Лекция №17

Тема:Кечки жамааттык коомдогу социалдык-экономикалык мамилелер.

Бул мезгилде артыкбаш азык-түлүк пайда болду. Артыкбаш азык-түлүк — бул керектөөгө зарыл болбогон азык- түлүктүн бөлүгү. Артыкбаш азык-түлүк адамдардын ортосундагы мамиледе белек берүү, калың, айып телөө. майрамдарга даярдалган тамак-аш формасында көрүнөт. Мындай артыкбаш азык-түлүк төмөнкү аңчылар менен жыйноочуларда эле болгон, өндүргүч чарбага өткөндө ал регулярдуу мүнөзгө ээ болду: Артыкбаш  азык-түлүк камдалып сакталып турган жана ар турдүү социалдык кадыр-барк берчү, диний маанидеги майрамдарды, ар кандай ырым-жырымдарды  өткөрүүгө жумшалган. Бул артыкбаш азык-түлүк табууга да турткөн. Алкоголдук ичимдиктерди көп өлчөмдө ичүү да социалдык кадыр-барк максатында жасалган.

Мал-чарбачылыктын өнүгүшү менен социалдык кадыр барк малдын саны менен өлчөнө баштайт. Байлыктын негизи катары мал менен калың, айып төлөнгөн, белек берилген. Социалдык кадыр-барк мамилелери илимде кадыр-барк экономикасы деп аталат. Анын пайда болушуна артыкбаш азык-түлүктүн өсүшү, өзүмдүк менчиктин өсүшү, эмгекке жараша бөлүштүрүү алып келген. Кадыр-барк экономикасы үч функцияны муктаждарга жардам берүү, нике байланыштарын өркүндөтүү, социалдык чектерди орнотууаткарган.

 Кадыр-барк экономикасы жамааттын ичинде өкүм сүргөн, башка жамааттар менен өзгөчө мамилелерди орноткон, жамааттын ичиндеги кишилердин өз ара мамилесине да белгилүү бир түс берген. Кадыр-барк экономикасы менен «байлыктын» пайда болушу да байланыштуу. Алгач байлык социалдык мааниге ээ болгон — байлык деп чоң үйдө көп адамдын  жашай алышы түшүнүлгөн. Кийинчерээк  байлык деп ашыкча тамак-ашты, оокатты түшүнө башташкан.

Айрым топтордо байлык деп өсүмдүктөрдүн, буюмдардын белгилүү түрүн, ал эми айрымдарда малды түшүнүшкөн. Айрым элдер түшүмсүз жерлерде жашап, ачка калып жатса да той-тамашага багышталган өсүмдүктөр жөнүндө өзгөчө кам көрүшкөн жана түшүмдү мол жыйнаган. Ал өсүмдүктөрдөн жыйналган түшүм өз максатында гана пайдаланылган. Салт боюнча артык баш нерселер да теңдеп бөлүнүүгө тийиш болчу, ошондуктан ал дароо эле социалдык жиктелүүгө алып келген эмес, бирок келечектеги мүлктүк теңсиздиктин башаты болгон.

Кадыр-барк экономикасы көбүнчө белек алмашуудан көрүнгөн. Белек алмашуу жеке адамдардын ортосунда, жамаат ичинде, жамааттар арасында жүргөн. Алмашууда белек берүүчүлөр  коомдук кадыр-баркка ээ болушкан. Ким жоомарттыкты көрсөтсө анын кадыр-баркы ошончолук чоң, ошол эле учурда эч нерсе жоготкон эмес: канча берсе ошончо кайра алган. Жамааттын, жамаат башчыларынын кадыр-баркы көтөрүлгөн, ага алгандан кеп берүү көмөктөшкөн.

Өндүргүч чарбага отүүдө отурукташуу көбөйдү, калктын саны өстү, инфантицид, геронтоцид сейрек боло баштады, орточо жашоо узактыгы узарды, көп балалуу үй-бүлөлөр көбөйдү.

