Глоссарий

Австралопитектер (лат.abstralis - түштүк жана грек. pitehkoz-маймыл) - эки буттап баскан алгачкы адамга айлануучулар.

Аванкулат (лат. avunculus -таяке) - таяке менен жээндин өзгөчө байланышын талап кылган тартип.

Авакулолакалдуулук (лат.avunculus -таяке жана Locus-орун, жай) - үйлөнгөн жубайлардын таякесинин үйүндө же тобунда жашоосу.

Агнаттык туугандык (лат.agnatio- ата тарабынан тууган) - тууганчылыктын ата тарабынан эсептелиши.

Адопция, адоптация (лат.adaptio, adaptatio) - уул же кыз асырап алуу.

Амбилинейлүүлүк (лат.ambo-эки жана linea-багыт) -тууганчылыктын же ата, же эне тарабынан аныкталышы

Амбилокалдуулук ( лат.ambo-эки жана locus-орун, жай) - үйлөнгөн жубайлардын каалоосу боюнча күйөөсүнүн же аялынын тобунда жашоосу.

Анимизм  (лат. anima, animus-жан, арбак) - денедеги табияттан сырткаркы жанга, же өз алдынча жашаган арабактарга сыйынуу.

Антропогонез (грек. antropos- адам жана  genesis -жаралуу ) - адамдын жаралуу процесси.

Антропосоциогенез (грек. antropos- адам, лат. societas- коом, грек. genesis - жаралуу, пайда болуу) - адамдын жана адам коомунун жаралуусунун бирдиктүү процесси.

Антропоморфтук (грек. antropos- адам жана  morphe- форма) - адамсымал.

Апополитей коомдору (грек. apo -чейин жана  politeia- жасалган) - адепки цивлизация пайда болгонго чейинки алгачкы коомдор.

Артефакт (лат. arte - табигый эмес жана faktum -жасалган) - кол менен жасалган буюм.

Артыкбаш азык  түлүк  - жашоо үчүн зарыл болгондон ышыкча коомдук азык-түлүк. Ал али кошумча азык-түлүк боло элек жана эксплуатация мамилелерин жарата элек.

Архантроп (грек.archaios - эзелки жана anthr Opos – адам ) – эзелки адам.

Айыл жамааты (түрк.) - көчмөн жана жарым көчмөн малчыларда кошуналык жамааты билдируу үчүн колдонулган термин.

Аустриялык жалпылык (лат.australis -түштүк) - Түштүк Азиянын көптөгөн тилдеринин алгачкы жалпылыгы.

Бигмен ( англ.big чоң -тап адам ) - таасирдуу эркек, жамааттын иш жүзүндөгү лидери.

Билинейлүүлүк ( лат.bis - эки жолу жана linea -бакыт) - тууганчылыкты ата тарабынан да, эне тарабынан да аныктоо.

Биолокалдуулук (лат.bis –эки жолу жана locus -орун жай) - үйлөнгөн  жубайлардын күйөө менен аялдын тобунда кезектешип жашоосу.

Вирилокальность (лат.vir – күйөө жана locus – орун, жай) - үйлөнгөн жубайлардын күйөөсүнүкүндө жашоосу.

Геронтицид (грек.geron – улгайган киши жана лат. caedes – олтуруу)  улгайгандарды өлтүрүү.

Геронтократия (грек.geron – улгайган киши жана kratos–бийлик) - улгайгандардын, аксакалдардын бийлиги.

Гетеризим (грек. hetaira –курбу, көңүлдөш) - никеге чейинки жана никеден сырткары мамилелердин эркиндигин билдирүүчү термин.

Гинекократия (грек.gyrie –аял, жар жана kratos– бийлик) - аялдын үй- бүлөдө жана коомдо үстөмдүк кылышы.

Гиперогамия (грек.hyper – жогору жана gamos -нике) - статусу жогору турган кишиге күйөөгө чыгуу же аялга үйлөнүү.

Гипогамия (грек.hypo  - төмөн жана gamos - нике) – статусу төмөн турган кишиге күйөөгө чыгуу же аялга үйлөнүү.

Глоттохронология (грек.glotta - тил жана chromos - убакыт) - тилдеги лексикалык өзгөрүүлөр боюнча мезгилди аныктоо методу.

Гоминиддер (лат.homo - адам) - кишилер үй -бүлөсү.

Гоминины (лат.homo - адам) - кишилер үй-бүлөсүнө кирүүчү топ.

Гомо примигениус (лат.homo primigenius) - биринчи адам.

Гомо сапиенс (лат.homo sapiens) - акыл-эстүү адам.

