Лекция №7

II. АЛГАЧКЫ ЖАМААТТЫК КООМДУН КАЛЫПТАНЫШЫ

 

Тема: № 3  Адамдын теги жана эволюциясы     

 

               Лекциялык сабактын максаты:

· Адам сымал маймылдардын адамга жакындыгын көрсөткөн белгилерин аныктоо;

· Австралопитектер, архантроптор, палеонтроптор жөнүндөгү окумуштулардын көз караштары менен таанышуу аркылуу бул адам сымак маймылдардын азыркы адамга жакындык белгилерин талдоо;

Негизги түшүнүктөр:  приматтар, антропоиддер, рамапитектер, дриопитектер, ологенизм, моногенизм, табигый тандоо, жыныстык тандоо, австралопитектер, Homo habilis ("колу жөндөмдүү адам"), Олдувай маданияты, Питекантроп еректус, архонтроптор, синантроп, телантроп, атлантроп, Гейделберг адамы, Неадарталь адамы, пресапиенс тобу,  токтоочу жайлар, тургун жайлар

                                        

                                         План

1.Приматтар отяды. Австралопитектер

2.Архантроптор.Палеонтроптор

 

                                               Адабияттар:

1.Эралиев С.Н. Алгачкы жамааттык коомдун тарыхы  Бишкек, - 2014.

2.Алексеев.В.П., Перщиц А.И. История первобытного общества: Учеб.для вузов по спец. "История.- М.: 1999.

3.Семенов Ю.И. Как возникло человечество. М., 2006.

4.Деревянко А.П., Холюшкин О.П., Ростовцев П.С., Воронин И.Т. Неандартельская проблема как задача статистического анализа // Сибирское археологическое обозрение / http: www.sati.archaeologu.nsc.ru/ sibirica/index.htmI?mi=izdaniya&i d=1852 

5.История первобытного общества. Общие вопросы. Проблемы антропогенза. М., 1983

 

Слайд №7а  1.       Приматтар отяды. Австралопитектер  

         Англиялык табият таануучу Чарлз Роберт Дарвин (1-сүрөт) 1859 – жылы «Табигый тандалуу жолу менен түрлѳрдүн келип чыгышы же жашоо үчүн күрѳштѳ ыңгайлашкан тукумдардын сакталышы» деген эмгегинде эволюциялык окууну негиздеди, б.а. ѳсүмдүктѳрдүн жана жаныбырландын түрлѳрүнүн туруктуусу болбой дайыма ѳзгѳрүп турарын, азыркы учурдагы түрлѳр табийгый тандалуунун негизинде мурдагы түрлѳрдон ѳсүп чыккандыгын аныктаган. Эволюция негизинде фактордун (ѳзгѳргүчтүк, тукум куучулук, табийгый ылгоо) ѳз ара аркети аркылуу ишке ашат. Өзгѳргүчтүк организмде       жаңы белгилерди  пайда кылат, тукум куучулук аларды бекемдейт, табигый ылгоо аркылуу жашоого жѳндѳмсүз организмдер жок болот. Тукум куучулук ѳзгѳргүчтүкѳ жана табийгый ылгоонун тынымсын аракетенүүсүнѳ байланыштуу организм жаңы ыңгайлашкан белгилерге ээ жана жаңы түр пайда болот. Бул эмгекте адамдын теги жѳнүндѳ эч нерсе айтылган эмес, бирок аталган эмгек бул багытта изденүүгѳ түрткү болду. Карл Фогт менен Томос Гексли адамга жакын турган жандыктар катарын шимпанзе  менен орангутангды кѳсѳтүшкѳн. Ч.Дарвин 1871 – жылы "Адамдын теги жана жыныстык тандоо» эмгегинде бул маселеге атайын кайрылып, адамдын африкалык адам сымал маймылдарга тектеш экендигин жана адамга эн жакын турган шимпанзе экендигин ырастайт (2-сүрөт).Ошол эле учурда азыркы белгилүү болгон адам сымал маймылдардын эч кайсынысы адамдын ата теги боло албайт деп кѳрсѳткѳн. Кийинки изилдѳѳлѳр, ѳзгѳчѳ генетика илиминин маалыматтары Ч.Дарвиндин илимий божомолдорун далилдеди.