 Менчик мамилелери. Алгачкы дыйкандар менен малчылардын менчигинин мүнөзү жөнүндөгү маселе али талаш. Менчик мамилелеринде негизинен үч өзгөрүү  болуп өеттү:

1.      Менчик           жиктеле баштады:

 а) жеке эмгек менен табылган нерселер (башкаларга берсе болот).

б) ата-бабадан калган жерлер (эч кимге берүүгө болбойт).

2.      Менчик мураска калат.

3.      Yй-бүлө менчиги пайда болду.

           Алгачкы жамааттык коомдун менчик мамилелеринде эки маанилуу аспектини — мүлктү пайдалануу, кээде бирөөгө бере алуу жана мураска калтыруу айырмалоо керек.

Жамааттын ичиндеги мүлк жалпы болгон, аны бардык мүчөлөр пайдалана алган. Киши өлгөндө анын буюмдары жок кылынган же өзү менен кошо көмүлгөн. өлгөн кишиге таандык болгон үйлөр да өрттөлгөн, жерлер эгилбей ташталып салынган, отургузулган бак-дарактары кыйылган. Бара-бара ал өзгөрүп, жерди кийинки муундар иштете  баштайт. Жер уруктун менчиги болгондуктан  анын мүчөлөрү пайдаланууга гана укугу болгон, мурастоо, бирөөгө берүү уруктун ичинде гана жүргөн.

Жеке буюмдарды мурастоо да ушундай жол менен пайда болгон. Алгач өтө баалуу буюмдар калтырылган, калганы жок кылынган, кошо көмүлгөн. Калтырылган буюмду өз уругунун мүчөлөрү гана алышкан. Кийнчерээк бардык буюмдар мурасталат. Атасынын  буюмдарын уулдары, энесинин буюмдарьш кыздары мурастайт. Айрымдарда  майорат принциби — атанын мүлкүн балдарынын улуусунун мурастоосу — пайда болот.

Кечки уруулук жамаатта жер уруктук принцип боюнча бөлүнгөн. Ошого байланыштуу  айрым  учурларда бир никеде турган аял менен күйөөнүн ар кимисинин өз алдынча жери болгон. Ошентип, бул мезгилде үй-бүлөнүн да, жамааттын да жер менчиги жок болчу, алар жерди пайдалана гана алмак.

Алмашуу.  Аталган  мезгилде  алгачкы дыйкандар менен малчылардын ортосундагы алмашуу бир кыйла чон мааниге ээ болду. Анткени, дыйканчылыкка байланыштуу отурукташуу  ар түрдүү ресурстарга жетүү мүмкүчүлүгүн  чектейт жана жамааттар бири-биринен  обочолонот;  ага байланыштуу жамааттын аймагында жок же жетишпеген нерселерге муктаждык өсөт, чарбада өндүрүмдүүлүктүн өсүшү ашыкча азык-түлүктү пайда кылат жана аны алмашуу зарыл болуп калат.

Жамааттардын обочолонуусу күчөгөн сайын алмашуу маанилүү социалдык ролду ойной баштайт жана социалдык байланыштарды чыңдоонун эффективдуу механизми катары кызмат кылат.

Неолиттеги алмашуу төмөндөгүдөй болгон:

а) бир уруунун ичиндеги жамааттар алмашкан;

б) жакын жайгашкан уруулар бири-бири менен алмашышкан;

в) алыс жашаган уруулар алмашышкан.

         17-1.jpg

 

                                                                         1-сүрөт

17-2.jpg 17-3.jpg

                                  2-сүрөт                                              3-сүрөт

Жамааттардын арасындагы  жана жакын жашаган уруулардын арасындагы алмашууга алмашуучулар жеке өздөрү түздөн-түз катышкан. Ал эми алыс жайгашкан уруулар менен ортомчулар аркылуу же экспедиция уюштуруу аркылуу жүргүзүлгөн.