Гомо хабилис (лат.homo habilis) - колу жөндөмдүү адам.

Гомо эректус (лат.homo erectus) - тике туруп баскан адам.

Дендрохонология (грек.dendron - дарак жана chromos - мезгил) - дарактардын жылдык шакекчелери аркылуу мезгилди аныктоо методу.

Дефлорация (лат. de - алып салууну билдирген  приставка  жана flos - гүл, кыздык белги) - кыздык белгини алып салуу.

Диастема (грек.diastema - аралык) - азуу менен кашка тиштердин ортосундагы аралык.

Диморфизм (грек.di - эки жолу жана morphe - форма) - эки формада боло алуу касиети.

Дислокальность (лат.dis - ажыроону билдирүүчү приставка жана, locus - орун, жай) - жубайлардын ар башка топто жашоосу.

Дисэкономикалык үй-бүлө (лат.dis, жана грек.oikos -үй,чарба) - жалпы чарба жүргүзбөгөн үй-бүлө, түгөйлүү үй-бүлө ошондой болгон.

Доместикация (лат.domesticus - үгө тийешелүү) – өсүмдүктөрдү же жаныбарларды бакмалаштыруу.

Дриопитеки (грек.drys - дарак жана  pithekos - маймыл ) - казууда табылуучу адам сымал маймылдар.

Дуалдык уюм (лат.duo - эки) - эки уруктун же кийинчерээк пайда болгон фратриянын өз ара никелешүүчү уюму. Кеңири мааниге алгачкы жамааттык коомдо бардык жерде таралган коомдун бинардык уюму жана анын рухий маданиятта чагылышы.

Дуолокалдуулук (лат.duo - эки жана  locus - орун, жай ) - үйлөнгөн жубайлардын аял менен күйөөсүнүн тобунда кезектешип жашоосу.

Идеография (грек.idea - идея жана grapho - жазам) - белгилери (идеограмма,иероглиф) бутундой сөз-түшүнүктөрдү билдире турган жазуу.

Иерархиялык коом (грек.hieros - ыйык  жана arche - бийлик) - социалдык жана мүлктүк жиктелүү пайда болгон алгачкы коом.

Иероглифтер (грек.hieros - ыйык жана glipho - ойомун; б.а.ташка оюп түшүрүлгөн ыйык белги ) - египеттик идеографияларды гректер ушинтип аташкан.

Инициация (лат.initiatio - кабыл алуу, катарына өткөрүү) - өспүрүм балдарды жана кыздарды эрезеге жеткен эркектер менен аялдардын катарына өткөрүү жөрөлгөсү.

Инфантицид (лат.infans - бала жана caedes - олтуруу) - ымыркайларды өлтүрүү.

Каста (португ.casta - раса, урук, сословие) - тарыхий  жактан алганда кесптик адистешүүгө, көбүнчө өзгөчө этноско тиешелүү экендиги менен байланышкан адамдардын жабык тобу.

Качуу – туугандардын жана же сөөк-тамырлардын ортосундагы өз ара мамиледеги тыюу салуулардын жыйындысы.

Клан (гельче clan, clainne - урук, уруу) - урук. айрым окумуштуулар бул термин менен аталык урукту же жамаатын уруктук өзөгүн гана аташат.

Композиция (лат.compositio - ордун толтуруу) - кан кууп өч алууга альтернатива катары өлтүргөндүгү үчүн кун төлөө же денеге зыян келтиргендиги үчүн алдыга түшүү.

Конкубинат (лат.соn - чогуу жана сubo - жатам) - Байыркы Рим мыйзамдары боюнча  күйөөсү жок аял менен никеге кирбей эле жашоо.

Кросскузендик нике (англ.cross – кайчылаш жана cousin - эки бир тууган ага-ини, эки бир тууган эже-синди) - таякенин же атанын эже-синдилеринин кыздары менен никелешүү.

Кувада (франц.couva, de - жумуртка басып чыгаруу) - атанын баланын төрөлүшүнө тиешеси бар экендигин көрсөтүүчү салт.

Левират (лат.ltvir - кайнага, кайни) - эки же андан көп бир туугандар менен бир мезгилде никеге туруу, кийинчерээк күйөөсү каза болгондо  кайнагасына же кайнисине турмушка чыгуу.

Линиж (англ.lineage –тек, урук, лат.Linea –багыт) - уруктун ичиндеги бир атадан тараган жакын туугандар.

Локалдык топ (лат.ljcus - орун, жай) - аңчылардын, жыйноочулардын жана балыкчылардын эрте уруктук жамаатынын аталышы.

