Лекция №4

I-БӨЛҮМ

АЛГАЧКЫ ЖАМААТТЫК КООМДУН ТАРЫХЫН ИЗИЛДӨӨ БУЛАКТАРЫ ЖАНА ТАРЫХНААМАСЫ

 

Тема: №1  Изилдөө булактары

Лекциялык сабактын максаты:

· АЖКТ изилдөө булактарын аныктоо;

· АЖКТ илидөө булактарын талдоо;

 

Негизги түшүнүктөр: этнология, реликтилер, дериваттар, реституттар, антропология, приматология, этимилогия, ономастика, геология, археозоология, археоботаника.

 

                          План

1.Изилдөө булактарына анализ

2.Изилдөө булактары: археология, этнология, антропология, лингивистикалык булактар, этимология, геология, география, археозоология, археоботаника, физика жана химия, информатика

 

Адабияттар:

1. Эралиев С.Н. Алгачкы жамааттык коомдун тарыхы  Бишкек, - 2014.

2.Алексеев.В.П., Перщиц А.И. История первобытного общества Изд.6-ое. М.: АСТ. Астрель, 2007.-350 с.

3.Исследование по первобытной истории. М., 1992.

4. Первобытное общество. Основные проблемы развития /Отв.ред. А.И.Першиц. М.,1975.

 

1.Изилдөө булактарына анализ

Тарыхый булак — тарыхий маалымат алууга мүмкүн болгон изилдөө объектиси. Алгачкы жамааттык коомдун тарыхын изилдөө булактары ар түрдүү, анткени аталган тарыхтын өзү комплекстүү илимий дисциплина. Ал өз объектисин изилдөөдө археология,  этнология, антропология, төртүнчүлүк геологш, палеогеография, археозоология, археоботаника, физика жана химия, лингвистика, информатика, жазма булактарды пзилдөө илимдеринин маалыматтарына таянат.

Археология  мурдагы  доорлордогу материалдык мадаңиятгын калдыктарын изилдеп, ал кездеги коомдордун социалдык мамилелерин, рухий турмушун ж.б. калыбына келтирүүгө аракет кылат. Археологиялык булактар алгачкы жамааттык коомдун тарыхынын ар кайсы маселелерин изилдөө үчүн материалдык базаны түзөт. Археологдор табылган материалдарды иретке келтирип классификациялашат, алардын маанисин ачышат жана алар аркылуу тарыхты калыбына келтиришет.

Археологиялык  булактардан  алынган  маалыматтар аркылуу тарыхты калыбына келтирүүдө 3 жагдайды эске алууга тийишпиз. Биринчиден, казууда табылган буюмдардын көп маанилүү болушу. Буюмдар өзүнүн түздөн-түз функциясынан башка символикалык, сакралдык мүнөзгө ээ болушу мүмкүн. Көрүстөндөрдөн табьшган буюмдардын кошо көмүлгөн адамдар жашаган мезгилге тиешеси жок болушу мүмкүн ж.б.; экинчиден, табьшган буюмдар өтө чектелген санда болот. Алар аркылуу бүтүндөй материалдык маданиятка баа берүүгө мүмкүн эмес; үчүнчүдөн, түрдүү материалдардан жасалган буюмдардын сакталуу деңгээли бирдей эмес, алдыңкы маданиятты андан кийин түзүлгөн маданият талкалайт ж.б.

Археологиялык  маданиятты  каңдайдыр  бир этнос менен байланыштыруунун тууралыгы жөнүндө да талаш пикирлер көп. Андай аракет дайыма эле туура чыга бербейт.

Археологиялык  булактардан  алынган  маалыматтар изилдөөчүнүн даярдыгына, ал колдонгон методикаларга  да  байланыштуу. Ошондуктан ар кандай маалыматга субъективизмдин  издери  болот.

Ошентсе да археология адамзаттын тарыхынын алгачкы этаптарын калыбына келтирүүдө бир топ жетишкендиктерге ээ.