                  1-сүрөт                                                          2-сүрөт

7-1.jpg7-2.jpg

 XIX-XX кк. Адамдын байыркы ата-бабаларынын сѳѳк калдыктарын табылышыны адамдын эволюция калыбына келтирүүгѳ мүмкүнчүлүк берүүдѳ. Адам сымал маймылдардын адамга жакындыгын кѳрсѳткѳн белгилер: мээнин жана  интеллектин жогору ѳнүгүшү, эмгектенүүгѳ жѳндүүлүк, беш манжалуу кол жана тике басуу. Адам биологиялык жактан жаныбарлар дүйнѳсүнүн хордалууар тибине, сүт эмүүчүлѳр классынын приматтар отрядына кирет. Приматтар – тропикалык жана суптропикалык жаралаган жогору ѳнүкѳн жогорку плаценттардык сүт эмүүчѳрдүн тобу. Приматтардын арасынан догору ѳнүккѳн антропоиддер бѳлүнүп чыгат. Байыркы антропоиддер бир нече түрлѳргѳ бѳлүнѳт. Алардын бир түрү – эгиптопиктер гоминоиддик   багыттын башаты болуп саналат. Мындан 16-15 млн.жыл мурда гоминоиддер Африкадан Европага, Түштүк Азияга чейин таралган.    Гоминоиддерден гоминиддик  багыт мындан 22-25 млн.жыл бѳлѳнүп чыккан   деп божомолдонгон. Анын баштапкы түрү 1932-жылы  Индиянын түндүгүнѳн табылган рамопитек жѳндѳмдүү болгон деген кѳз караштар айтылып келген. Бирок азырга чейин аларга адамга айлануунун  маанилүү окумуштуулар бул гипотезадан баш тартышты.   Гоминиддик багыт  мындан 14 млн.жыл мурда бѳлүнүп чыккан дарактын башында жашаган дриотектер  менен байланыштыралат.        7-3.jpg

Гомониддердин баарынын мээ кѳлѳмү чоң, тулкусун  түз алып эки буттап басат,  кылдат иш  жасаганга  жѳндѳмдүү, колдорунун баш бармагы башка манжаларга бетме-бет жайгашкан. Азыркы  адамды  приматтар  отрядынын  гоминид  үй-бүлѳсүнүн гмо түркүмүндѳгү сапиенс түрүнѳ киргизишет.     Адамдын  адам сымал  маймылдар тектеш экендиги далилденген факт, бирок адамдын ата-теги болгон  антропоиддерди  аныктоо  маселеси  бар. Бул боюнча тѳмѳндүгүдѳй үч теория сунушталат.

- Ологенизм (фр. антраполог Монтондон). Бул теория боюнча адам кѳп аймакта маймылдын бир нече түрүнѳн пайда болгон.

- Полигенизм (нем. Антрополог  Г.Клаач). Г.Клаач ою боюнча адам көп аймакта бир нече түрүнѳн пайда болот.

- Моногенизм (анг.табият тануучу Ч. Дарвин). Бул теорияга ылайык адам казуулардан табылуучу антпоиддердин (адам сымал маймылдар) бир түрүнѳн жаралган. Бул кѳз карашты жактагандар кѳп.

   Адам сымал маймылдардын адамга айлануу процесси тѳмѳнгүдѳй божомолдонот. Токойлуу талааларда жашаган адам сымал маймылдар дарактын башында да, жерде да жашап тиричилик кылышкан. Кийинчерээк айрымдарды такай жерде жашоого ѳтѳт, анткени алар даракта жошоого ың-гайлашкандар менен катаал таймашка утулуп калышаты. Дарактан саванналарга жашоого ѳткѳн антропоиддер бир нече багытта ѳнүгѳ баштайт. Алардын бир тобу жаратылыш буюмдарын курал катары системалык түрдѳ пайдалануу жолуна тушѳт. Дайым курал колдонуу колдун бошошуна, тике басууга туура келди. Натыйжада адамга айлана турган жандыктар пайда болот.

