Лекция №21

Тема: Эмгектин коомдук бөлүнүшүнүн андан ары тереңдеши. Алмашу.

Эмгетин алгачкы ири коомдук  бөлүнүшүнүн тереңдеши, экинчисинин калыптана башташы алмашуунун өнүгүшү менен коштолду. Жамаатык  коомдун алгачкы  мезгилинде жаратылыштын өгөчө байлыктарын, ал эми жаңы мезгилинде белектерди алмашуу кеңири тарагандыгын билебиз. Кадыр-барк экономиканын өнүгүшү менен алмашуунун бул эки формасы дагы да чоң мааниге ээ болду. Алар менен катар чыныгы экономикалык  алмашуу-алмашуу байланыштары эмес, алмашылуучу буюм чоң мааниге ээ болгон алмашуу пайда болду. Дыйкандар малчылардын мал, эт, сүт азыктарын, тери, жүн  алышкан, өз кезегинде малчылар дыйканчылык азык-түлуктөргө, металл, карапа, ж.б. буюмдарга муктаж болушат. Жамаатар аралык алмашуунун өнүгүшү менен аны менен байланышкан айрым коомдук институттар  бекемделе  баштайт. М:  мейман  достук,  ал алмашуу максатында  келгендерге  алардын өмүрүн, мүлкүн коргоого кепилдик болгон.

21-1.jpg21-2.jpg

Кол  өнөрчүлүк  бөлүнүп  чыга башташы менен алмашуу дагы бир кыйла чон мааниге ээ  болот  жана өнүгөт. Эми алмашуу жамаатардын ичинде да жүрө баштады. Буюмдардын, азык-түлүктөрдүн бир бөлүгү атайын алмашуу үчүн өндүрүлөт. Андай буюмдар жөнөкөй базарларга алып келинген. Базар күндөрү ал жерге миңдеген адамдар келишкен.

Чыныгы экономикалык алмашуу адамдарда эквиваленттүүлүк нарк өлчөмү жана алмашуу каражаты тууралуу түшүнүктөрдү пайда кылды жана алар жөнүндөгү мурдагы түшүнүктөрдү өнүктүрдү. Эквиваленттин  ролун мурдагыдай  сейрек кездешүүчү буюмдар аткарган. М: иттин, чочконун, аюунун, акуланын тиштеринен жасалган мончоктор, кооз куштардын канаттары же үлүлдүн кабыктарынын тизими ж.б. алмашуу каражатынын  ролун туз, мал, малдын териси да аткарган. Металл пайда болгон элдерде нарк өлчөмү катары металл уютмалары, металл буюмдар пайдаланылган.

Алмашуунун өнугүгүшү, чарбанын башка тармактарынын өнүгүшү менен кошо жолдорду курууну жакшыртууга, унааны өркүндөтүүгө алып келди.

Алмашуу операцияларын буюмдарды жасаган усталардын өздөрү жүргүзүшкөн. Жол башчылар  жана  бигмендер алмашууда ортомчу болууга өзгөчө кызыктар болушкан. Бара-бара таптар пайда болуу доорунда соодагерлердин бөлунүп чыгышы бышып жетилип каган. Бул эмгектин коомдук үчүнчү ири бөлүнүшүн билдирет.