Этнология элдердин салтгуу маданиятын, турмуш-тиричилигинин өзгөчөлүктөрүн, социалдык институттарын, коомдук структурасын ж.б. изилдейт. Алгач этнология  илими өнүгүүсү боюнча артта турган элдерди изилдеген. Ушул жерден ал алгачкы коомдун тарыхы менен кездешет. Анткени, бул элдердин маданияты алгачкы коомдогу элдердин тарыхын реконструкциялоо үчүн кызмат кылат. Эгер этнологиянын маалыматтары болбосо, алгачкы адамдар коллективинде коомдук мамилелердин, социалдык структуралардын калыптануусунун көптөгөн жактары көңүл сыртында калмак. Алар этнологиялык баяндоолордон гана белгилүү. Аларды  алгачкы  коомдун  тарыхынын  этаптары  менен  хронологиялык  жактан дал келтирүү керек.

Эгнологиялык материалдарды мурдагы мезгилдерге пайдаланууну эскинин калдыктарын изилдөөнүн негизинде ишке ашырууга мүмкүн. Эскинин калдыктарын үч топко бөлүшөт:

1.Реликтилер — формасы боюнча да, маани-маңызы боюнча да жөнөкөй, түшүнүктүү кубулуштар.

2.Дериватгар — кандайдыр бир деңгээлде жаңы турмушка ыңгайлашкан кубулуштар.

3.Реституттар — жоголуп, кайра жаралып туруучу кубулуштар.

 Булардын ичинен реликтилер бир кыйла көп маалыматтарды бере алат.

Оозеки чыгармалар жазуусу жок элдердин тарыхы үчүн баа жеткис булак.

Өнүгүүсү боюнча артта турган элдерди изилдөөдөн алынган этнологиялык маалыматтар алгачкы коом тарыхын калыбына келтирүүдө бараандуу булак катары кызмат кылат.

Антропология — адамдын, анын ата-тегинин биологиялык өзгөчөлүктөрү жөнүндөгү илим. Ал эзелки мезгилдерден калган сөөктөрдүн калдыктарын изилдөө аркылуу алгачкы коомго тиешелүү төмөндөгү проблемаларды чечүүгө байланышкан  маалыматтарды бере алат:

Ø  азыркы адамдын ата-тегинин пайда болушу, алардын дене түзүлүшүнүн эволюциясы;

Ø  эмгектенүүгө  жөндөмдүүлүктүн   пайда   болушу, анын адамдын жалпы турпатын өзгөртүүгө таасири;

Ø  ой жүгүртүүнүн, сүйлөөнүн өнүгүшүнүн алгачкы этабы;

Ø  алгачкы     адамдардын  тамактануу  мүнөзү,   булчуң системасы, аларды жабырланткан оорулар;

Ø  расалардын пайда болушу жана таралышы;

Ø  этногенез проблемалары;

Кыйынчылыкты жараткан нерсе — байыркы адамдардын сөөк калдыктары массалык түрдө кезикпейт. Айрым табылган сөөктөр толук маалыматты камтый албайт.

Приматология антропосоциогенездин социалдык жагы жөнүндөгү фактылар менен камсыз кылат. Көпкө чейин алгачкы коллектнвде башаламан жыныстык мамиле жөнүндөгү ой үстөмдүк кылып келген. Приматологдордун маймылдарга байкоо жүргүзүүсү анын туура эмес экендигин далилдеди. Бул байкоолор экзогамиянын пайда болушу жөнүндөгү маселеде да көмөк көрсөтүүчү фактыларды бере алат.

Археологиялык, этнологиялык жана антропологиялык материалдар акырындык менен чогулган. Алгач аларды атайын даярдыгы бар адистер эмес саякатчылар, миесионерлер ж.б. жыйнаган.

Аталган билимдердин башаты Байыркы Чыгыш элдерине барып такалат. Египетган, Вавилониянын, Ассириянын, Индиянын жана Кытайдын падышаларына тиешелүү жазма эстеликтерде басып алган элдердин турмуш-тиричилиги, чарбасы, маданияты ж.б. тууралуу маалыматтар калтырылган. Египет сүрөтчүлөрү, бедизчилери өз чыгармаларында уруулук, расалык айырмачылыктарды так чагылдырышкан.

