Лекция №22

Тема: №11  Жеке менчиктин, таптардын жана мамлекеттин пайда болушу

 

Лекциялык сабактын максаты:

· Жеке менчиктин пайда болушунун себептерин талдоо;

· Таптардын пайда болушун, алгачкы эксплуатациянын түрлөрүн аныктоо;

· Мамлектин пайда болушунун жолдору менен таанышуу;

 

Негизги түшүнүктөр:  потлач, бигмен,үй куруучу, жамаатын ичиндеги эксплуатация, салык төлөө, өз ара эксплуатациялоо, зордук зомбулук теориясы, таптык теория, аскердик, аристократиялык, плутократиялык политегенизм

 

                                    План

1.      Жеке менчиктин пайда болушу

2.     Таптардын пайда болушу, эксплуатациянын алгачкы формалары

3.      Мамлекеттин пайда болушу

 

                           Адабияттар:

1.      Эралиев С.Н. Алгачкы жамааттык коомдун тарыхы  Бишкек, - 2014.

2.      Алексеев.В.П., Перщиц А.И. История первобытног общества Изд.6-ое. М.: АСТ. Астрель, 2007.-350 с.

3.      История первобытного общества: Эпоха первобытной родовой общины. М., 1986.

4.      История первобытного общества. Эпоха класособразования. М.,1988.

 

1.Жеке менчиктин пайда болушу. 

Аңчылык жыйноочулук мезгилинде эле  артыкбаш  азык-түлүк  пайда  болот. Алгачкы жамаатын  кечки мезгилинде артыкбаш азык-түлүк социалдык жиктелүүгө жана таптардын түзүлүшүнө материалдык өбөлгө түзгөн. Бирок ал эксплуатацияга али негиз түзө элек болчу. Артыкбаш азык-түлүктүн болушу таасирдүү лидерлердин, "бигмендердин” (1-сүрөт), жол башчылардын  пайда болушуна алып келди. Өз кезегинде лидерлер артыкбаш азык-түлүктүн көбөйүшү үчүн таасир кыла баштайт.

Жамаатардын, уруулардын арасында өткөрүлүүчү тойлор менен салтанаттуу майрамдар да таасирдүү  кишилердин коомдогу статусун чыңдаган механизимдердин бири болуп калды. Алгач бул майрамдар социалдык байланышты чыңап, жамаат мүчөлөрүнүн  баары үчүн кызмат кылган. Кийинчерээк лидерлер аларды уюштурууга көбүрөөк катыша баштайт жана алардын ролу алдыңкы  оорунга чыгат. Белек алмашуунун  өнүгүшү жана кадырбарк алып келүүчү тойлор кадыр-барк экономикасынын негизин түзөт. 

                          22-1.jpg

                                                         1-сүрөт

Эффективтүүлүгү жогору болгон ыйгарым чарбасында жамаатын  мүчөсүнө  артыкбаш азык-түлүк өндүрүү зарыл эмес, ал эми лидердин маселеси башка. Ал коомдогу өзүнүн жогору абалын акташ үчүн “жоомарттыкты” көрсөтүш  керек б.а. топтогон байлыгын салтанаттарды, майрамдарды уюуштуруу аркылуу жамаат мүчөлөрүнө чачкан. Байлыкты топтоо үчүн лидерлер эмгекчил болушкан, көп аял алууга, көп балалуу болууга умтулган. Алар лидерге  көп азык-түлүк топтоого мүмкүнчүлүк  берген. Анын  үстүнө лидер той мезгилинде туугандарынан  көп азык-түлүк алган. Мындай кылуу өз кезегинде туугандардын чарбасын да интенсивдештирген. Лидерлер жамаатар аралык алмашууну жүргүзүшкөн, б.а. алар коомдук азык-түлүктүн өндүрүлүшүнө  көзөмөл  жүргүзгөн жана өзүнүн коомдук абалын чыңоо үчүн пайдаланган. Азык-түлүк корун майрам тойлорго жумшап  салып элдин ачка калган учурлары да болгон. Бул да өндүрүштүн көлөмүн көбөйтүүгө түрткү болгон. Алдыда болуучу  майрам-тойлорду эске алып азык-түлүк корун топтошкон. Азык-түлүк корун топтоо – таптар пайда болоор алдындагы коомдорго мүнөздүү нерсе.

