Лекция №30

Тема: №15   Азыркы кездеги жамааттык коомдор

 

               Лекциялык сабактын максаты:

· АЖК мамлекеттерге карата жайгашкан абалын типтерин тактоо;

·Таптык коомдогу эскинин калдыктарынын сакталышынын себептерин жана анын оң жана терс жактарын аныктоо;

 

Негизги түшүнүктөр:  донор, реципиент, эски эрежелер жана топтор, эски нормалар жана түшүнүктөр, патрон, клиентел, сюзерендер вассалдарын "бала багып алуу", "эне сүтү", "тарбиялагандыгы үчүн төлөө"

                                 

                                      План

1.      АЖК мамлекетке карата жайгашышы жана типтери

2.      Таптык коомдогу эскинин калдыктары

 

                        Адабияттар:

1.      Эралиев С.Н. Алгачкы жамааттык коомдун тарыхы  Бишкек, - 2014.

2.     Алексеев.В.П., Перщиц А.И. История первобытног общества Изд.6-ое. М.: АСТ. Астрель, 2007.-350 с.

3.      История первобытного общества: Эпоха первобытной родовой общины. М., 1986.

4.      Семенов Ю. Брак и семья: возникновение и развитие общества //Научно-просветительскую журнал «Скепсис» // http: //scepsis.ru/Iibrary/id 6 htmI

 

1.      АЖК мамлекетке карата жайгашышы жана типтери

Мындан алты-беш миң жылдар мурда алгачкы цивилизациялар пайда болгон. Цивилизация пайда болгон коомдор үчүн алгачкы жамааттык мезгил аяктады, ал эми таптык коомго  өтө элек коомдор үчүн синполитейлик мезгил башталды. Кул ээлөөчүлүк, кийин феодалдык мамлекеттер пайда болгондо да алгачкы жамаатык коом денгээлинде жашаган элдер бир кыйла аймакты ээлеген. Алардын көпчүлүгү дыйканчылыкка, мал-чарбачылыкка ынгайсыз, жаратылыш шарты катаал аймактарга сүрүлгөн жана цивилизациядан обочолонгон. Таптык коомго өткөн элдер да алгачкы коомго тиешелүү салттардан, нормалардан дароо эле арылып кеткен жок.

Алгачкы жамааттык коомдорду мамлекеттерге карата жайгашкан   абалына, мамилелерине жараша түрдүүчө типтерге бөлүшөт:

· алыскы жана жакынкы коомдор;

· өнүккөн жана артта калган коомдор;

· ички жана сырткы коомдор;

· экинчи ирет пайда болгон алгачкы коомдор – мамлекетти басып алып, бирок өздөрү али таптык коомго айланганга чейинки уруулар.

Цивилизация  менен бул уруулардын ортосундагы байланыш-мамилелер түздөн-түз же башкалар аркылуу, бир тараптуу же эки тарапту, тынчтык же согуш жолу менен болгон. Бардык байланыштар эки тараптын өнүгүү денгээлине жараша жүргөн. Өнүгүү деңгээли боюнча айырма аз болсо бири-биринен үйрөнгөн, эгер айырма чон болсо байланыш бир тараптуу болгон. Бири-биринен маданий жетишкендиктерди кабыл алып өздөштүрүүсү да ушундай жол менен жүргөн. Мында коомдор донор жана реципиент деп бөлүнгөн. Донор коомдон маданий жетишкендиктерди өздөштүрүү үчүн анын реципиент  коом менен өнүгүү денгээлинде айырмачылык аз болуусу кажет же реципиент коом ага даяр болууга тийиш.

Айрым учурда өнүгүү деңгээли толук жетишпеген учурда башкалардын маданий жетишкендиктерин өздөштүргөндөр бар, бирок ал системалуу болгон эмес, айрым бир нерселер гана өздөштүрүлгөн.

