдерди пайдаланган табыптар менен катар ритуалдык-магиялык иш-аракеттер менен “дарылоого” аракет кылгандар да болгон. (1,2,3,4-сүрөт)

                 27-1.jpg

                                                                   1-сүрөт

                 27-2.jpg

                                                                    2-сүрөт  27-3.jpg

                                                                                 

        3-сүрөт  27-4.jpg 

                                 4-сүрөт  

          Аңчылардын, кийинчерээк дыйкандар менен малчылардын чарбалык ишмердигинде өздөрү жашаган  аймактын коен жатагына чейин билүү, көчүү маршруттарын, жайыттарды ж.б туура тандоо гана ийгилик алып келмек. Бул  зарылдык  географиялык билимдердин топтолушуна жана муундан-муунга унутулбай сакталышына алып келген. Адамдар өздөрү жашаган жана кошуна аймактардын географиясын, көчүү, согуш жана соода жүргүзүү маршруттарын жатка билген. Окения аралдарында жашагандар жакын жана алыс жайгашкан аралдардын аралыгын, жайгашкан абалын так билген жана таштын жардамы менен кумдун бетине так сүрөттөп бере алган. Көчкөндө, сапарга чыкканда Күндү, жылдыздарды карап багыт алышкан. Жашаган аймактарынын рельефин жерге таш, саман, чырпыктар менен сүрөттөй алышкан же кумга , ылайга, карга сөөмөй менен чийип көрсөтүүгө жетишкен. Кийинчерээк дарактын кабагына, кездемеге, ташка өздөрүнө түшүнүкүү шарттуу белгилер аркылуу чиймесин түшүрүшкөн. Бул географиялык картанын алгачкы башаттары эле.

Коомдук билимдердин башаты. Алгачкы коомдогу адамдын айлана-чөйрөгө мамилеси жалаң эле рационалдуу билимдер менен аныкталбайт. Алар мифологиялык жана диний түшүнүктөр менен айкалышкан. Жаратылыш жөнүндө так эмпирикалык билимдерди топтой алган алгачкы коомдогу адамдар өздөрүнүн коомдук жашоосун таанып билүүдө мифтик, диний түшүнүктөрдүн туткунунан өтө жай бошонгон.

Алардын өз коому жөнүндөгү так түшүнүктөрдү оозэки айтылган уламыштарда, көркөм каражаттар сакталган. Айрым элдерде сакталып калган көркөм сүрөттөлүштөр, уламыштар менен катар алардын этногенези, этностук тарыхы, жайгашкан  аймагы жөнүндө кабар берет. Тарыхий окуялардын иретин билдирген сүрөттөлүштөр бар.

Океанияда ата-тегинин санжырасын шоона, таякчалардагы белгилер аркылуу сакташкан. Аларда ата-теги 159 муунга чейин сакталган. Албетте бул санжыра мифологиялык түшүнүктөр, мифтик ата-бабалар менен аралашкан. Ошентсе да санжыра боюнча реалдуу тарыхий окуяларды калыбына келтирүүгө болот.

Социалдык жиктелүү, акыл эмгегинин бөлүнүп чыгышы, окутуп-тарбиялоонун калыптанышы коомдук билимдердин башка билимдерден, мифтерден бөлүнүшүнө алып келди. Ал жамаат төбөлдөрүнүн кызыкчылыгына төп келген. Атайын даярдыгы бар санжырачылар алардын өзүнүн жана уругунун баркын көтөрүү үчүн санжыраларды бурмалашкан. Аталган мезгилдеги коомдук билимдер ошол кездеги адамдардын талаптарына, максаттарына жооп берген