Лекция №15

Слайд №15      Тема: Жамааттык уюм. Рухий маданият. Искусство

          Жамааттык уюм. Эрте уруктук  жамаат, анны  локалдык топ деп да аташат, тууган үй-бүлөлөрдүн  тобунан турган. Ага сөөк  тамырлардын, дос-жарлардын үй-бүлөлөрү  кошулушу мүмкүн. Эгер  мындай бирөө болсо бир  уруктуу, ал эми көп  болсо көп  уруктуу  жамаат  деп аталат. Көп  уруктуу жамааттар басымдуулук кылат. Майда туугандар тобуна бөлүнүп  кыдырып  тиричилик  кылуу уруктук  байланыштарды  начарлаткан. Мындай шартта эрте уруктук жамааттагы урук менен жаамааттын өз ара катышы кандай болгон же негизги ролду кайсынысы ойногон деген суроо туулат. Чындыгында аталган мезгилде урук менен жамаат, уруктук жана чарбалык  мамилелер  окшош  болгон  эмес, бирок дал келген. Бул  мезгилде  урук  да жамаат  да толук  бойдон негизги  экономикалык  ячейка болгон эмес. Жамааттын мүчөлөрүнүн  бир тобу башка жамаатка кетет жана өз уругу менен байланышын түзөт, ошол эле учурда башка жамааттан  келгендер жаңы жамаатка белгилүү бир мезгилге чейин  толук мүчө болуп кире алган эмес. Ошондуктан  негизги  экономикалык  ячейка  болуп уруктун локалдашкан бөлүгү  болуп эсептелет. Бул  локалдашкан  топ  алгачкы  жамааттын негизги өзөгүн түзөт  жана  уруктун  башка  жамаатка  кетпей  турган бөлүгүнөн куралат.

          Эрте уруктук жамааттагы бийлик. Эрте уруктук жамаатта элдик бийлик үстөмдүк кылат. Анда улуу жаштагылардын колективдүү  эрки негизги ролду ойногон. Коллективдин эркин аныктоодо аксакалдар, тажрыйбалуу  адамдар  чоң кадыр-баркка ээ болгон. Бирок алардын бийлик жүргзүүсү  формалдуу түрдө күчкө ээ эмес эле. Башчынын  бийлиги  бүт топтун  кызыкчылыгы үчүн  кызмат кылган, ошондуктан  аны бүт топ өз аракети  менен колдогон. Укпагандарды бүт топ жазалаган. Башчы элден бөлүнгөн эмес, топ менен кошо эмгектенген, бардык иш чараларга бирдей катышкан.

         Социалдык нормалар. Жамаат  башкаруучунун же аксакалдар кеңешинин эрки менен гана башкарылган эмес. Жамаатта милдеттүү түрдө аткарылган  жана коом тарабынан көзөмөлгө алынган жүрүм-турум нормалары  болгон. Бул нормалар: эмгектин бөлүнүү эрежеси, кызматташтык, эмгек натыйжаларын болуштуруу, бири-бирин коргоо, экзогамия салттары. Алар муундан-муунга өтүп колдонулуп адат-салтка айланган. Бул эрежелер дин, мифтер аркылуу идеологиялык жактан да бекемделген. Ошентсе да бул нормаларды бузуучулар болгон.  Аларга  карата ишендирүү  менен  бирге мажбурлоо чаралары да колдонулган. Бул нормалар  адатта  жеке  адамдардын  ортосундагы мамилелерди эмес, топтордун ортосундагы  мамилелерди  жөнгө  салган.  Укук, адептүүлүк  жана этикет өз алдынча бөлүнүп  чыга элек кездеги жүрүм-турумдун  мындай  милдеттүү  эрежеси  мононорма аталат.

           Эрте уруктук жамаатындагы рухий маданият. Эрте  урук  жамаатындагы адамдардын чарбалык ишмердигине жана коомдук турмушуна ылайык келген рухий маданият калыптанган. Анын мурдагы мезгилдеги абалына караганда бир кыйла жогору экендигин алардын ой жүгүртүүсүнөн, тилинен, рационалдык  билим  менен  искусствонун,  мифологиянын,  диндин  башаттарынан  көрөбүз.

 Бул кезде адамдар системалуу ой жүгүртүүгө, кеңири  жалпылоо жөндөмдүүлүгүнө  жетише элек болчу. Бул алардын тилиндеги өзгөчөлүктөрдөн байкалат. Аларда курчап турган жаратылыш буюмдарын, кубулуштарын  атоодо айырмалоо, түрлөргө  ажыратуу болгон эмес. Ушундай эле көрүнүштү грамматикалык  өзгөчөлүктөрдөн да байкоого болот.

