Лекция №11

Тема: № 5 Азыркы адамдын пайда болушу

 

               Лекциялык сабактын максаты:

· Азыркы адамдын калыптануу процесси боюнча окумуштуулардын көз караштары менен таанышуу;

·Расалардын пайда болушу жана алардын биологиялык өзгөчөлүктөрүн аныктоо менен аларды картадан тактоо;

 

Негизги түшүнүктөр:  кроманьон, сапиенттик белги, мустье, тотем, моноцентристтик жана полицентристик, "протокроманьондорр", австралоиддер, негроид, монголоид, европоид, дицентризм гипотезасы, эпикантус,

                                         

                              План

1.      Азыркы адамдын калыптанышынын аякташы

2.      Расалардын пайда болушу

 

                                Адабияттар:

1.      Эралиев С.Н. Алгачкы жамааттык коомдун тарыхы  Бишкек, - 2014.

2.      Алексеев.В.П., Перщиц А.И. История первобытного общества: Учеб.для вузов по спец. "История.- М.: 1999.

3.      Семенов Ю.И. Как возникло человечество. М., 2006.

4.      Алексеев В.П. Становление человечества. М.,1984.

5.      История первобытного общества. Эпоха первобытной родовой общины. М.,1986.

6.      Семенов Ю.И. Как возникло человечество. М.,2002.

 

Слайд №11   1.Азыркы адамдын калыптанышынын аякташы. 

     Азыркы адам (акыл эстүү адам) 45-40-миң жылдыктарда калыптанган. Азыркы адамдын алгачкы өкүлү- Франциядан табылган кроманьон (1,2-сүрөт). Анын жакынкы ата-теги тарыхий жактан алганда неандерталь болууга тийиш. Бирок неандерталдардын ар кайсы топторунун бири-бирине карата туугандык мамилеси жана азыркы адамдын пайда болушундагы орду  тууралу илимий талаш-тартыштар басыла элек. Ага каршы болгон окумуштууларды тобу төмөндөгүдөй  жүйөөлөрдү бетке кармашат:

  неандерталда архантроп менен неантропто жок белгилер жолугат. Алар азыркы адамга барчу жолдон четтеп кеткен — адистешкен.

  кечки мустьедеги калк менен кечки палеолиттеги Европанын калкы морфологиялык жактан кескин айырмаланат. Неандарталь өтө тездик менен азыркы адамга айланышы күмөн туудурат.

  11-1.jpg11-2.png

                   1-сүрөт                                                       2-сүрөт

Антрополог М.Буль неандерталды  гоминиддердин  өнүгүүгө жөндөмсүз бутагы катары карайт: Анын ою боюнча Европага азыркы адамдар кечки мустье - кечки палеолнтте сырттан келген жана  неандерталдарды жок кылышкан.

Антропологиялык  изилдөөлөр алгачкы неандарталдарда пайда болгон сапиенттик (акыл-эс)көрүнүштөн улам  аларды  азыркы адамга  айлангандар  деп айтуу мүмкүн эместей туюлат.

Ошондуктан айрым изилдөөчүлөр алгачкы неандерталдардан кийин өнүгүү эки багытта жүргөн деп божомолдошот. Алардын пикири боюпча азыркы адам пайда  болгон жол Европадан башка жерде жүргөн. Азыркы адам Европага сырттан  келген  жана  бул  жерде  пайда  болгон  классикалык  неандерталды жок кылган же ассимиляциялаган.

Бирок археологиялык изилдөөлөр аныктаган эмгек куралдарынын эволюциясы жогорудагыдай  ырастоолорго каршы  келет. Археология  классикалык  неандерталь менен азыркы типтеги адамдардын мустье - жогорку палеолиттеги эмгек куралдары экинчиси бириичисинин түздөн-түз уландысы экендигин көрсөтөт. Бул азыркы типтеги адамдын ата-теги классикалык неандерталдар экендигин далилдейт.  Мындай болгондо классикалык неандерталдарда сапиенттик белгилердин жоголушун жана кайра тездик менен пайда болушун кантип түшүндүрүүгө болот?

