Лекция №6

 

Тема: Жаңы коомдогу тарыхнаама

    ХVIIIк. Агартуу доорунда тарыхий процессти философиялык жактан түшүнүү, диний догмалардан баш тартуу башталат. Агартуучулар өз алдыларына тарыхтын жүрүшүн түшүнүүгө, анын мыйзамдарын билүүгө, алгачкы  доордон  мамлекетке карай кеткен жолду табуу максатын коюшкан. Агартуу доорунун окумуштуулары тарыхтын өнүгүшүндө алдыңкы ролду ойногон бир факторду табууга аракет кылышат. Монтескьенин ою боюнча  элдердин арасындагы айырмачылыкты климаттын ар түрдүүлүгү шарттайт, Вольтер — маданий жетишкендиктердин топтолушу элдердин рухий маданиятын өстүрөт жана тарыхтын жогорку тепкичине көтерөт, Гердер — географиялык  чөйрөнү  көрсөтөт ж.б. Тарыхий  процесстин өнүгүшүнө  көп  факторлуу түшүндүрмө берүүчү кийинки концепциялар бул ойчулдардын жетишкендиктерине таянат.

ХVIII к.  адамдын  теги  жана  анын жаратылыштагы орду жөнүндө да алгачкы гипотезалар сунушталган. Карл Линней приматтар отрядыңда адам түркүмүн бөлүп көрсөтөт жана аны Ното sарiеns (акыл эстүү адам) деп атаган.

Бул мезгилде А. Фергюссон, Жан Антуан Никола Кондорсе, Анн Рабор Жак Тюрго мезгилдештирүүнүн алгачкы схемасын түзүшкөн. Алгачкы коомду алар үч мезгилге бөлүшкөн, ал эми А. Фергюссон аларга жапайычылык,  варварчылык, цивлизация деген аталыштарды колдонгон. Анын схемасы боюнча жапайычылык  мезгилде  аңчылык,  балыкчылык үстөмдүк кылат (жеке менчик жок), жеке менчик варварчылык  мезгилде, малчыларда  пайда болот, ал эми цивилизацияга  өткөндө  дыйкандарда     өнүгөт.     Ошентип     А.Фергюссон     аталган баскычтарды менчиктин формаларынын өнүгүшү менен байланыштырган.

ХIХ к. биринчи жарымында Европа музейлериндеги археологиялык материалдарды классификациялоо башталат, адамдын сөөк калдыктарынын табылышына байланыштуу антропогенез  проблемасы  көтөрүлөт. Ж.Ламарктын  илимий ишмердигине байланыштуу эволюциялык окууга негиз салынды. ХIХк. экинчи жарымында  көптөгөн   илимдердин катарында  алгачкы  жамааттык  коом  жөнүндөгү илим да пайда болду. Ал археология,  этнология,  антропология  илимдеринин  өз  алдынча илим тармактары катары калыптанышы менен байланыштуу. Аталган  илимдердин  изилдөөлөрүндө  эволюциялык  идея үстөмдүк кылат.

Даниялык археолог Каунсиллер Томсен казууларда табылган эмгек куралдардьш жасалган материалына жараша таш, жез же коло, темир деп  алгачкы классификациясын берди (Л.Кардын айткандары илимий түрдө далилденди). Бул алгачкы коомду илимий мезгилдештирүүгө жол ачты. Чемберлен Ворсо  ар түрдүү  көрүстөндөрдөн  табылган  коло буюмдарды салыштыруудан салыштырма хронологиянын негиздерин түзүүгө жол салды. Свен Нильсон алгачкы коомду изилдөөдө археологиялык жана этнологиялык материалдарды  салыштырьш  изилдөө методуна  негиз салды. Этнологиялык  материалдарды  жалпылап немец  культурологу Густав Клемм 12 томдон турган эмгек жазды.

