Лекция №25

Тема: №12  Таптар пайда болуу дорундагы үй-бүлө жана нике

      

Лекциялык сабактын максаты:

· Таптардын пайда болушу мезгилиндеги үй-бүлө жана нике өзгөчөлүктөрүн тактоо;

· Таптык коомго чейинки үй-бүлө жана нике менен таптык коомдогу  үй-бүлө жана никенин окшоштуктары жана айырмачылыктарын  аныктоо;

 

Негизги түшүнүктөр: моногамиялык, патриолокалдуулук, ортокузендик нике, авункулаттык үй-бүлө, амбилинейлүүлүк, траестизм, кувада.

                                 

                                План

1.      Таптар пайда болуу доорундагы үй-бүлө

2.      Таптардын пайда болуу доорундагы нике

 

              Адабияттар:

1.      Эралиев С.Н. Алгачкы жамааттык коомдун тарыхы  Бишкек, - 2014.

2.      Алексеев.В.П., Перщиц А.И. История первобытног общества Изд.6-ое. М.: АСТ. Астрель, 2007.-350 с.

3.      История первобытного общества: Эпоха первобытной родовой общины. М., 1986.

4.      Семенов Ю. Брак и семья: возникновение и развитие общества //Научно-просветительскую журнал «Скепсис» // http: //scepsis.ru/Iibrary/id 6 htmI

 

Эмгек өндүрүмдүүлүгүнүн өсүшү жана ошого байланыштуу жекече эмгектин маанисинин өсүшү, айрым үй-бүлөлөрдүн туруктуу экономикалык жана социалдык топ болушун  шарттады.  Туруксуз  түгөйлүү  никени бекем  моногамиялык үй-бүлө (грек. Monos-бир, жалгыз жана gamos- нике, бир аял, бир күйөө менен никелешүү) чыга баштады. Эркектин чарбадагы ролунун жогорулашы менен мурда пайда боло баштаган патрилокалдуулукка (лат. Pater-ата, Locus-орун, үйлөнгөн жубайлардын күйөөсүнүн тобунда жашоосу) өтүү күчөдү. Тараптардын макулдугу менен калың төлөө аркылуу никелешүү  никенин  негизги формасына айланды. Анын оордугунан жана согуштук талап-таноонун  көбөйгөндүгүнө байланыштуу мурда сейрек учуроочу кыздарды ала качуу  көбөйөт. Айрым  элдерде  калыңды  өз уругунан сыртка чыгарбоо, азайтуу же такыр  эле  төлөбөө максатында ортокузендик нике (грек. Orthos-тике, анг. Cousin-эки бир тууган ага ини, эки бир тууган эже сиңди) жайылат. Ал эки формада ишке ашкан: ага  инилердин, эки бир туугандардын ж.б. уул-кыздары же эже-сиңдилердин уул-кыздары же эже-сиңдилердин уул-кыздары (бөлөлөрү) үйлөндүрүлгөн.

Матрилокалдуулуктан (лат. Mater-эне, locus-орун, жай, үйлөнгөн жубайлардын аялдын тобунда жашоосу) патрилокалдуулукка өтүү түрдүү компромисттик формалар менен коштолгон. Матриокалдуулуктан калган салт-жөрөлгөлөр төмөнкүлөр: убактылуу дискалдуулук, тун баласын ата-энесинин үйүндө төрөө же төрөгөндөн кийин өзүнчө бөлмөдө кармоо, качуу салты.

Калың менен никелешүү карылардын жаш кыздарга үйлөнүүсү, көп аял алуучулук, левират сыяктуу салттардын жанданышына алып келди.

Патрилокалдуулукка өтүүдө алгачкы учурларда тууганчылыкты эне тарабынан жүргүзүү, мурастоо  сакталып  турган. Бул авункулаттын (лат. Avunculus –таяке, таяке менен жээндин өзгөчө байланышын талап кылган тартип)  өнүгүшүнө жана бекемделишине алып келди. Аял эркектин уругунда жашаганы  менен ал төрөгөн балдар белгилүү  бир  жаш  курагына жеткенге чейин энесинин уругуна берилген. Аларды таякеси тарбиялаган, үйлөнткөн жана мүлкүн жээнине мураска калтырган. Ошентип таяке-жээндерден турган аванкулаттык үй-бүлө пайда болгон.

Бирок эркектер ата катары мүлкүн өз балдарына калтырууга аракет кылган. Аны урукту ата тарабынан аныктоо аркылуу ишке ашырууга мүмкүн эле. Ага өтүү да компромисттик  өтмө  варианттар  аркылуу  жүргөн. Мисалы,  атанын же эненин уругун же экөөн тең бирдей тандоого укук берген амбилинейлүүлүк  (лат. Ambo – эки жана Iinea –орун жай, үйлөнгөн жубайлардын каалоосу боюнча күйөөсүнүн же аялынын тобунда жашоосу) тартиби. Ошондой  эле  аралаш филиация (лат. Filius, filia –уул, кыз, тууганчылыкты ата эненин бир тарабынан тандоо) пайда болот. Ал  боюнча  балдардын  бири эненин уругуна тиешелүү жана эне мүлкүн мурастайт, ал эми экинчилери  ата  уругуна тиешелүү жана ата мүлкүн мурастайт. Айрым элдерде ага мүлкүн ини мурастаган тартип орногон. Мындай мурастоолор көпчүлүк учурда талаш-тартышка, жаңжалдарга алып келген. Эне уругунан ата уругуна өтүү, ата мүлкүн балдарына мураска калтыруу акырындап үстөмдүк абалга жетишет. Ошол кездеги калыптанып  калган  салттарды  бузуу кыйынга турган. Ошондуктан аларды өзгөртүү ошол салттардын чегинде ишке ашырылган. Мисалы, ушул  мезгилде  мурда  колдонулуп келген  травестизм  (француз. Travestir – башка кийим кийүү, эркектер, кээде аялдар тарабынан “жынысын алмаштырууну” көрсөтүү) жана кувада (франц. Couva.de- жумуртка басып чыгаруу, атанын баланын төрөлүшүнө тиешеси бар экендигин көрсөтүүчү салт) салттары кеңири тарайт.