    Алгач  куралдарды коргонуу үчүн пайдаланса, кийинчерээк кол салуу үчүн пайдаланган. Жырткычтарга аңчылык кылышкан, мѳмѳсү, жер-жемиштер менен азыктанууну да уланта беришкен. Маймылдардын адамга айлануусунун фактору катары табийгый тандоо  (К.Фогт, Т. Гексли), жыныстык тандоо кѳлѳмүнүн чоңоюшу айрым-айрым кѳрсѳтүлѳт. Бирок алар бир жактуу, морфологиялык маалыматтарга негизделип,адамдын коомдук табияты эске алынбайт.

     Ф.Энгельс  бул  маселеде  социалдык  факторго–эмгектенүүгѳ чечүүчү маани берет. Тамак - аш табуу үчүн, душмандардан коргонуу үчүн  эмгектенүү адамдын дене түзүлүшүн  ѳзгөртүү жана коомдун  жаныбарлар эле – чогуу тамак – аш чогултушкан, чогу коргонушкан, бирок алардын жаратылышка тийгизген  башка  сүт  эмүүчүлѳрдүн тийгизген таасиринен айрамаланган эмес. Алар колдонууда, тамак – аш чогултууда таякты, союлду, ташты пайдаланышы мүкүн, бирок ал эмгек эмес. Эмгек максаттуу түрдѳ эмгек куралын жасоодон башаталат. Эмгек курал жаратылыш ресурстарын жигердүү пайдаланууда алгачкы  адамдарга  кеңири мүмкүнчүлүктѳрдү ачты: тамак – аш базасын кеңейтти, коргонууда кубаттуу мүмкүнчүлүкѳ ээ болду. Чогу эмгектенүү коллективдин бекем болушуна алып келди. Адамдардын ортосунда байланышуу зарылдыгы келип чыкты. Бул зарылдыктан тил пайда болду.   Антропогенизде социалдык факторго кѳнүл бѳлүү менен Ф.Энгельс анын биологиялык факторлорун да четке каккан эмес. Ал гуминиддердин эволюциясында тике туруп басуунун, колдун, мээнин  ѳнүгүшүнүн маанисин  да ачып кѳрсѳтѳт. Андан сырткары тамак – аш катары этти пайдалануу адамдын организмине он таасир бергендигин да белгилеген. Ф.Энегельстин теориясы социалдык жана биологиялык  мыйзам ченемдүүлүктѳрдүн синтези болуп саналат .

     Антропогенез узак мезгилди жана бир канча мезгилди тарыхый – эволюциялык формалардын алмашуусун камтыган процесс. Азыр белгилүү болгон формалардын эволюция катары тѳмѳндѳгүдѳй: австралопитек – питекантроп- неандарталь – кроманьон.  Булардын  арасында да ѳтмѳ формалардын болгондугун шарттаган жагдайлар бар, бирок алар али табыла элек. Ошол эле учурда айрым  табылган  формалардын  орду али аныктала элек же талаш пикирлерди жаратып келатат.

 

Австралопитектер. Слайд№ 7б Австралопитектердин алгачкысын 1924 – ж.Түштүк Африкадан Р.Дарт тапкан. Андан бери Түштүк жана Чыгыш Африкадан, Африканын башка айрым аймактарынан антропоморфтук маймылдардын кѳптѳгѳн скалет сѳѳктѳрү табылды. Аларды үч түргѳ бириктиришет: Австралопитектер, парантроптор, плезиантроптор. Алар австролопитектер үй–бүлѳсүн түзөт. Австралопитектер эки буттап  баскан (1,2-сүрөт).  Австралоптиектердин  мээсинин кѳлѳмү 500-600 см 3 тузѳт. Боюнун орточо узундугу 120 см, ал эми салмагы 22–55 кг. Австралоптиектердин 6 түрү белгилүү. Аларды алп денелүү жана кичине бойлуу австралопитектер  деп экиге бѳлүшѳт.       1959-ж. Танзанияда Олдувай тоолорундагы капчыгайдан казылып алынган табылга эки буттап баскан, мээсинин кѳлѳмү чоң, тишинин түзүлүшү да адамдыкына окшош ѳзгѳчѳлүктѳрү менен айырмаланат. Ал зинжантроп – «Чыгыш Африка адамы» деген атка ээ болду . Зинжантроп  мындан 1.5млн жыл мурда жашаган. Аны менен кошо табылган олдоксон жасалган таш куралдар ага таандык экенин талаш бойдон келатат. 1960 – ж. жубайлар Луис жана Мэри Ликилер ошол эле капчыгайдан зинжантроптон мурда жашаган адам сымалдардын сѳѳгүн табышкан(3-сүрөт). Ага презинжантроп ат берилди. Презинжантроп 1 млн. 850 миң жыл мурда жашаган. Ошол эле катмардан олдоксон жасалган таш куралдар табылат. Бул презинжантроп  эмгек  куралын  жасагандыгынын далили. Ошондуктан  аны  Homo habilis («колу жѳндѳм адам» ) деп аташты (1,2-сүрөт).