Ошол эле мезгилде дүйнөнүн ар кайсы аймактарынан географиялык жана этнологиялык материалдарды чогултуу улантылды жана ал маалыматтар дароо эле алгачкы коомдун тарыхьш калыбына келтирүүгө пайдаланылып жатгы. Этнологдор үй-бүлөнүн алгачкы формаларын, социалдык мамилелерди калыбына келтирүүгө аракет жасашты. Бул багытта бир топ ири окумуштуулар алдыга суурулуп чыгышты. Немец окумуштуулары Адольф Бастиан менен Теодор Вайтц бүт адамзат  психологиялык  жактан  бирдей  деген ой-пикирди көтөрүп, аны жигердүү жакташкан. Ал адамдардын маданиятты жаратууда жана өздөштүрүүдө мүмкүнчүлүгү бирдей дегенди билдирет.

Үй-бүлөнүн  алгачкы  формаларын, социалдык  мамилелерди  изилдөөнү  англиялык окумуштуу Генри Мейн, швейцариялык окумуштуу Иохан Якоб Бахофен башташты. Г.Мейн үй-бүлөнүн экономикалык ячейка экендигин,  алгачкы  коллективдердин  корпоративдик мүнөзүн белгилейт. Үй-бүлөдө эркек үстөмдүк кылат. Ал патриархалдык теориядан чыга алган эмес.  Ал   эми И.Я.Бахофендин   ою боюнча тарыхтын башталышында  жөнгө салынбаган жыныстык мамиле өкүм сүргөн, аны ал «гетеризм» деп  атайт. Андан кийинки  баскычта  энелик  үй-бүлө, энелик укук үстөмдүк кылат, аны өз  кезегинде  патриархалдык  үй-бүлө  жана  аталык  укук алмаштырат, б.а. ал жыйналган   этнологиялык материалдар үстөмдүк кылган патриархалдык  теорияга  карама-каршы  келерин  байкаган.

Шотландиялык адвокат Жорж Мак-Леннан бул баскычтардын өзгөрүшүн экономикалык себептер менен түшүндүргөн. Ал илимге «эндогамия» жана  «экзогамш»  түшүнүктөрүн киргизди жана никенин матриокалдык  жана  парттокалдык  болорун  көрсөттү.

Америкалык  этнолог Л.Г.Моргандын  изилдөөсү  алгачкы жамааттык. коомдун тарыхына карата көз карашты кескин өзгөрттү. Ал адвокат катары Америкадагы индейлердин укугун коргогон. Анын көрсөткөн кызматына  ыраазы  болгон  индейлер  аны  өз киши  катары Ирокез уруусуна кабыл алышкан. Уруунун мүчөсү катары ал индей коомуна ичинен байкоо жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк алат. Натыйжада ал «Байыркы коом» деген эмгегин жаратты.  Л.Г.Морган  алгачкы  коомдогу элдердин коомдук  мамилелеринин  чордонунда үй-бүлө эмес, урук  турарын көрсөтөт. Урук экзогамдуу жана анда туугандык эне тарабынан жүргүзүлөт. Л.Г.Моргандын дагы бир жаңылыгы:

 — урукта  менчиктин  коллективдүү экендигин байкагандыгы. Анын ою боюнча менчик  мамилелеринин  өнүгүшүнүн  натыйжасында энелик урук аталык урукка өтөт. Ал алгачкы коомдун дагы бир маанилүү институтуна — үй-бүлө жана нике мамилелерине көңүл бурган. Ал тууганчылыктын топтук (туугандар топторго бөлүнөт жана алрды атоого бир термин колдонулат) жана жекече (жеке адамдардын ортосундагы тууганчылык)  системаларынын негизинде үй-бүлөнүн бир нече формасын калыбына келтирген, бирок кийинки  изилдөөлөрдө  алардын  айрымдары  далилденген  эмес.