 Эмгектенүү процессинин жүрүшүндө көптөгөн  пайдалуу билимдерди топтошкон. Аңчылык, балыкчылык жана жыйноочулук иштерин ийгиликтүү жүргүзүү үчүн өздөрү ээлеген аймактын жаратылышын мыкты өздөштүрүүсү зарыл эле. Алар география, метеорология, астрономия, зоология, ботаника жана минералогия ж.б. боюнча бир топ билимдерди топтошкон. Ошондой эле аба ырайынын өзгөрүшүн алдын ала билишкен, шамалдын багытын жана изи боюнча жаныбарларды аныкташкан. Уулу чөптөрдү зыянсыздандыруунуун ыкмаларын өздөштүрүшкөн, асмандагы  жылдыздардын  жайгашуусун,  кыймылын жатка билүү менен түнү эле жол табышкан.

 Турмуштук тажрыйба физика жана химия боюнча билимдердин башаттарын өздөштүрүүгө алып келди. Адам найза ыргыткыч менен жааны ойлоп тапты, тери ийлөөнүү  өздөштүрдү. Адамдар сыныкты тануунун, чыкканды салуунун, жараны айыктыруунун жөнөкөй ыкмаларын өздөштүргөн. Мезолиттен тарта баш сөөктү ачып операция жасашкан, колдун, буттун жараксыз абалга жеткен манжаларын кесишкен. Сынган  сөөкө  шакшак коюшкан, жылан чакканда уусун соруп салышкан же чаккан жерди күйгүзүшкөн. Төрөлөрдө туура эмес келип калган баланын абалын оңдогонду билген дарыгерлер болгон.

       Жалпылоону, абстрактуу түшүнүктөрдү талап кылган билимдер жай өнүккөн. Сан, эсеп жөнүндөгү түшүнүктөр өтө жөнөкөй  жана чектелген санда болгон. Көпчүлк  жамааттарда  эсеп жүргүзүүнүн  негизинде кол, бут манжаларын санына байланыштуу 5,10 сандары турган. Эсептөөнүн  пайда болушу тамак-аш бөлүштүрүү   муктаждыгына байланыштууу жана алгачкы арифметикалык амал бөлүү  болгон деген  көз караш бар.

       Искусство. Мустье доорунда тиешелүү эстеликтерге  таштагы чуңкурчалар, анда боектордун издери табылат. Ошого байланыштуу искусство жогорку палеолитке чейин акырындык менен өнүгүп  келген деген пикир бар. Үңкүргө тартылган сүрөттөр Испаниядан, Франциядан табылган. Бул мезгилде адамдардын эстетикалык  идеалдары  али өтө  жөнөкөй эле, кооздукту баалоо жөндөмү  да чектелген болчу. Ошондуктан бул сүрөттөр  шарттуу, схемалуу тартылган.

Эрте  уруктук жамаат «бедизчилери» мамонттун  мурун сөөгүнөн адамдардын, жаныбарлардын фигураларын жазашкан (1,2,3-сүрөт Эрте палеолиттеги Кытай Түндүк Батышында Хуанхе дарыясынан жээгинен табылган “Венера”). Ташка, сөөктөргө сүрөттөрдү тартышкан. Бул мезгилге тиешелүү кичинекей скульптуралар  Евразиянын көпчүлүк  аймактарынан табылат. Жаныбарлардын скульптуралары аз кезигет, адамдардын, өзгөчө аялдардын фигуралары өтө көп.  Бул скульптуралар али примитивдуу, одоно жасалган. Аялдардын көкүрөгү, жамбашы  эпсиз чоң  жасалган.

15-1.jpg15-2.png

                                      1-сүрөт                                                 2-сүрөт

15-3.jpg

                                                                      3-сүрөт

 Үңкүрдө  тартылган сүрөттөрдө  адамдын сүрөттөрү жок, ал эми скульптураларда адамдар өтө көп. Бирок аларда адамдардын жүзү чагылдырылган эмес (4,5-сүрөт).. Аны жеке адамдын коллективден бөлүнбөгөндүгү, адамдын ички дүйнөсүнө кызыкпагандык менен түшүндүрүлөт. Бул  кездеги  искусствонун кандайдыр бир дин менен байланышы бар экендигин таануга болот. Мезолитте да бул искусствонун өзгөчөлүктөрү уланган. Мезолиттеги искусство эстеликтери Испаниядан, Орто Азиядан, Чыгыш Сибирден табылып изилденген. Аңчылык сценалары көп тартылган. Мезолиттеги искусство реалдуулуктан  шарттуулука өтө  баштаган. Жогорку  полеолитте   музыка  да бий да пайда болгон. Буга жогорку полеолитте табылган сөөк, мүйүз чоорлор, бийлеп жаткандардын сүрөттөрү күбө. Оозеки, музыкалык бий фальклору көркөм чыгармачылык менен биригип жөнөкөй театрлаштырылган көрсөтүүлөрдүн  негизин түзүшү мүмкүн. 