Байланыштуу чарбада өтө женил жана  кенен жүргөн. Чарбалык байланыштар аркылуу эмгектин бөлүнүшү тереңдеген, жаны чарбалык-маданий типтер калыптанган. Техникалык жана технологиялык жетишкендиктердин  баары  чарбалык  байланышуу  аркылуу тараган: карапа  жасоо, металлургия,  араба, парус ж. б.  Мындай  байланышуудан  синполитей коомдордун экономикасы алдыга жылган. Бирок мындай байланыш  бардык жерде эле өнүгүүгө алып келген эмес. Мисалы, Судан, Сибирь.

Социалдык жана потестардык-саясий чөйрөлөрдө байланыш начар жүргөн, себеби бул чөйрөдөгү жаңылыктарды тикелей көчүрүп алуу мүмкүн эмес, кыйыр түрдөгү таасирлер дайыма эле прогрессивдүү болгон эмес.

Рухий-идеологиялык чөйрөдөгү байланыштар бир кыйла жемиштүү болгон. Ага мифтердин, диндердин таралышын айтсак болот.

Тарыхтын ар кайсы этаптарында таптык коом менен жамааттык коомдордун өз ара таасири түрдүүчө болду. Алгачкы цивилизациялар аларды талап-тоноо, салык салуу, контрибуция  толотуу аркылуу эксплуатацияланган. Цивилизацияга жакын турган коомдор өздөрүн коргоо максатында потестардык уюмун чындашкан жана аларга чабуулга өтүп жеңип алгандар да болгон. Греция жана Рим империясы да өз чет жакаларындагы урууларды ырайымсыз эксплуатациалаган, ошол эле учурда бул уруулар коргонууга түрткү алышты жана көптөгөн уруулар Рим империясы кулагандан кийин феодализмди синтездөөгө катышты.

Орто кылымдарда жаңы мамлекеттер пайда болду жана алар аталган коомдорду эксплуатациялоону улантышты. Колониялдык мезгилде алгачкы коом денгээлинде жашаган  урууларды  жеринен ажыратышты, жок кылышты, аман калгандарын ырайымсыз эксплуатациялашты.

Тасманиялыктар, Австралиянын жээктериндеги уруулар, Оттуу Жер аралдарынын жашоочулары,  Вест-Индиянын, Борбордук  Аргентинанын уруулары, Бразилиянын 30дан ашык уруулары, АКШдагы индейлердин 70% на жакыны жок кылынган. 15-к. тартып Африкадагы кулчулукка сатуу мезгилинде 100млн.го жакын киши курман болгон.

Аман калгандары  плантацияларда  иштөөгө мажбур болгон, жашоого ммүмкүн  болбогон аймактарга ссүрүлгөн, резервацияларда жашоого мажбур болушту. Цивилизацияынын жетишкендиктерине тартылгандар да болду. Колониячылар  жол башчыларды, уруу уюмдарын сактап, аларга  таянып  уруулук түзүлүштү  консервациялашты.

Эквадордук индейлердин гуарани уруусу30-1.jpg 30-2.jpg30-3.jpg30-4.jpg

             Бобрордук  Африкалык                Австарлиялык морло уруусу-

                     сапад  уруусунун сулуусу                               жетекчиси

                                                      

      Борбордук Африкада жашаган сапад уруулары                30-5.jpg 

30-6.jpg

 

Австралиядагы абориген морло уруулары

30-7.jpg

 

30-8.jpg

Филиппин аралдарында, Папуа-Жаңы Гвинеяда, Намибияда жашаган уруулар

30-9.jpg

 

30-10.jpg

               30-11.jpg

 

30-12.jpg

      

Алгачкы коом денгээлинде жашаган коомдор азыр Түштүк Америкада, өзгөчө Бразилиянын токойлорунда көп. Алардын азыркы цивилизация менен эч кандай байланышы жок. Таш куралдар менен примитивдуу чарба жүргүзүшөт. Ушундай эле денгээлдеги уруулар Филиппин аралдарында, Папуа-Жаңы Гвинеяда, Намибияда өткөн кылымдын  60-жж. табылган. Мурдагы колониалдык өлкөлөрдүн ичинде алар өтө көп жана аларда алгачкы коомдун бузулуу процесси жүрүп жатат. Көп мамлекеттер алардын турмушуна такыр кийлигишпейт.