Неолиттеги уруулар негизинен ашыкча азык-түлүктөрүн, айрым буюмдарды алмашышчу. Жашаган  аймагындагы табигый чийки заттарды өздөрүндө жок нерселерге алмашышкан. Жашаган аймагында өзгөчө баалуу табигый ресурсу бар (мисалы, туз) уруу чоң утушка ээ болгон. Археологиялык казуулар айрым чийки заттар 2700км. аралыкка чейин ташылып келгенин көрсөтөт. Бул неолит урууларынын алыскы аймактарга бара алгандыгын жана байланыштын жандуу жүргөндүгүн далилдейт. Жамааттар буюмдун бир түрүн адистешкен жана аларды бири-бири менен алмашкан уруулар болгон.

 Неолитте алмашуу эквиваленттери пайда боло баштаган. Ал «алгачкы коомдогу акча» деп аталат. Анын ролун үлүлдүн  кабыгы, кооз куштардын канаты, туз ж.б. аткарган (1,2,3-сүрөт).

  Коомдук уюм.  Аталган  мезгилде социалдык байланышты чыңдаган жаңы факторлор: менчиктин жаңы формасы жана аны мурастоо пайда болду. Жерге менчиктин пайда болушу отурукташууну пайда кылды, ал өз кезегинде социалдык байланыш чегин тарытты, себеби отурукташкан уруктардын ортосунда көчүп жүргөндөгүдөй тез-тез байланышьп туруу мүмкүн болбой калды. Эми никелешүүдө жубайды алыстан эмес, жакындан  издөө  зарылдыгы  пайда болду. Ошого байланыштуу жамааттардын обочолонуусу күчөйт жана ички  консолидация  чындалат. Социалдык  байланыштьш  мейкиндигинин тарышы анын нейтралдоочу күчүн жоготту. Ошондуктан эски механизмдерди бекемдөө, жаңы механизмдерди табуу маселеси турду. Алар: уруктук уюм, жаш курактык топтор, эркектер үйлөрү, жашыруун союздар, өнөктөштүк, лидерчилик системасы, ар кандай дуалдык структуралар. Алардын универсалдык  негизи — тууганчылык.  Ата жана эне, алардын туугандары менен болгон туугандыкты социалдык туугандык дешет.

Алгачкы жамааттык коомдо социалдык туугандык коомдук уюмдардын көптөгөн формаларынын негизи болгон. Алардын кеңири тараганы — уруктук уюм.

Урук  неолитте  сегментардык  түргө өттү б.а. анда түрдүү иерархиялык звенолор бөлүнүп чыкты. Ал звенолордун негизгилери экөө: Урук (клан) жана линиж.

Урук ата-тегин бир деп эсептеген туугандардын унилинейлик тобу. Алардын биримдигинин символу — тотем. Урук — бирдиктүү аты бар жана экзогамдык топ. Сейрек  болсо да урук деңгээлинде  экзогамия  болбогон учурлар бар. Кээде бир нече урук биригип, экзогамдык биримдикти — фратрияны түзүшөт. Фратрияда бир атадан тараганбыз деген түшүнүк, айрым учурда экзогамия да болгон эмес. Туруктуу нике байланышы болгон уруктар же  фратриялар урууну түзүшөт. Уруунун ичинде эндогамия үстөмдүк кылат.

Линиж өтө жакын туугандардын тобу. Линиж мүчөлөрү айрым үй-чарбанын негизин жана жамааттын — локалдык топтун  өзөгүн түзгөн, анткени уруктун мүчөлөрү ар кайсы жамааттарга чачыраган. Линиж санжырасы 4-5, кээде 7 муунга чейин  жеткен. Линиждин башкы функциясы — жалпы эмгектенүү. Айрым учурда чогуу майрамдарды өткөрүшкөн.