Европада  табылган  адамдын сөөк калдыктарын жана аны менен кошо табылган эмгек куралдарьш баяндаган эмгектер пайда болот (Буше де Перт). Ал эмгек куралдарын мамилелешпей туруп жасоо мүмкүн эмес, ал эми мамиле түзүү үчүн тил керек, тил өз кезегинде социалдык байланышты орнотот, социалдык байланыш  үй-бүлөнү,  коомду  жаратат  деп  жазат. Буше де Перт байыркы мезгилди археологиялык изилдөөгө негиз салды жана анын изилдөөлөрүнөн археология жана этнология боюнча билимдердин байланышы даана көрүнөт.

ХIХ к. экинчи жарымында англиялык археолог Джон Леббок жана француз окумуштуусу Габриель де Мартилье таш  заманын  этаптарга  ажыратышты.

Жогорку палеолиттеги искусствону изилдөө улантылды, археологиялык казуулардын масштабы кеңейди. Алгачкы  коомдун тарыхын калыбына келтирүүдө  археология менен этнология бири-бирин толуктап, колдошуп иштешти. Археология хронологияны аныктоодо, ал эми этнология коомдук институттарды калыбына келтирүүдө көмөктөш болду. Алардын жетишкендиктери ХIХк. адамды биологиялык жактан изилдөөлөр менен толукталды.

Биологияда 1859-ж. Ч.Дарвин эволюциялык теорияны негиздеди. Швейцариялык Карл Фогт 1862-ж., англиялык Томас Гексли   1863-ж.   адамдын  эволюциялык  жол  менен  пайда  болгондугун, анын маймылдар менен окшоштугун айтып чыгышты. 1871-ж. Ч.Дарвин адамга шимпанзенин жакын турарын айткан. Немец зоологу  жана  морфологу  Эрнест Геккель антропогенездин башатында ортодогу примитивдүү форма турарын болжолдоп, аны «питекантроп — маймыл сымал адам» деп атаган. Мындай жандыкты 1891-ж. голландиялык врач Евгенин Дюбуа Ява аралынан тапты.

Алгачкы коомдун тарыхын изилдөөдө башында Эдуард Тайлор турган эволюциялык мектеп чоң роль ойноду. Эволюционисттер тарыхий процессти бир багытта, жөнөкөйдөн татаалга ырааттуу өтүп келаткан процесс катары түшүнүшкөн, адамзаттын прогрессивдүү өнүгүшүнө ишенишкен, өнүгүүнү ушундай кабыл алышкан. Бул жерден алардын көз карашынын чектелгендиги көрүнөт.

Э.Тайлор өзү алгачкы жамааттык коомдун тарыхын калыбына келтирүү чөйрөсүндө көп эмгектенген. Ал илимге эскинин калдыктарын шилдөө методун, б.а. маданияттагы өткөн мезгил менен (мисалы, алгачкы коом менен) байланышы болушу мүмкүн болгон кубулуштарды иликтөө методун киргизген.

Л.Г.Моргандын ачылыштарынын  таасири  менён  Карл Маркс  менен Ф.Энгельс коомду терең  изилдөөгө киришкен. К.Маркс жана Ф.Энгельс буга чейин эле «Немец идеологиясы» деген эмгекте тил мненен ой жүгүртүүнүн жаралышы, адамдын жаратылыштагы орду жөнүнд^ жазышкан. Алгачкы жамаатгык коом, андагы жалпы менчик, таптардын, элден бөлүнгөн бийликтин жоктугу К.Маркстын «Капиталистик өндүрүшкө чейинки формалар», «Саясий экономияны сындоого карата» деген эмгектеринде чагылдырылган. Алгачкы  алмашуу, жеке менчиктин, таптардын пайда болушу ж.б. маселелер «Капиталда» да көтөрүлгөн. Айыл жамааты тууралу ой-пикирин В.И.Засуличке жазган катында көрсөткөн. Ф.Энгельстин «Маймылдын адамга айлануусундагы эмгектин ролу» деген  эмгегинде адам менен жаратылыштын өз ара мамилеси, адамдын  калыптанышында  социалдык  жана биологиялык  факторлордун катышы даанараак ачылып берилген. К.Маркс «Капиталда», ал эми Ф.Энгельс аталган эмгегинде адамдардын эмгеги айбандардын инстинкт деңгээлиндеги «эмгегинен» кескин айырмаланарьш жазышат. Эмгек куралын жасоо — адам эмгегине мүнөздүү өзгөчө белги, анткени ал аң-сезимдүү иш-аракет болуп саналат. Ф.Энгельс адамдын жаралышында табигый-тарыхий фактор эмес, социалдык-тарыхий фактор башкы ролду ойноорун далилдеген. Анын  эмгек  жөнүндөгү теориясы алиге чейин маанисин жогото элек.