       Окумуштуулардын жоон тобу буга төмөндөгүдөй көз карашта: муну биологиялык көз караштан далилдөө мүмкүн эмес, жоопту коомдук мамилелердин калыптанышынан издөө керек. Кечки неандерталдарда коммуналисттик  мамилелер  орун  алган, бири-бири тууралу камкордук кылышкан. Эволюциянын бул этабында  палеантроптор  тобунун мүчөлөрүнүн өз  биримдигин сезүүсү зарыл болуп калды. Ансыз биримдик, бекем баш кошкондук болбойт эле. Ал эми бекем биримдиксиз топ өлүмгө дуушар болмок. Кечки неандерталдардын биримдикти сезүүсү тотем аркылуу ишке ашты. Тотемизмде бир топтогу адамдардын биримдиги жана адардын башка топтордон айырмаланары ачык көрүнөт. Мындай биримдикти сезүү пайда болгондугун  неандерталь көрүстөндөрүнөн көрүүгө  болот. Көпчүлүк мүрзөлөрдөн  аюунун баш сөөгү, тиштери ж.б. чыгат. Зубр, өгүз, тоо теке ж.б. сөөктөрү  да коюлган. Бул неандерталдардын ар кайсы топтору ар башка жаныбарларды тотем тутканы менен түшүндүрүлөт жана ошол тотем аркылуу өз биримдигин сезишкен.

                                            1-сүрөт

                11-3.jpg

11-4.png                                                 

                                                                              2-сүрөт

Тотемизм  ички биримдикти камсыз кылды жана ошону менен бирге топторду бири-бирнен алыстаткан жабык уюмга айландырдьт. Мындай уюмдун ичинде жүргөн  кандын аралашуусу (инбридинг) организмдин жаңылануу жөндөмүн  жакырдантат. Андан аркы сапиентация жолу бөгөлөт. Палеантроптордун дене түзүлүшү одонолонуп, кара күчү артып жатты. Эмгек куралдарынын эволюциясы жайлады. Никелешүүнүн жаңы тартиби (экзогамия) аркылуу бул жабык уюмдан чыгуу андан аркы прогресске жол ачты. Анын натыйжасында  неоантроп (жаңы адам) — Homo sapiens (акыл эстүү адам) (1,2-сүрөт) калыптанды.

 Неандерталдар  кеңири аймакта таралып жашагандыктан алардын адамга айлануусу бир аймакта жүргөнбү же бир нече аймакты кучагына алганбы деген суроо турат. Ага жооп берүүдө  моноцентристик  жана  полицентристик көз караштар пайда болду.

  Моноцентристер  бул  процесс  бир  аймакта  жүргөндүгүн  жана азыркы адам кийинчерээк башка аймактарга тарагандыгын ырасташат. Моноцентристердин бир тобу неантроп Африкада пайда болгон жана «протокроманьондор» Европага Алдьңкы  Азия аркылуу келген деген ишенимде (Б.Эндрюс, Г.Брейер, Л.Шогг, Х.Стрингер ж.б.).

       Антрополог Я.Я.Рогинский кеңири  моноцентризм гипотезасын сунуштайт. Ал боюнча азыркы адам бир аймакта - Жер Ортолук  деңизинин  кеңири аймагын кучагына алган аймакта пайда болгон. Ал аймактар: Чыгыш Африка, Алдыңкы Азия, Түштүк  жана Түштүк Чыгыш Европа.

    Полицентристик көз карашгагы  окумуштуулар азыркы адам бир нече аймакта калыптангандыгын ырасташат. Алар көрсөткөн  аймактары боюнча айырмаланышат:

1.                     Ф.Вайденрайх Азыркы адам жана расалар калыптанган 4 аймакты көрсөтөт. Алар: Түштүк Чыгыш Азия (австралоиддер), Түштүк Африка (негроиддер), Чыгыш Азия (монголоиддер), Алдыңкы Азия (европеоиддер) (1-карта).

2.                     А. Том 3 негизги очокту көрсөтөт:  европоиттик - негроиддик (батыш), монголоиддик жана веддо- аавстролоиддик (чыгыш).

3.                     Ф.Смит 5 борборду бөлүп көрсөтөт: Түндүк Африка, Сахаранын түштүгү, Батыш Азия, Чыгыш Азия, Европа. Бул аймактарда жергиликтүү неандерталдардан азыркы адам калыптанган.

4.                     Дицентризм гипотезасы (В. П. Алексеев, А.А. Зубов). Эки очокту көрсөтүшөт: батыш (европеоиддик-негроиддик) жана чыгыш (монголоиддик жана австралоиддик).