Алгачкы жамааттык коомдо жашаган элдердин турмуш-тиричилиги тууралуу маалыматтар Байыркы Греция, Рим окумуштуулары, орто кылымда жашаган авторлор тарабынан да чогултулган. Геродот (б.з.ч.Vк.) скифтер, пигмейлер, сарматтар, Орто - Азиянын элдери тууралу, Ксенофонт (б.з.ч.Vк.аягы — 1Vк.биринчи жарымында) Кичи - Азиядагы элдер, Страбон (б.з. чегинде) Түштүк Европанын жана Кавказдын элдери тууралу, Цезарь (б.з.ч.I к.) галлдар тууралу, Тацит (56-117жж.) германдар тууралу жазышкан. IX—ХIVкк. Испанbя менен Түндүк Африкадан Волга боюна, Орто Азияга, Индияга чейинки аймактарда жашаган элдер тууралу маалыматгар араб жана европалык саякатчылардын эмгектеринде  чагылдырылат. Араб  саякатчысы Ибн Фадлан Хк. биринчи жарымында Чыгыш Африка, Индия, Кытай, Ява, Ирак, Сирия жана Чыгыш Европа элдери жөнүндө, 1Хк. экинчи жарымында —Х к.башында араб географы Ибн Руста славян, Урал - Алтай элдери жөнүндө. ХШк. италиялык саякатчы Плано Карпини монголдор жөнүндө, ХШк. экинчи жарымында — Х1Vк. башында италиялык саякатчы Марко Поло жана Х1Vк. араб саякатчысы  Ибн Баттута  Европа  жана Азиянын көптөгөн элдери жөнүндө, ХVк. тверлик соодагер Афанасий Никитин Индия элдеринин турмуш-тиричилиги  жөнүндө  баяндап  жазышкан.

Улуу Географиялык ачылыштар мезгилинде этнографиялык маалыматтар   өтө   зор   масштабда   агылып   келе   баштайт.

 Американын ачылышы (Х.Колумб, ХVк.), алгачкы дүйнөнү айланып чыккан саякат (Ф.Магеллан, ХV1к.) америкалыктар, Океания жана Отгуу Жер аралдарынын элдери, Ж.Кук ХVIIIк. Австралия жана Океаниянын элдери тууралуу маалыматтарды кеңейтти. Орус саякатчыларынын дүйнөнү айланып чыгуучу экспедициялары (И.Крузенштерн, Ю.Лисянский, О.Коцебу, Ф.Литке, А.Лазарев ж.б.), ошондой эле Сибирге (ХУШк), Торрес кысыгынын аралдарына (1898ж.), Тынч Океанынын түндүк тарабына (1899-1902) жөнөтүлгөн экспедициялар да бул чөйрөдөгү маалыматтарды бир кыйла толуктады.

Х1Х к. Европанын музейлеринде алгачкы жамаатгык коомдо жашаган элдердин эмгек куралдары, турмуш-тиричилик буюмдары зор масштабда чогулду.

Лингвистикалык булактар тике жана кыйыр түрдөгү болуп экиге бөлүнөт. Тике түрдөгү булактар тилдин өзүнүн абалы жөнүндө, ал эми кыйыр түрдөгү булактар алгачкы адамдардын ой жүгүртүүсүнүн, маданиятынын өзгөчөлүктөрүнүн тил аркылуу туюндурулушу жөнүндө маалымат берет. Лингвистикалык материалдар аркылуу этностордун тектештигин, ассимиляция  процессин, этномаданий байланыштарды билүүгө болот. Алгачкы коомдун маданий кубулуштарын калыбына  келтирүүдө этимология жана ономастка кеңири пайдаланылат.

Этимология сөздөрдүн пайда болушун, алардын маанисинин өзгөрүшүн изилдейт. Ономастика адамдардын, этностордун жана жер-суулардын аттарьш изилдейт. Аталган кубулуштарды изилдөө этностордун жашаган аймагын, социалдык структурасын, салт-жөрөлгөлөрүн, этностордун өз ара мамилелерин тарыхый жактан калыбына келтирүүгө жардам берет.