Дүйнөнүн көпчүлүк райондорунда кадыр-барктуу майрамдар, салтанаттарда мас жана маң кылуучу ичимдиктерн, заттар чоң роль ойногон. Мас кылуучу ичимдиктерди ичүү үчүн атайын идиштер жасала баштайт. Өз кадыр – баркын көтөрүү үчүн лидерлер кол-өнөрчүлүк да кылышкан. Ал өз кезегинде кол – өнөрчүлүктү өнүктүргөн. Жаңыдан калыптанып келе жаткан ак-сөөктөр бардык жерде өз кадыр баркын  көтөрүү  үчүн  мелдеш-потлач  (2-сүрөт)  өткөрөт. Анын маңызы – эл алдында жоомарттыгын көрсөтүү.       22-2.jpg

   2-сүрөт

Айрым жерлерде ушундай эле максатта б.а. кадыр-баркын көтөрүү үчүн өз байлыгын жашыруун көмүүгө тийиш болгон.

Кадыр – барк экономикасы калыптанып жаткан ак-сөөктөргө бир топ киреше алып келген. Лидердин жоомарттыгына жооп кылып белектер берилген. Кызмат үчүн жол башчы азык-түлүктун эң  баалуу деген  бөлүгүн (эттин барктуу бөлүгүн, балыктын баалуу түрлөрүн, алгачкы түшүмдүн жемиштери ж.б.) алган. Усталар жол башчы үчүн сапаттуу кооз буюмдарды жасап тартуу кылууну чоң сыймык деп эсептеген. Жамаат мүчөлөрү  лидердин жеринде иштеп берген, андан сырткары лидерлер сот иши, далдалчылык ж.б. иштери үчүн да эмгек акы алышкан.

Бара-бара жол башчылар өз жерин иштетүүдөн ж.б. жумуштарга катышуудан бошойт. Жамаат мүчөлөрү  жол  башчыларга арнап үйлөрдү, храмдарды  лидерлерди даңктоочу чоң курулуштарды  курушат.

      Жол  башчыларды атайын кишилер тейлей баштайт. Кээде алардын саны 100гө жеткен. Тейлөөчүлөрдүн өзүн камсыз кылуу үчүн да кошумча каражат керек эле. Ага байланыштуу камдалган азык-түлүктү сактоочу кампалар кеңейтилет.

     Жол  башчылардын кирешеси негизинен өз жеринен, салыктардан, түрүү жыйымдардан түшкөн. Кийинчерээк согуштан түшкөн олжонун эсебинен кирешеси көбөйгөн. Согуш таптык коом пайда болоор алдында атайын кесипке айланат. Согуш талап-тоноо үчүн, жер  басып алуу үчүн жүргүзүлө баштайт. Башка элдерге салык салуу да чоң байлык алып келген. Согуш тез-тез болуп турган, ага байланыштуу коргонуу максатында чеп-дубалдар пайда болот, ак-сөөктөр жашаган  малаалар жамааттын калган бөлүгүнөн дубал менен бөлүнө  баштайт.

Атыкбаш азык-түлүк туруктуу пайда болуп турушу материалдык байлыктын топтолушуна алып келди. Анын көлөмү өстү жана аны социалдык  жактан  пайдалануу  мүнөзү өзгөрдү. Эмгек өндүрүмдүүлүгүнүн артышы жекече эмгектин маанисин жогорулатты. Ал өз кезегинде  кишилерге  өзү  иштеп тапкан нерселерди ыйгарып алуусуна шарт түздү, б.а. менчик обочолонду. Менчиктин обочолонуусу эмгектин бөлүнүшүнө  жана натыйжаларын  алмашууга  алып келди. Алмашуунун натыйжасында товардык өндүрүш пайда болду.  Анын зарыл  шарты – эмгек  натыйжасын эркин обочолонтуу. Менчикти обочолонтуу жеке менчикке алып келет. Жеке менчик эксплуатация менен тыгыз байланыштуу. Жеке менчиктин пайда болушу – алгачкы жамаатык коомдун бузулушунун болушунун башкы жана зарыл өбөлгөсү. Таптык коомдун пайда болушунун зарыл шарты да ошол эле.