Л.Т.Моргандын  аталган змгегин К.Маркс 1880-1881-жж. зор ынтаа менен конспектилеп  чыккан  жана бир катар сын-пикирлер менен бирге автордун ачылыштарына жогору баа берген.

Ф.Энгельстин «Үй-бүлөнүн, жеке менчиктин жана мамлекеттин пайда болушу»  деген эмгеги алгачкы коомдун  тарыхы  боюнча  марксисттик адабияттагы зор эмгек. Ал Фергюссон-Моргандын мезгилдештирүүсүн жаңы мазмун менен байыткан жана аскердик демократшнын чектелген мүнөзүн көрсөткөн. Урукка  чейинки  да мезгил болгондугун, урук коомдун тарыхий (б.а. пайда болгон жана жок боло турган) формасы экендигин көрсөтөт. Алгачкы коомдогу жамааттын экономикалык ролуна токтолуп, анын варварчылык стадияда патриархалдык үй жамаатына айланарын, акырындап уруктук коомдун негизин бузаарын көрсөтөт. Бул  процесстер  жана стадиялар үй-бүлөнүн формаларынын  эволюциясы менен биргеликте каралат. Эмгектин төртүнчү басылышында үй-бүлө, нике мамилелери боюнча жаңы изилдөөлергө ылайык өзгөртүүлөр, тактоолор киргизилген.

Бул эмгектерге таасирленген орус окумуштуулры Николай Иванович Зибер менен Максим Максимович Ковалевский  алгачкы  жамааттык коомдун өнүгүшүндө  материалдык жана өндүруштүк факторлор негизги ролду ойногон деген көз карашты сунушташат.

Н.И.Зибер алгачкы жамааттын өнүгүшүн уруктук жана аймактык жамаат деп экиге бөлгөн, ал эми М.М.Ковалевский үй-бүлөлук жамааттын универсалдуу экендигин көрсөтөт.

XX кылым алгачкы  коом  боюнча археологиялык жана  палеоантропологияык жаңы табылгаларга бай болду. Аларды талдап, ой-жүгүртүүнүн негизинде алгачкы жамааттык коомдун тарыхына   карата   көз   караштар   өзгөрдү.   ХХ к.   башында Европадагы үңкүрлөр изилдене    баштады.    Алардан сөөк коюлган жайлар, таш куралдар, сөөк буюмдар, сүрөттөр ачылат. Бул табылгаларды жалпылаштырып,   испан   археологу Гуго Обермайер 1907-ж. «Тарыхка чейинки адам» деген эмгек жазды. Бул эмгек палеолитте, мезолитте  маданияттын  ар түрдүү  болгондугун, адамдардын аталган мезгилдерде    бир кыйла технологиялык жана маданий жетишкендиктерге ээ болгондугун көрсөттү. Ушул эле мезгилде француз археологу Анри Брейль  аскага  тартылган  сүрөттөр  менен  сөөк  буюмдарды  изилдей  баштайт.

