Лекция №1

Тема:  Киришүү      

Лекциялык сабактын максаты:

· Алгачкы жамааттык коомдун тарыхынын предмети максаты милдети  менен таанышуу;

· Алгачкы жамааттык коомдун тарыхын мезгилдештирүү жана хронологиясын аныктоо;

· АЖКТ жалпы тарыхый мезгилдештирүүнүн жолдорун талдоо;

 

Негизги түшүнүктөр: атайын жана жалпы тарыхый мезгилдештирүү, ашель, мустье, ориньяк, солютрей, мадлен, азиль, тарденуаз маданияттары, архей, палеозой, мезезой, кайназой эралары, плейстоцен, голецен, архонтроп, палеонтроп, Гомо хабилис,абсалюттук жана салыштырмалуу хронология, изотоптук радиокарбондук жана калий-аргондук, геохронолгиялык, дендрохронологиялык, гляциологиялык, палеоклиматтык, археомагниттик метод, праобщина, эгалитардык, рангалашкан жана стратификациялык коомдор.

 

                                    План

1.        Киришүү.Алгачкы жамааттык коомдун тарыхынын предмети

2.        Алгачкы жамааттык коомдун тарыхын мезгилдештирүү жана анын хронологиясы

3.        Жалпы тарыхый мезгилдештирүү

 

                                             Адабияттар:

1.      Эралиев С.Н. Алгачкы жамааттык коомдун тарыхы  Бишкек, - 2014.

2.      Алексеев В.П., Першиц А.И. История первобытного общества: Учебник для вузов по специальности «История». 5-e изд. М., 1999.

3.      История первобытного общества: Эпоха первобытной родовой общины. М., 1986.

1.      Першиц А.И. Периодизация первобытной истории. //Вопросы истории, 1980, №3

 

1. Киришүү. Алгачкы жамааттык коомдун тарыхынын предмети.

Адамзат тарыхынын өнүгүшүн окумуштуулар бир нече баскычтарга бөлүшөт. Баскычтардын аталышы ар түрдүү, саны боюнча да бирдей пикир жок. Адамзат тарыхын цивилизациялардын алмашуусу катары караган окумуштуулар да бар.

Тарыхый процесс кандай баскычтарга ажыратылганына, ага кайсы окумуштуулардын мамилесине карабастан аталган процесстин башаты алгачкы жамааттык түзүлүш болгондугу шексиз. Алгачкы жамаатык түзүлүш узак убакытты – адам пайда болгондон тартып таптар, мамлекет пайда болгонго чейинки мезгилди камтыйт. Арийне, азырга чейин эле алгачкы коомдук тʏзʏлʏш денгээлинде тиричилик кылып келе жаткан элдер бар. Алгачкы коомдун тарыхы ошол жамааттык коомду , анын жаратылышын, өнүгүшүн жана анын бузулушунун натыйжасында таптык коомдордун пайда болушун окуп үйрөнүүгө арналган. Аталган мезгилдеги жамааттык мамилелер алгачкы жамааттык  коом тарыхынын предмети болуп саналат. Алгачкы жамаатык коомдун  тарыхын калыбына келтирүү этнология,археология, антрапология ж.б. илимдердин жетишкендиктеринин натыйжасы. Көптөгөн илимдердин изилдөөсүнө таянганына карабастан ал тарых илиминин өзгөчө бөлүгү - анын жазма булактары жокко эсе.

  Алгачкы жамааттык коомдун тарыхын окуп үйрөнүүнүн мааниси. Алгачкы коомдун тарыхы адамзаттын өүгүшүнүн баштапкы этабынын жалпы мыйзам ченемдүүлүктөрүн түшүнүүгө жардам берет. Жер бетинде адам кандайча жаралган? Расалар кандайча пайда болгон, алардын тен эместиги жжөнүндөгү түшүнүктөр туурабы? Жеке менчик, таптар,мамлекеттик мажбурлоо качан жана кандайча пайда болгон деген жана башка ушундай сыяктуу суроолорго жооп табуу үчүн тарыхтын алгачкы баскычына кайрылууга туура келет.

  Адамзат турмушунда бүгүнкү күнгө чейин колдонулуп келе жаткан турак жай  жана кийим,дыйканчылык жана мал чарбачылык, эмгектин коомдук бөлүнүшү, нике жана үй-бүлө мамилелери, адептүүлүк  жана жүрүм-турум нормалары, пайдалуу  билимдер, искуство жана диний ишенимдер ж.б.у.с.материалдык маданияттын, социалдык нормалардын, идеологиялык түшүнүктөрдүн элементтери алгачкы жамаатык түзүлүштүн эң байыркы мезгилдеринде жаралган же жарала баштаган. Алардын эволюциясын түшүнүү үчүн да бул кубулуштардын башаттарына кайрылуу зарыл.

  Жогоруда  айтылгандай азырга чейин Жер шаарынын айрым аймактарында алгачкы жамааттык түзүлүштүн ар кайсы баскычтарында жашап турган элдер бар. Алардын бүгүнкү жана келечектеги тагдыры да ойлоно турган иш. Алардын азыркы цивилизацияга ашыкча жоготууларсыз аралашуусуна мүмкүнчүлүк бере турган алгылыктуу жолдор табылууга тийиш.

  Капиталисттик жолду басып өтпөгөн элдерде, алардын ичинде кыргыздар да бар,алгачкы жаматтык коомго тиешелүү социалдык нормалардын,салттардын, үрп адаттардын жана жөрөлгөлөрдүн көптөгөн калдыктары жашап келатат. Алардын бүгүнкү коомдогу ордуна ой жүгүртүү, бүгүнкү күнгө,  шайкеш келтирүү үчүн өзгөртүү же  жоюу жолдорун табуу зарыл.