Магия (грек.mageia - сыйкырлоо) - өзгөчө, адаттан тыш ыкмалар менен чөйрөгө таасир берүү мүмкүнчүлүгүнө ишенүү жана ошондой аракеттер.

Матриархат (лат.mater - эне жана грек.arche - бийлик) - аялдын үй-бүлөдө жана коомдо үстөмдүк кылышы.

Матрилинейлүүлүк (лат.mater – эне, linea - багыт) - тууганчылыкты эне тарабынан эсептөө.

Матрилокалдуулук (лат.mater - эне жана  locus - орун, жай) - үйлөнгөн жубайлардын аялдын тобунда жашоосу.

Матронимия (грек.mater - эне жана  onoma - ысым) - өздөрүнүн тегин эне тарабынан эсептеп ,ошого жараша аталган  топ.

Мезолит (грек.mesos - орто жана lithos - таш) - орто таш доору.

Мифология (грек.mythos - уламыш) - мифтердин (уламыштардын) жыйындысы.

Моногамия (грек.monos - бир, жалгыз, жана gamos - нике) - бир аял,бир күйөө менен никелешүү.

Мононорма (грек.monos - бирдей лат. norma - эреже) - укук, адептүүлүк,этикет өз алдынча ажырай элек кезде милдеттүү болгон жүрүм –турум эрежеси.

Нагуализим (майяларда «нагуаль» -өмүрү белгилүү – бир адамдын өмүрү менен купуя турдө  байланышы бар деп эсептелген кандайдыр - бир жаныбар) - жеке колдоочу – арбактарга ишенүүнү туюндуруучу термин.

Неантроп (грек.neos - жаны жана anthropos - адам) - азыркы адам.

Неолит (грек.neos - жаны жана  lithos -таш) - жаны таш доору.

Неолокалдуулук (грек.neos-жаны жана locus - орун,жай) - үйлөгөн жубайлардын өз туугандарынан болунуп өзүнчө жашоосу.

Нострат жалпылыгы (лат.noster - биздин же nostras - ушул жердик) - Евразиянын көптөгөн тилдеринин алгачкы жалпылыгы.

Ономастика (грек.onoma -ысым) - энчилүү аттарды изилдеген тил илиминин бир бөлүгү.

Ордалии (кечки лат.ordalium - сот) - таптар пайда болор алдындагы жана эрте таптык коомдогу сот. Мында атайын сыноолордо жогорку күчтөр күнөөлүүнү табат деп эсептешкен.

Ортокузендик нике (грек.orthos - тике жана  англ. cousin - эки бир тууган ага-ини,эки бир тууган эже-сиңди) - атасынын бир тууган ага-инилеринин же энесинин бир тууган эже-сиңдилеринин кыздары менен никеге туруу.

Остеодентокератиялык индустрия (лат.os - сөөк, dens - тиш, грек. keras - мүйүз) - буюмда Палеоанрды жасоого көбүнчө сөөктү,тишти, мүйүздү пайдалануу.

Палеоантроп (грек.palaios - байыркы жана anthropos - адам) - байыркы адам.

тропология (грек.palaios - байыркы, anthropos - адам жана logos -сөз, илим) - казууда табылган адамдарды изилдөөчү антропологиянын бөлүгү.

Палеодемография (грек.palaios - байыркы, demos - эл жана grapho - жазам) - алгачкы коомдогу калктын составын жана кыймылын изилдөөчү демография илиминин бөлүгү.

Палолит (грек.palaios - байыркы жана lithos - таш) - байыркы таш доору.

Палентология (грек.palaios - байыркы, on - жашаган жана logos - окуу) - казууда табылган организмдерди изилдөөчү илим.

Парантроп (грек.para - жакын жана anthropos - адам) - казууларда табылуучу австралопитеке жакын турган адам сымыл маймыл.

Патриархат (лат.pater - aта жана грек. аrche - бийлик) - эркектин үй -бүлөдө жана коомдо үстөмдүк кылышы.

Патрилинейлүүлүк (лат.pater - ата жана linea - багыт) - тууганчылыктын ата тарабынан эсептелиши.

Патриолакалдүүлүк (лат.pater - ата жана locus - орун, жай) - үйлөнгөн  жубайлардын күйөөнүн тобунда жашоосу.

Патранимия (грек.pater - ата жана onoma -ысым) - өздөрүн тегин ата тарабынан эсептеп,ошого жараша аталган топ.

Петроглиф (грек.hetra - таш, аска жана glyphe - оюу) - аскага тартылган сүрөт.