15-4.jpg

               4-сүрөт

             15-5.jpg

                                                             5-сүрөт 

Диний ишенимдер. Адамдар бул мезгилде табият кубулуштарын, болгон окуялардын себебин түшүнүүгө өздөрүнө  баш ийдирүүгө  аракет  кылышкан,  бирок көпчүлүк учурда өздөрүнүн алсыздыгын сезишкен. Ошол  себептен  диний түшүнүктөр   жаралган. Алгачкы  диний  түшүнүктөр болуп тотемизм, анимизм, фетишизм жана магия эсептелет.

  Тотемизм - урук менен тотемдин-жаныбарлардын, өсүмдүктөрдүн же жаратылыш кубулуштарынын ортосундагы туугандык байланышка ишенүү.Тотемге сыйынышкан эмес, аны туугандарына жардам берүүчү «ата», «ага» катары эсептешкен. Тотемге багыштап көптөгөн ырым-жырымдарды, анын ичинде тотемдин тукумун көбөйтүүчү ырым-жырымдарды өткөрүшкөн.

   Анимизм- денедеги жандын жана өз алдынча жашаган арбактардын бар экенине ишенүү. Анимистик ишенимдер жаратылышты жаны бар деп ишенүү менен байланышкан. Алардын жаны канында, көзүндө, шилекейинде, чачында, тырмагында болот деп ишенишкен. Мурун менен дем алууну, көлөкөнү жан деп түшүнүшкөн. Кишинин денеси өлөт, ал эми жаны болбойт.

   Фетишизм - жансыз буюмдардын касиетине ишенүү. Алгач үңкүлөргө, ташка, дарактарга, белгилүү бир эмгек куралына, кийинчирээк атайын жасалган буюмдарга ишенишкен. Фетиш - күч-кубат, кайрат берет, оору-сыркоодон сактайт, ишине жардам берет ж.б.

Магия - адамдын башка адамдарга, жаныбарларга, өсүмдүктөргө, табият кубулуштарына өзгөчө жолдор  менен таасир эте алуу жөндөмүнө  ишенүү. Магия «пайда» жана «зыян» келтирүүчү магия болуп бөлүнөт. «Пайда келтирүүчү»  магия  оорудан,  кырсыктардан  сактайт.  «Зыян келтирүүчү» магия аркылуу оору, кырсык ж.б. чакырууга болот.

          Диний  ишеним  менен  катары айрым сыйынуу жөрөлгөлөрү  да калыптана баштаган. Сыйынуу жөрөлгөлөрүн көрүүгө  алгач  бүт коллектив катышкан, кийинчирээк аны башкарган аксакалдар же атайын адамдар бөлүнүп чыккан. Аялдарга тиешелүү сыйынуу жөрөлгөлөрүн аял башкарган. Эрте жамааттык коомдогу  адамдардын рухий маданиятына жогоруда көрсөтүлгөн ишмердиктер ар бири өз алдынча болгон эмес, алар тыгыз айкалышкан. Тагыраак айтканда алар али синкреттик мүнөздө эле.

Тилдер жана этностук абал. Эрте  жамааттык  мезгилдеги  тилдердин  абалы  тилдик үзгүлтүксүздүк мүнөздөлөт, б.а. жакын  коңшулаш  аймактарда  жашаган жамааттар бир-биринин тилин түшүнгөн, ал эми жакын коншуларынын жанында жана алардан ары жашагандардын тили улам түшүнүксүз  болгон.

           Аталган мезгилде азыркы көптөгөн  тилдердин баба тилдери калыптанган деген

божомол бар. Алдыңкы Азияда нострат баба тили пайда болгон. Ага  Евразиянын  көпчүлүк  калкынын  тилдери Түндүк жана Чыгыш Африканын калкынын тилдери кирет. Чыгыш жана Түштүк  Чыгыш Азияда син-тибет, аустрия баба тилдери калыптанган. Тропикалык  Африкада Нил менен Нигер дарыяларынын ортосунда конго-сахар баба тили  калыптанат. Австралия  калкынын  бир  баба тили болгон, бирок анын Австралиядан башка булагы белгисиз. Айрым индей тилдеринин Евразия калктарынын тилдери менен байланышы бар экендиги далилденген. Эрте  урук  жамааты  мезгилинде  уруулардын  түзүлүү тенденциясы башталган.