Алгачкы жеке менчик жеке кишинин менчиги боло албайт эле, ал чектелген адмдардын менчиги болгон. Байлык үй-бүлөөгө топтолгон. Коллективтүү башкаруу функциясы тийген мүчөлөрдүн  үй-бүлөсү чоң утушка ээ болгон. Башкаруу көбүнчө  жамааттагы өндүрүлгөн азык-түлүктү  кайра бөлүштүрүүнү билдирген. Кайра бөлүштүрүү азык-түлүктүн  бир бөлүгүн өзүнө алууга мүмкүнчүлүк берет. Аны менен артыкбаш  азык – түлүктүн кошумча азык-түлүккө айланышына жол ачылат, б.а. эксплуататциялык мамиле пайда болот.

Топтук менчиктен жеке адамдын менчиги айырмалаш керек. Топтук менчик – үй-бүлөнүн  менчиги  ал эми жеке адамдын менчиги үй-бүлөнүн айрым мүчөлөрүнүн менчиги болуп саналат. Жеке  менчикти  ээлөөдө үй-бүлө башчысынын мүмкүнчүлүгү көп болот.

Алгачкы жамаатык коомдун  бузулуу жана алгачкы таптык коомдун пайда болуу доорундагы экономиканын өзгөчөлүгү төмөнкүлөр:

1.      Рыноктук алмашуулардын мааниси азаят.

2.      Бөлүштүрүүчү процесстин ролу бир кыйла өсөт.

3.      Кадыр-барктуу алмашуунун жана керекөөнүн мааниси өсөт

Алгач артыкбаш азык-түлүк, кол-өнөрчүлүк буюмдарынын айрым түрлөрү, балким “алмашуу эквиваленттери” да обочолонгон  жана кийинчерээк  жеке  менчикке өтөт. Тап пайда болоор алдында алардын катарына кулдар да кирген. Алмашуунун  кеңейиши  менен  мүлктүн жеке менчикке топтоо да тездеди. Ошентип, үй-бүлөлөрдүн тең эместигин, байлыкты топтоону стимулдаштырган факторлор пайда болду. Коомдук мүлктүн жиктелүүсү башталды.

Менчикти топтоо, анын  жеке менчикке айланышы карама – каршылыктуу процесс болгон. Байлыктын бир кишиге, бир үй-бүлөөгө топтолушу конфликти алып келген. Кофликти болтурбоо үчүн мүлкү зордоп бөлүштүрүү киргизилген, байлыгы  көбөйгөн  кишини өлтүрүп да  койушкан, же  ал өлгөндөн  кийин мүлкүн жок кылышкан. Конфликти жөнгө салуунун башка бир жолу – байлыкты өз ыктыяры менен жамаат мүчөлөрүнө таратып берүү. Мисалы, потлач өткөрүү. Потлач сыяктуу майрамдарды өткөрүү  анын жактоочуларын көбөйткөн жана коомдук кызматка келүүсүнө көмөк берген. Ал мүлктүк  жиктелүүнү  күчөткөн,  мүлксүздөрдүн пайда болуусуна  алып келген. Мүлксүздөр аларды башкалар менен күрөшүүдө колдойт.

Жерге жеке менчик орногонндон кийин жеке менчик толук алдыңкы ролду ойной баштайт.  Жерге  жеке менчикке өтүшү узак мезгилге созулган жана бир нече этапта өткөн. Ар бир үй-бүлө өз жерин ээлеп калууга умтулган. Жердин  жеке  менчикке  өтүшү ошентип  башталат. Жерге жеке  менчик таптык коомдо гана аяктаган бирок ал капиталисттик  менчиктен айырмаланган. Капитализимге чейин жерге жеке менчик чектелген, шартуу формада болгон. Жеке менчиктин пайда болушу үй-бүлөлүк - уруктук коллективдин  көлөмүнүн  кичирейишине  алып  келген, б.а. кичине  үй-бүлө  пайда боло баштайт.