Неолит  дооруна  тиешелүү  табылгалар  бул  мезгилде маданий салттардын  өтө  көп  түрдүүлүгун.   адамдар  карапа  жасай баштаганын, мал-чарбачылык, дыйканчылык пайда болгонун көрсөттү. Аларга негиздешш, англиялык археолог Гсрдое Чайлд 1930-ж. «неолит төңкөрүшү» жөнүндөгу концепцияны жаратгы. 1924-ж. Түштүк    Африкада    австралопитектин    сөөк калдыктары, 1927-ж. Кытайда  синантроптор табылды. Азыркы адамдын эволюциясыңца неандерталдар  фазасы негизделет (1927-ж., Алеш Хрдличка). Кылымдын  башында  Неандерталь  табылгасын немец анатому жана морфологу Густав Швальбе, Франциядан (Шапель-о-Сен)   табылган   скелетти   француз  антропологу  жана  палеонтологу Марселен Буль  изилдешип,  аны неандерталь  адамы  катары     негиздешкен.   Ошентсе     да неандерталь  фазасы,  азыркы адамдын пайда болушу тууралу талаш-тартыштар али басыла элек.

1924-ж. Түштук Африкадагы Раймонд Дарттыв табылгасы питекантроптон мурда адам сымал маймылдардан жогору турган жандыктар — австралопитектер болгондугун көрсөттү.

Англиялык палеонтолог Давидсон Блэк, немец анатому Франц Вайденрайх синантропторду изилдеп, питекантроптор стадиясынын морфологиясын такташты. Ошантроптор Ява питекантропторуна караганда прогрессивдүү.

1931-1932-жж. П.П.Ефименко менен П.И.Борисковский археологиялык  маалыматтарды талдап, урук кечки палеолитке өтүү мезгилинде пайда болгондугун далилдешти.

Жаңы  табылгаларды  жалпылап  1938-ж. Петр  Петрович Ефименко «Алгачкы коом» деген китеп жазат. Анда адамдын биологиялык тиби менен технологиялык прогресс синхрондоштурулган.

Ошол мезгилде адамзаттын өнүгүшүндө эки секирик идеясы пайда болгон (ЯЛ.Рогинский).

1944-ж. америкалык археолог Халлам Мовиус төмөнкү палеолитте эле Чыгыш менен Батыштын маданиятында айырмачылык пайда болгонун көрсоткөн, ал эми советтик археологдор (Сергей Николаевич Замятнин, Александр Александрович Формозоз) маданиятгагы айырмачылыктар жогорку палеолиттен башталаарын ырасташат.

1960-жж. табылгалар австралоптектердин жашы миллиондоп эсептелерин көрсөттү. Муну менен адамдын жаныбарлар дүйнөсүнөн бөлүнүп чыгышьгаын алгачкы фазалары далилденди. Англиялык окумуштуу жубайлар Луис  жана  Мэри Ликилер, алардын уулу Ричард Лики Чыгыш Африкадан алгачкы адамдардын турак жайын, эмгек куралдарын адам сөөктөрү менен кошо табышкан.

Алдыңкы Азиядагы, Нилдин  бойлорундагы  археологиялык  изилдөөлөр өндүргүч чарбанын пайда болушун далилдей турган материалдарды берди. Өндүргүч чарба комплекстүү түрдө IX—Х м.ж. пайда болгондугу көрүндү. Николай Иванович Вавилов, анын коллегалары, окуучулары алгач өсүмдүктөр колго өстүрүлө баштаган жана жаныбарлар колго  үйрөтүлө баштаган  борборлорду ачышты. Аларды пайдаланып азыркы археологдор чарбанын алгачкы формаларын, түрлөрүн, чарбанын бир түрү үстөмдүк кылган аймактарды белгилеп жатышат.

Археологдор  Алдьңкы  Азияда  неолитте карапа жасоо болбогондугун (VII—VIII м.ж.), ал эми Японияда Х м.ж. карапа табылаарын, төртүнчүлүк мезгилди изилдеген геологдор, палеогеографтар бир кезде материктерди бириктирип турган кургактык-көпүрөлөрдүн болгондугун далилдешти.