11-5.jpg

        Полицентристердин негизги аргументтери мындай: баш сөөктөрдөгү  айрым белгилер  Афроевроазиянын айрым очокторунда мурдатан эле болгон жана археологиялык материалдар жогорку  налеолиттик маданияттын  бир  борбордон таралышына жетиштүү  негиз бербейт. Ортоңку  палеолитте көптөгөн   өз алдынча маданиятгар болгон, алар акырындык менен жогорку палеолитке өткөн. Ортоңку палеолитте Африканын, Европанын, Азиянын таш индустриясы бирдей өнүккөн. Бирок ортоңку палеолиттен жогорку палеолитке өткөн очоктордун баарында сапиентация жүргөн деп айтууга болбойт. Неандерталь мустье доорунда гана жашаган, ошондой эле сапиенс жогорку палеолитте гана пайда болгон деп кесе айтууга так далилдер жок. Сапиенс  мустьеде  да  пайда болушу мумкун, ал эми неандерталь жогорку палеолитте да, андан кийин да жашаган. Албетте, сапиенс  багытына бараткан палеантроптун баары эле өз эволюциясында ага жеткен эмес. Аталган көз караштардын кайсынысы туура экендиги талаш.

 

2. Расалардын пайда болушу.

     Расалар — денесиндеги анча маанилүү эмес өзгөчөлүктөрү менен мүнөздөлүүчү тарыхий жактан калыптанган  адамдардын ири топтору. Кеңири аймакка таралуу расалардын дифференциациясына б.а. түрдүүчө болушуна алып келген. Расалык белгилер болуп чачтын формасы (катуу, жумшак, түз. тармал), дененин, чачтын, көздүн түсү, сакал жана мурут. бет түзүлүшү эсептелет (1,2,3-сүрөт). Кечки палеолитке тиешелүү баш сөөктөр азыркы адамдардын расалык белгилери жогорку паделолитте ачык көрүнө баштаганын көрсөтөт. Расалардын калыптанышы негизинен Жер шарынын материктери менен дал келет. Европада европеоиддик раса, Азияда монголоиддик раса. Африка менен Австралияда негроиддик раса калыптанган. Жер Ортолук денизинин  европалык  жээктеринде  негроиддер, ал эми африкалык жээктеринде европеоиддер жолугат. Кавказ менен Орто Азиянын калкы европеоиддик расада болушкан. Түштүк жана Түштүк - Чыгыш Азияда негроиддер монголоиддер жана европеоиддер менен аралашкан. Чоң расалардын морфологиялык айырмачылыктарынын калыптанышында эки фактор чод роль ойногон. Алар: чөйрөгө ыңгайлашуу жана обочолонуу.

11-6.jpg11-7.jpg11-8.jpg          

Негизги расалык белгилер чөйрөгө ыңгайлашуунун натыйжасы экендиги далилденген. Мисалы, негроид расасындагылардын өңү кара, чачтары тармал, кээде өтө быжыгыр, мурун тадоолору чоң, эринддери калың жана былжырлуу чел кабыктары сыртка чыгып турат. Бул белгилер негроидердин өтө ысык жана нымдуу климатка ыңгайлашкандыгынын белгилери. Алардын терисинин астыңкы катмарында өзгөчө пигмент — меланин бар, ошондуктан  алардын өңү  кара. Меланин  терини  күйүп  кетүүдөн  сактайт. Тармал  чач да башты өтө ысып кетүүдөн сактоочу шарт түзөт. Атайын тажрыйба баштын узун, сүйрү болушу да ысыктан сактай турганын көрсөттү. Мурундун  кенен, таноолордун чоң болушу, эриндин калбагай болуп, былжырлуу чел кабыгынын сыртка чыгып  турушу да ошондой  эле кызмат аткарат. Ошондой эле негроиддердин терисинде башка расадагыларга  караганда  тер белүп чыгаруучу бездери өтө жыш жайгашкан.

         Монголоид  расасы калыптанган аймак ысык жана кургак. Жарым чөлдөрдө, талааларда  дайыма  кургак,  муздак шамал чаң - кумдарды учуруп турат. Мындай кырдаал адамдарда коргонуучу белгилердин пайда болушуна алып келген. Монголоиддердин бет териси башка расадагыларга Караганда калыңыраак май менен капталгак, көздөрү жүлжйгөн, эпикантус бар. Мындай белгилердин чөйрөгө ыңгайлашуудан пайда болгондугун көрсөтүүчү дагы бир факт бул: ушундай окшош климатта жашаган Түштүк Африкадагы бушмендер  менен  готтентоттордо  да монголоидднк  расанын  белгилерине  окшош  белгилер  жолутат.