Жазуу б.з.ч. 1Vм.ж. пайда болгон. Алгач жазууга ээ болгон таптык коомдун өкүлдөрү алгачкы коомдо жашаган кошуналары . жөнүндө жазышкан. Байыркы Египетте, Рим менен Грецияда,  Кытайда, Араб дүйнөсүңдө, орто кылымдарда Европада мындай жазма эстеликтер көп чогулган.

Геология илими алгачкы коомду изилдөөчүлөргө жер кыртышынын өзгөрүшү, океандын деңгээлинин өзгөрүшү, деңиз жээктеринин тектоникасы, айрым аймактардын жаратылышынын йлуттуу өзгөчөлүктөрү тууралу маалыматтарды берет. Мындай маалыматтар алгачкы адамдардын турмуш-тиричилигин материктер аралык миграция жолдорун билүүдө олуттуу булак болуп саналат. Жер кыртышынын түзүлүшүңдөгү геологиялык  катмарларды, топурактын, тектердин ырааттуу түрдө катмарланып жатышын  байкоо алгачкы жамааттык коомду мезгилдештирүүгө да жардам берет. Себеби, археологиялык маданияттардын мезгили кайсы катмарда жатканына жараша аныкталат. Арийне, геологиялык катмарлануу жер шарынын бардык жеринде бирдей эмес. Климатка байланыштуу чөкмөлөрдүн топтолушу да ар кандай. Ошондуктан бардык табылгалар үчүн бирдей мезгилди ыйгаруу мүмкүн эмес.

География илиминин бир бөлүгү болгон палеогеография байыркы ландшафтын алгачкы көрүнүшүн калыбына келтирүүгө багытталган. Палеогеографиялык маальшаттар бири-биринен өтө       алыс     турган     археологиялык     эстеликтерди синхровдоштурууга мүмкүндүк берет.

Палеогеографиянын  маалыматтарына таянып климаттын өзгөрүшү, флоранын, фаунанын составы тууралу, алар аркылуу палеолиттеги аңчылардын сезондук миграциясын, неолиттеги өсүмдүктөрдүн сортгорун, өстүрүү мүнөзүн билүүгө болот.

Археозоология казууларда табылган жаныбарлардын сөөктөрүн изилдейт. Жаныбарлардын, канатуулардын, балыктардын ж.б.сөөк калдыктарын изилдөө аңчылыктын, балыкчылыктын, жыйноочулуктун мүнөзүн билүүгө, жаныбарлардын    азыркы   түрлөрүнүн   байыркы   мезгилде  байырлаган  аймактарын аныктоого мүмкүндүк берет. Үй жаныбарларынын сөөктөрү  алардын колго үйрөтүлүшү жөнүндөгү маселелерди изилдөөдө пайдасы чоң.

Археоботаника казууларда табылган өсүмдүктөрдүн калдыктарын изилдейт. Аларды юилдөө жапайы өсүмдүктөрдү пайдалануу мүнөзүн, кандай өсүмдүктөр колго өстүрүлгөнүн  билүүгө  көмөктөшөт.  Археоботаника  алгачкы дыйканчылык борборлорун жана  кийинки дыйканчылыктын очокторун ачууга чоң салым кошту. Анын маалыматтары абсолюттук хронологияда да кеңири колдонулат.

Физика жана химия табылган материалдык маданият үлгүлөрүн реставрациялоого, консервациялоого мүмкүнчүлүк берет, алардын физикалык жана химиялык составын изилдөө методдорун берет, маданиятгын абсолютгук датасын аныктоого (жогору жакта айтылды) мүмкүндүк берет.

Информатика жаңыдан өнүгүп келаткан илим. Ал алгачкы коомду изилдөөгө али кеңири пайдаланыла элек. Бирок келечекте аны пайдалануу, биринчиден, изилдөө процессин жеңилдетет, экинчиден, илимий моделдештирүүнү пайдалануу алгачкы коомдогу процесстердин динамикасын түшүнүүнү жеңилдетет.