Социалдык планда эң маанилүү орунду урук, көбүнчө анын бир бөлүгү — субклан ойногон. Калың төлөө, калың алуу, кун төлөө же төлөтүп  алуу, салтанаттарды, ритуалдарды өткөрүү, өч алуу, согуш баштоо субклан деңгээлинде ишке ашкан. Субкландын жалпы ритуалдык мүлкү, эркектер үйү, ритуалдык  аянты болгон. Айрым убактылуу жумуштарды да субклан уюштурган.

Уруктун мүчөлөрү  көп болгон жана кеңири аймакта жашаган. Урук жер бөлүштүргөн, аны кайра бөлүштүрүүнү жана өтө маанилүү салтанаттарды ишке ашырган. Урук менен субкландын ортосунда функциялардын бөлүнүшү  ар кайсы жамааттарда түрдүүчө  болгон. Көпчүлүк  маанилүү окуялар урук менен субкландын ичинде өткөндүктөн  фратрия менен уруу бир бүтүн  организм катары кеп байкалган эмес, бирок мындай абал алардын маанисин төмөндөткөн эмес. Уруу союздарын түзүү уруу  дэңгээлиндеги  иш эле, кадыр-барк экономикасы да уруу децгээлинде жүргүзүлгөн.

 Уруктун сегментардык бөлүнүүсү менен катар уруктардын арасында биригүү процесси да болуп турган. Тууган топтор, кээде ар башка уруктун субкландары бир урукка биригишкен. Урукка башка бирөөлөрдү кабыл алуу адопция деп аталат. Жаңы кабыл алынгандар тууган статусун алышкан. Уруктун  мүчөлөрүнүн 20-50% ин адопция жолу менен келгендер тузген. Социалдык-экономикалык өнүгүүнүн  натыйжасында урук  бекемделгенден кийин адопция татаал болуп калат. Тууган статусуна жаңы кабыл алынгандар эмес, алардын балдары, айрым учурда неберелери гана жетишчү.

Кээде туугандык байланыштар атайын үзүлгөн учурлар  болгон. Туугандык принциптер  да өзгөрдү. Баланын ата-энеси менен мыйзамдашкан байланышы филиация, ал эми ата-бабалары  менен санжыралык байланышы линиялык-даражалык туугандык деп аталат. Линиялык-даражалык  туугандыктын  унилинейлик (агнаттык) эне же ата тарабынан бир багыттагы  жана  билинейлик (когнаттык)— бир эле учурда ата жана эне тарабынан болгон эки багыттуу түрлөрү бар.

Линиялык-даражалык туугандыкка өтүү кечки уруктук уюмга өтүүнү билдирет. Инкорпорация, жубайлардын жашоо орду, балдарга жасаган мамилеси, никелик нормалар боюнча аталык жана энелик уруктар окшош болгон. Алар мурастоо маселесинде айырмаланышат. Аталык урукта статус, мүлк  атадан  балага, ал эми энелик урукта таекеден жээнге мураска калат.

Матрилокалдуулук шартында эркектердин аялынын жамаатына келип жашоосу бийлик системасында мамилени бир кыйла татаалданткан. Энелик урукта аялдын эркек туугандары бийликти колдон чыгарбас үчүн тең салмактуулук үч жол менен калыбына келтирилип турган:

ü  эркектер аялынын жамаатында жашаган менен өз жамаатын алмаштырган эмес;

ü  үй-булө эркек менен аялдын жамаатында кезектешип жашаган;

ü  үй-бүлнүн жашоо орду алмашат — үй-бүлө күйөөнүн таекесинде жашайт. Ал авункулолокалдуулук деп аталат.

Энелик уруктагы аялдын эркек туугандарынын бийлигинин атанын ролун төмөндөтүү  кемсинтүү аркылуу кармалышы, кээде бийликтин улуу күйөө балада болушу, моногамияга болгон тоскоолдук акыр аягында матрилиниялык структуранын жоюлушуна алып келди.