Пиктография (лат.Picturа -сүрөт жана  grapho - жазам) - сүрөт аркылуу жазуу.

Плезиантроп (грек.plesios – жакын жана anthropos – адам) - казууларда табылуучу австралопитеке жакын турган адам сымал маймыл.

Полиандрия (грек.poly - көп жана, Andros - күйөө) - бир мезгилде көп күйөө менен жашоо.

Полигамия (грек.poly - көп жана, gamos-нике) - көп никелүүлүк.

Полигиния (грек.poly - көп жана,gyne - аял) - бир мезгилде көп аял менен жашоо.

Популяция(лат.populus -эл) - өз ичинен никелешүүчү адамдардын тобу.

Потестардык уюм (лат.potestas - бийлик) - мамлекет пайда болгонго чейинки бийликти белгилөө учун колдонулуучу термин.

Потлач (нуткаларда (индейлер) "патсхатл"- белек берүү) - топтолгон байлыкты адам өмүрүнүн белгилүү бир учурларында өткөрүлө  турган атайын той-майрамдарда келгендерге таратып берүү.

Пресапиенс (лат. ргае - алдында жана sapiens - акыл-эстүү) - homo sapiensке, акыл-эстүү адамга чейинки адам.

Преэмпция (лат.ргае -чейин,алдында жана emptio - сатып алуу) - эмнеге артыкчылык берсе ошону сатып алуу укугу.

Приматтар (лат.primus - биринчи, алгачкы) - чала маймылдар, маймылдар жана адамдар кирген жогорку сүт эмүүчүлөр отряды.

Промискуитет (лат.promiscuus - аралаш, баарына бирдей) - эркек–аялдардын ортосундагы мамиледеги эч нерсе менен чектелбеген эркиндик.

Протоистория (грек.protos - жөнөкөй, алгачкы жана-тарых) - тарыхтын алды, кошуна цивилизациялардын жазма эстеликтери боюнча изилдөөгө боло турган алгачкы коомдордун тарыхын айрым окумуштуулар ушундайча белгилешет.

Протонеолит (грек.protos - жөнөкөй,алгачкы,neos - жаңы жана lithos - таш) - мезолитти айрым авторлор ушундай аташат.

Пуналуа (гавай.punalua - жакын жолдош) - гавай ак сөөктөрүндө колдонулуучу бир туугандардын бир нече тууган эмес аялдар менен никелешүүсү. Л.Г.Морган анын негизинде байыркы никенин бир формасын жанылыш сунуштаган

Рангалашкан коом (франц.rang же англ.rank - ранг) - социалдык жактан жиктеле баштаган алгачкы коомду айрым авторлор ушул термин менен аташат.

Редистрибуция (лат.redistribuo - кайра бөлүштүрөм) - азык-түлүктү бир топтун ар кайсы мүчөлөрүнүн же коомдун катмарларынын ортосунда кайра бөлүштүрүү.

Реципрокалдуулук, реципроктук, реципрокация (лат.reciproco - кайтарамын) - материалдык баалуулуктарды же кызмат корсөтүүнү эквиваленттүү алмашуу,алмашууда тең болуу.

Рэмидж (англ.ramage - санжырадагы орду) - же конус түрүндөгү клан иерархиалашкан туугандардын табу. Мында кишилердин социалдык статусу урук башчыга тике да, кыйыр да багыт боюнча генеалогиялык жакындыгына жараша аныкталат.

Сегментардык уюм (лат.segmentum - бөлүк) - уруктун  же жана жамааттын майда топторго, алардын өз кезегинде дагы майда топторго болунуу системасы.

Сиблингдер (англ.siblings) - бир тууган ага-инилер жана эже-синдилер.

Синполитей коомдору (грек.syn - бир мезгилде, жанаша жашаган жана politeia - цивилизация) - алгачкы цивилизация пайда болгондон кийинки сакталып калган алгачкы коомдор.

Сорорат (лат.soror - эже-сиңди) - бир мезгилде эки же андан көп эже-сиңдилер никеде туру, кийинчирээк каза болгон аялынын эжеси же синдиси менен никелешүү.

Социогенез (лат.societas - коом жана грек.genesis - пайда болуу) - адам коомунун жаралуу процесси.

Стратификацияланган коом (лат.stratum - катмар) - мүлктүк жактан жиктеле баштаган алгачкы коомду айрым авторлор ушундайча аташат.

Топонимика (грек. Topos -жай, орун жана onoma - ат, ысым, аталыш) - ономастиканын географиялык аталыштары изилдөөчү бөлүмү.