                                    7-4.jpg 

1965 – ж. Кениянын  түдүгүнѳн  табылган  австролопитектин  жашы 5-5,5 млн.жыл деп эсептелинет. Ошол катмардан табылган таш куралдарына 2,6-2,7 млн.жыл болгондугу далилденген. Хабилистерди  Homo түркүмүнүн алгачкы ѳкүлү карашат. Анын мээ кѳлѳмү 800 м3га жетет, ал эми анын түзүлүшүндѳ да ѳзгѳчѳлүктѳр бар экенин кѳрсѳттү. Баш сѳѳктүн мандай жагы бийик жана томпок. Бул анын акыл-эс жагынан ѳскѳндүгүн кѳрсѳтѳт. Буттары да азыркы адамдын буттарына окшош, ошондой эле анын колдору эмгектенүүгѳ бир топ эптүү болуп калган. Бул адам биротоло жаныбарлар дүйнөсүнөн бөлүнүп чыкандыгын кѳрсѳтѳт. Хабилистер канаттууларга, кемирүүчулѳргѳ аңчылык бөлүнүп чыкандыгын кѳрсѳтѳт. Австропитектер менен кошо  сѳѳктѳр, мүйүздѳр кѳп табылат. Р.Дарт алардын эмгек куралы  катары пайдаланынганын далилдеген. Эмгек куралы катары жыгач да пайдаланшы мүмкүн. Бирок, эң башкы материалы таш болгону талашсыз. Австролопитектер менен табылган эң байыркы таш куралдар  Олдувай маданияты деп  аталат (1,2-сүрөт). Олдувай маданиятынан тѳмѳнкѳ полеолит башталат. Летолил (Лаэтоли) Олдувайга 60 км жакын байыркы адам издери, тиш калдыктары табылган жер.Вулкан атылган жерде, вулкан басылгандан кийин анын чанында 3,7 млн. жыл мурда удаа басып кеткен эки адам изи табылган

               (1,2сүрөт).      7-5.jpg

Олдувай куралдарынын үлгүлөрү

7-6.jpg

  Хабилисти автролопитектин ѳкүлү катары карат Homo түркүмүнѳ киргизбеген окумуштуулар да бар.

Презинжантроп табылган катмарда атайын тизилгендей чон таштар кезигет. Айрым окумуштуулар аларды турак жайдын жер жайдын жерпайы катары карашат. Хабилистер сырткы  чѳйрѳнүн  жагымсыз  таасирлеринен  коргонуу үчүн тосмолорду курушкан.

Австролопитектер болжол менен мындан 5мнл.жыл мурда Чыгыш Африкада пайда болгон. 3млн.жыл мурда Чыгыш Африканын аймактарынын ээлешет. Чѳп-чар, жер-жемиш катар  этти  да жешкен. Алардын павиандарга анчылык кылгандыгынын далилдери бар. 3-сүрөт     7-7.jpg7-8.jpg

Австралопитектер топ-топ болуп жашашкан. Топ болуп жашоо жырткычтардан коргонууга, ошондой эле аларга кол салууга мүкүнчүлүк берген. Денедеги жүндөрдөн арылуу да ушул стадияда ишке ашкан деген божомол бар.

    Африканын түштүгу чыгыш аймактарынан алгачкы эки буттап баскан жандыктардан тартып азыркы адам чейинки эволюциясы көрсөткөн баардык формалар табылган. Ошондуктан Африка адамзаттын бешиги катары каралат.

Ошентип, мындан 2,5-3 млн.жылча мурда антропогенез процесси башталган.