Семинардык сабак №4,5

Тема №3

Аткаруунун түрү жана тапшырмалар

Компе-

тен-

циялар

б-ча тек-

шерүү коддору

Тарыхнаама

 

Максаты: 

·  Алгачкы адам баласынын жана коомдун пайда болушу боюнча античтик, феодалдык, жаңы коомдогу окумуштуулардын көз караштары менен таанышуу;

·   Алгачкы адам баласынын пайда болушу боюнча азыркы кездеги көз караштарды талдоо;

     ЖК-1,     КК-4

Аткаруунун түрү:  «Тең-теңине» методу боюнча багытталган өз ара суроо салуу

Бул иштин максаты – талкуу өткөрүү көндүмдөрүн өнүктүрүү.

1.      Студенттер индивидуалдуу түрдө иштешет,  берилген материал боюнча өз суроолорун жазышат.

2.      Студенттер өздөрү тарабынан берилген суроолордун баарына жооп берүүгө милдетүү эмес. Бул тапшырма  студенттердин талкууланып жаткан темага  тиешеси бар нерселер жөнүндө ойлонууга милдеттендирүү үчүн түзүлгөн.

3.      Студенттер колдон келишинче көбүрөөк суроолорду  колдонуулары керек.

4.      Үйрөтүлүп жаткан командаларга топтошуп ар бир студент талкуу үчүн суроосун сунуштайт.

 

Мисалы: Окумуштуулардын көз карашы боюнча

Суроолордун үлгүлөрү:

Негизги идеясы эмнеде?

Эмне болот эгерде…?

Кантип …. таасир этет?

Жаңы үлгү болуп эмне саналат...?

Эмне үчүн… экендигин түшүндүрүңүз?

 

Адабияттар:

1.Борисковский П. И. Возникновение человеческого общества // Возникновение человеческого общества: Палеолит Африки. Л., 1977.

2.Эралиев С.Н. Алгачкы жамааттык коомдун тарыхы  Бишкек, - 2014.

3.Алексеев В.П., Першиц А.И. История первобытного общества: Учебник для вузов по специальности «История». 5-e изд. М., 1999.