СӨИ (СРС) №2

Тема: Алгачкы жамааттык коомдун тарыхын изилдөө булактары жана тарыхнаамасы

Багыттар,

каралуучу маселелер

  Аткаруучу иштер

 

   Адабияттар

 

1.Изилдөө булактары

2.Тарыхнама

 

1.Археологиялык булактар

2.Этнологиялык булактар

3.Антрапологиялык булактар

4.Лингивистикалык булактар

5.Этимология булактары

6.Геология жана географиялык булактар

7.Археозоология, археоботаника булактары

8.Физика, химия жана информатика булактары

9.Античтик доордогу АЖКТ боюнча ой жүгүртүүлөр

10.АЖКТ боюнча орто кылымдагы көз караштар

11.АЖКТ боюнча жаңы коомдогу көз караштар

1.Семенов Ю.И. Как возникло человечество. М.,2002.

2.Алексеев.В.П., Перщиц А.И. История первобытног общества Изд.6-ое. М.: АСТ. Астрель, 2007

3.Гиренко Н.М. Соцтология племени. Становление социалогичечкой теории и основные компоненты социальной динамики. СПб., 2004.

4.Эралиев С.Н. Алгачкы жамааттык коомдун тарыхы  Бишкек, - 2014.

5.История первобытного общества. Эпоха первобытной родовой общины. М.,1986

Аткаруунун түрү: Реферат даярдоо. Реферат боюнча талкуу жүргүзүү.

РЕФЕРАТ- ар бир студент  өзү билген тема боюнча жазылган кыска илимий эмгек. Илимий стилди калыптоодо чоң мааниге ээ, тактыгы, маалыматтарынын арбындыгы, тилинин жеткиликтүүлүгү менен айырмаланууга тийиш. Рефератта илимий маалымат гана камтылбастан, референттин (реферат жазган автордун) темага карата мамилеси чагылдырылып баасы берилет.  Реферат референттин өз сөзүнөн турат, анда айрым зарыл деп эсептелген учурларда гана шилтемелер колдонулат жана ал кайдан  алынганы (китептин автору, аты, чыккан жери, жылы, бети) көрсөтүлөт. Илимий иштин бул жөнөкөй түрүн ар кандай композициялык планда түзсө болот. Адатта реферат төмөнкүдөй ыраттуулукта түзүлөт:

-кириш бөлүмү - рефераттын темасы, ал тема боюнча жазылган тарыхый булактар жана илимий эмгектер жөнүндө кыска маалымат ж.б.

-рефераттын негизги бөлүгү - тема боюнча кыскача, бирок жеткиликтүү илимий маалымат берүү, баяндалган маалыматтарга карата, анын мааниси тууралуу жыйынтыктар, жалпылоолор жасоо.

Реферата илимий талдоо берүүгө, тарыхый булактардан, илимий эмгектерден өбүрөөк пайдаланууга аракеттенүү керек, ошондой эле ал  илимий изилдөөнүн алгачкы усулу болот.

     Көлөмү  5-6 же 8-10 бет болсо жетет. Жогорудагы темалар боюнча реферат жазууда жогоруда берилген адабияттарды колдонуп,  тарыхый жана археологиялык булактарга көбүрөөк көңүл бөлүү керек. Теманы жазууда салыштырма методду колдонуп өзүңөр жыйынтык чыгарышыңар керек. Жогорудагы берилген суроолорго да көңүл бөлүп, аларга жоопту туура бергиле. Китептен сөзмө -сөз көчүрүлгөн реферат жараксыз болуп, балыңар төмөн болуп калышы күтүлөт.

Компетенциялар боюнча текшерүү коддору

ЖК-1,     КК-4