1950-жж. баштап археологияда геофизикалык методдордун колдонулушу алгачкы коомдун этаптарынын абсолюттук даталарын аныктоого жардам берди.

Этнология илими да артта турган элдерди изилдөөдө жана алар боюнча алгачкы мезгилди калыбына келтирүүдө бир топ ийгиликтерге жетишти. Атап айтканда этнологдор ХХ к. ичинде төмөндөгү проблемалардын үстүндө изилдөөлердү жүргүзүп, бир топ табылгаларга ээ болушту:

Ø  Александр Михайлович Золотарев айрым элдердеги туугандык      байланыштарды,   маймылдарга      жүргүзүлгөн  байкоолорду эске алып жыныстык мамилелердик  баштапкы  формасы  промискуитет  болбогондугун  далилдеди;

Ø  Жогорку  палеолиттеги  аялдардын  статуяларынын  көп учурашы.   Алгачкы   жамааттык   коомдун   буга   чейинки мезгилдеринде жолукпаган бул фактыны кандай түшүңүүгө болот?   Археологдор   П.П.Ефименко,   Павел   Иосифович Борисковский, этнолог Сергей Александрович Токарев ал энени — очоктун ээсин  чагылдырат деп түшүндүрүшөт.

Алгачкы уруктук жамаатта эненин ролу чоң болгон.

Ø  Экзогамиянын    пайда болушу жөнүндөгү маселеге кайрылып, С. П. Толстов аны чарба менен байланыштырат.

Ø  С.П.Толстов, Максим Григорьевич Левин, Николай Николаевич Чебоксаров дүйнө элдерин чарбалык-маданий типтерге жана тарыхий-этнографиялык  аймактарга бөлүп чыгууну негаздешти. Ал алгачкы коомдун тарыхын изилдөөгө чоң таасир берди, анткени мындай  бөлүштүрүү чарбалык-маданий типтердин эң алгачкы формаларын изилдөө менен байланышкан.

Ø  Этнологияда   экономикалык   (Мосс,   Ю.И.Семенов), потестардык-саясий (Эдуард Эванс-Притчард, Лев Евгеньевич Куббель), юридикалык (Марк Осипович Косвен, А. И. Першиц, Ю.И.Семенов) этнология деген субдисциплиналар пайда болду жана бул багыттагы изилдөөлөр алгачкы жамааттык  коомдун тарыхынын айрым    маселелерин түшүнүүгө жардам берди.

М.О.Косвен, С.П.Толстов, Сергей Алексеевич Токарев ж.б. дыйканчылык менен мал-чарбачылыктын    пайда    болушун, диний түшүнүктөрдүн өнүгүшүн изилдешти.

Антропологдор Я.Я.Рогинский, М.Ф.Нестурх, М.М.Герасимов, Г.Ф.Дебец, В.В.Бунак ж:б. антропогенез маселелерин, азыркы расалардын пайда болушу жөнүндөгү маселени изилдөөгө зор салым кошушту. М.М.Герасимов баш сөөк боюнча адамдын жүзүн калыбына келтирүү методикасын иштеп чыкты.

Леви-Брюль жана Клод Леви-Строс коомдук аң-сезимди изилдешти. Бул маселеде, айрыкча, К.Леви-Строс ийгиликтүү эмгектерди жаратты. Коомдук аң-сезимдин формаларын изилдөөде А.П.Окладников, СА.Токарев, ЮЖФранцев, А.А.Формозов, В.Р.Кабо ж.б. да бир топ эмгек жасашты.

Лингвистика  тилдердин, тилдик уялардын пайда болушун тактады. Тилдердин баштапкы  формасын, алардын  кийинки  өнүгүшүн  Ңиколай Яковлевич Марр, америкалык лингвист  Морис   Сводеш,   Владислав   Маркович   Иллич-Свитыч изилдеген.

В.М. Иллич-Свитыч жана анын окуучулары  мезолитте ал  турсун  жогорку  палеолште   нострат   тилдери болгондугун далилдешет.