      Европеоиддик раса Түндүк жана Ортоңку Европада суук, нымдуу жана күн радиациясы төмөн болгон климаттык шартта калыптанган. Ошондуктан бул расадагы кишилердин чачынын түсү сары, денесинин түсү аксаргыл, мурду ичке жана узун, мурундун  кайкысы  да  бийик. Узун мурун суук климаттык шартта өпкөгө баруучу муздак абаны жылытууга  ыңгайлашуудан пайда болгон. Анын натыйжасында абанын өтүү жолу узарат.

      Мындай  пайдалуу белгилер чөйрөгө ыңгайлуу  катары  табигый тандоо али күчүндө  турган мезгилде пайда болгон. Адамдардын  расалык белгилеринин арасында көптөгөн нейтралдуу белгилер бар. Алардын пайда болушунда кокусунан болгон өзгөрүүчүлүк, обочолонуу чоң роль ойногон. Тактап айтканда, нейтралдык  белгилердин  пайда  болушу — негизги  расалардын  алгачкы жашай турган туюк чөйрөсүндө пайда болгон мындай белгилердин кокусунан топтолуп калышынын натыйжасы. Балким корреляциялык өзгөргүчтүк, б.а. бир же эки белги өзгөргөндө  анын артынан  башкалардын  өзгөрүүсү  да роль ойногон болуш керек. Мындай өзгөрүүдө  пайда болгон жаңы белгилер пайдалуу болбой калышы мүмкүн. Мисалы, беттин чоңдугу жогоруласа, айда беттин кеңдиги да жогорулайт.

     Расалык  өзгөчүлүктөр  жогорку  палеолитте  калыптанган,  бирок ошону менен токтоп калган эмес. Аталган мезгилде табигый тандоо, аны менен бирге чөйрөгө түздөн-түз ыңгайлашуу да азаят. Расалык белгилердин пайда болушуна андан кийин расалардын аралашуусу роль ойной баштаган. Андан тышкары доордун өзүнө мүнөздүү өзгөргүчтүк да таасир берген. Мисалы, баш сөөктүн узундугу кыскарып, кеңдиги арткан. Ага жыныстык жетилүүнүн  тездеши, дыйканчылыктын  натыйжасында тамак-аш рационунун өзгөрүшү, расалардын  аралашуусундагы  тукум  куучулук  комбинациялары  себеп  болот.

    Чоң расалардын ичиндеги бутактар мезолитте пайда боло баштаган. Европеоиддик расанын  ичинде түндүк жана  түштүк бутактары, монголоиддик  расанын  ичинде азиялык  жана американоиддик  бутактар. негроиддик  расада  африкалык  жана  австралоиддик  бутактар  пайда  болот,

    Чектеш  жайгашып, такай  байланышта  болгон аймактардагы метистик формалар да ушул  мезгилде  жаралган. Көптөгөн  локалдык  расалар  обочолонуунун  шартында  пайда болгон. Расалык варианттардын андан ары көбөйүшүнө көптөгөн факторлордун таасири тийген. Аларды классификадиялоодо да көп айырмачылыктар бар. Көптөгөн расалык  белгилер акыркы 2- 3 миң жылда пайда болгон.

     Адамдардын расалык айырмачылыктары илимий гана кызыкчылыктарды жарата турган  көрүнүш. Бирок  расалык айырмачылыктарды үстөмдүк кылуучу таптар карапайым калкты көз карандылыкка айландыруу максатын, аларга жасаган зордук- зомбулуту  актоо үчүн  кул ээлөөчүлүк  доордон бери саясий, идеологиялык максатка колдонуп келишкен. Жаңы  доордо  айрым саясий, колониалдык  кызыкчылыктардан  улам илимге жат, гумандуулукка каршы расистик теориялар пайда бодцу, Расизмдин жоболору боюнча расалар дене түзүлүшү, акыл-эс  жагынан тең  эмес, расалык өзгөчөлүктөр  тарыхтын, маданияттын өнүгүшүндө  чечүүчү ролго ээ,  адамдар башынан эле  жогорку  жана  төмөнкү расаларга бөлүнөт. цивилизацияны жогорку расадагылар  гана жаратууга  жөндөмдүү  ж.б. Илимге  жат мындай теориялардын жоболорун ХХк. фашисттери өз  идеологиясында  көбүртүп - жабыртып. айрым  элдерди тукум курут кылуу аракетин  көрүшкөн. Мындай теориялардын чындыкка дал келбестигин тарых далай ирет  далилдеген жана далилдеп жатат.