Торевтика (грек.torevo -оюу, оюп сүрөт салуу) - металлды кооздоп оюу салуу.

Тотем («от-отем»,оджибве - индейлеринин тилинде "анын уругу" дегенди билдирет) - кандаш тууган, кийинчерээк ата-теги деп эсептелген жаныбарлардын, кээде өсүмдүктөрдүн, буюмдардын же табият кубулуштарынын кандайдыр бир түрү.Кийинки өнүгүүсүндө тотем уруктун эмблемасы гана болуп калган.

Тотемизм («тотем» дегенден) - тотем менен тыгыз байланышы бар экендигине  ишенүү.

Травестизм (франц.travestir - башка кийим кийүү) - эркектер, кээде аялдар тарабынан «жынысын алмаштырууну» көрсөтүү.

Трайбализм (лат.tribus - уруу) - урук-уруу уюмунун башка социалдык байланыштарга көңүл бурбаган уруулаштардын тилектештиги, уруулардын бөлүнүп-жарылуусу, жол башчылардын таасири ж.б.у.с. калдыктарынын жалпылаштырылган аталышы.

Уксорилокалдуулук (лат.uxor - аял  жана locus -орун) - үйлөнгөн жубайлардын аялдын уругунда жашоосу.

Унилинейлүүлүк (лат.unus - бир жана linea - багыт) - тууганчылыкты бир жактан ,ата же эне жактан эсептөө.

Унилокалдуулук (лат.unus -бир жана locus - орун, жай) - жубайлардын чогуу жашоосу.

Фетишизм (португал.feitigo-тумар) - белгилүү бир жансыз буюмдардын сыйкырдуу күчүнө ишенүү.

Филиация (лат.filius filia - уул, кыз) - тууганчылыкты ата-эненин бири тарабынан белгилөө.

Фратрия (грек.phratria - бир туугандык, боордоштук) - бир уруунун ичиндеги уруктун бөлүнүшүнөн, кээде жасалма бириктирилишинен, пайда болгон бир нече уруктардын тобу. Уруктардын эки гана фратрияга топтолушу дуалдык уюмдун кенири таралган формасы болгон.

Халколит (грек.chalkos - жез жана lithos - таш) жез - таш кылымы (энеолит)

Харизма (грек.charisma - жыргал) - адамга кудай берген асыл кудурет.

Хоумленд (англ.home - үй жана  land - жер, өлкө, "тууган жер" дегенге жакын ) - Түштүк Африка Республикасында жана Намибияда жергиликтүү калк үчүн түзүлгөн резервациялар.

Шаманизм  (эвенк.шаман -эс-учун жоготуу) - бакшылык, бакшылардын эс-учун жоготуу мезгилинде арбактар менен суйлөшүү кудиретине ишенүү.

Эгалитардык коом (франц.egalitaire -тең укуктуу, теңдеме) - айрым окумуштуулар социалдык жана мүлктүк жиктелүүгө чейинки алгачкы коомду ушул термин менен аташат.

Эго (лат.ego - мен) - тууганчылыктын башатын белгиөө үчүн кабыл алынган термин.

Экзогамия (грек.ехо - сырткары жана gamos - нике) - өз тобундагылар менен никелешүү тыюу салуу ж.б.топтун же топтордун мүчөлөрү менен никелешүүнү талап кылуу.

Эндогамия (грек.endon -ичинде жана gamos - нике) - бир топтун ичинде никелешүү.Талап кылынуучу (нормативдик эндогамия) же күйөө менен колуктулардын байланышынын көптүгүн байланыштуу колдонулган (чыныгы эндогамия) болушу мүмкүн.

Эндоканнибализм (грек.endon - ичинде жана испан.canibal,бузулуп айтылганы кариб - киши жегич) - өлгөн туугандарын, жол башчылары ж.б. жеп алуу ырым-жырымы.

Энеолит (лат.aeneus - жез ж.б. грек.lithos - таш) - жез-таш кылымы (халколит).

Энипалеолит (лат.epi - кийин, palaios - байыркы жана lithos - таш) - айрым авторлор мезолитти белгилөө үчүн колдонушат.

Эпоним (грек.epi - жанында, артында, кийин жана onoma - ысым) - кимдир-бирөөгө атын берген, адатта уруктун башчысы болгон ата-баба.

Этиология (грек.aitia -себеп) - себебин, тегин  тушундурүү.

Этноистория  (грек.ethnos - эл жана historia -тарых) - (кара) протоистория.

Этноним (грек.ethnos - эл жана onoma -ысым, ат) - элдин атын билдирүүчү термин.