Лекция №19

Тема: №10  Алгачкы коомдун бузулушунун өндүрүштүк өбөлгөлөрү

 

               Лекциялык сабактын максаты:

· АЖК бузулушунун өбөлгөлөрүн аныктоо;

· Дыйканчылыктын, мал чарбачылыгынын өнүгүшү жана көчмөн мал чарбачылыгынын калыптанышынын   негизги факторлорун    талдоо;

· Дыйканчылык жана мал чарбачылыгы  өнүккөн аймактарды картадан көрсөтүү менен тактоо;

 

Негизги түшүнүктөр:  которуштуруп айдоо, кыйып өртөө системалары, ирригациялык айдоо дыйканчылыгы, жер чийүүчү куралдар, рало, топуркаты өсүмдүктүн түбүнө топтоо, жөөк жасоо, аралаш айдоо, өсүмдүктөрдү кезектештирип айдоо, жер семирткичтерди пайдалануу, вертикалдык, меридионалдык, радиалдык.

                                   

                                          План

1.      Өндүргүч чарбанын өнүгүшү. Металлургия

2.      Мал чарбачылыктын өнүгүшү жана көчмөн чарбанын калыптанышы

3.      Эмгектин коомдук бөлүнүшүнүн андан ары тереңдеши. Алмашуу

 

                                    Адабияттар:

1.      Эралиев С.Н. Алгачкы жамааттык коомдун тарыхы  Бишкек, - 2014.

2.      Алексеев.В.П., Перщиц А.И. История первобытного общества: Учеб.для вузов по спец. "История.- М.: 1999.

3.      Марков Г.Е. История хозяйства и материальной культуры в первопытном и раннеклассовом обществе. МГУ, 1978.

4.      Семенов Ю. Введение во всемирную историю. Выпуск 2. История первопытного общества//Научно-просветительскую журнал «Скепсис» // http: //scepsis.ru/Iibrary/id_1151.htmI

 

        Слайд№19       1.      Өндүргүч чарбанын өнүгүшү. Металлургия 2.       

Алгачкы жамаатык коомдун бузулушунун түздөн-түз өбөлгөсү болуп туруктуу артыкбаш азык-түлүктүн пайда болушу эсептелет.  Анын негизинде гана кошумча азык-түлүк пайда боло алат эле. Артыкбаш жана кошумча азык-түлүктүн пайда болушунда өндүргүч чарбанын улам алга  өнүгүшү, металлургиянын жана кол өнөрчүлүктүн пайда болушу жана алмашуунун интенсивдешүүсү өзгөгө чоң роль ойногон. Металл алгачкы жамаатык коомдун бузулушунда универсалдуу мааниге ээ эмес Мында универсалдуу болуп, өндүргүч чарбанын жана жогорку деңгээлде адистешкен ыйгарым чарбасынын өнүгүшү эсептелет. Алгачкы жамаатык коомдун бузулушунун өндүрүштүк өбөлгөлөрү болуп  дыйканчылыктын, мал чарбачылыктын өнүгүшү, металлургиянын жаралышы, жана алмашуунун өнүгүшү саналат.

Дыйканчылыктын өнүгүшү. Дыйканчылыкка өтүү дроо эле же баардык жерде жогору өндүрүмдүү болгон эмес. Ага көптөгөн факторлор таасир берген. Бир эле дыйканчылык системасында ар кайсы элдер ар башка түшүм алышкан. Ошондуктан дыйканчылыктын кайсыл түрү цивилизациянын өнүгүшүнө бекем материялдык өбөлгө түзгөнүн аныктоо керек. Тилекке каршы анын эволюциясы али жетишсиз изилденген.

Тарых процесси татаал, дыйканчылык дайыма эле экстенсивдүү формалардан интенсивдүү формаларга өтүп турган эмес. Кыдырып жүрүү менен отурукташуунун кайсынысы интенсивдүү  дыйканчылык менен байланыштуулугу да так аныктала элек.

  Эң байыркы дыйканчылык түшүмдүү сугарыла турган, нымдуулук жакшы сактала турган жерде пайда болгон жана өнүккөн. Айрым жерлерде каптатып сугаруу пайдаланылган. Андай жер көп эмгекти талап кылган эмес. Мындай жерди эгинди жыйнап алгандан кийин көпкө таштап коюшкан.

 Дыйканчылыктын ролу өскөн сайын адамдар бир жерге байлана башташкан. Калктын санынын өсүшү, алардын топторго бөлүнүшүнө, жаңы жерлерди өздөштүрүшүнө алып келет. Жаңы жерлер мурдагы жерлер менен окшош, түшүмдүү жерлер болгон. Дыйканчылыкта алгач учтуу таяк, чот пайдаланылган, ошондуктан алгачкы дыйканчылыкты таяк-чот дыйканчылыгы деп аташкан (1,2,3,4,5-cүрөттөр). Кийинчерээк кыйып өрттөө, которуштуруп айдоо системалары пайда болгот. Алар өтө ыңгайлуу шарттарда түшүмдү сугат жерлерден аз бербейт, эмгекти аз талап кылат. Түшүмдүүлүгү боюнча бул системалар бирдей мүмкүнчүлүккө ээ болгон, ал турсун кээде сугат дыйканчылыгы алардан артта калган.                                                       (1,2,3,4,5-cүрөттөр)

                     19-1.jpg 19-2.jpg19-3.jpg

19-4.jpg19-5.jpg

 

Дыйканчылыктын интенсивдүү формалары ирригациялык жана айдоо дыйканчылыгы. Ирригациялык дыйканчылык байыркы мезгилде пайда болгон жана кургак жерлерде кеңири таралган. Эң байыркы каналдар Месоподамияда, Алдынкы Азиянын бака жерлеринде б.з.ч. VII-VI (VI-V) м.ж, Египетте б.з.ч. V м.ж салынган. Каналдар Кавказда энеолиттин ортосунда салынган. Алгачкы жамааттын мезгилинде Европада иригациялык дыйканчылык чоң мааниге ээ болгон эмес. Сугат системалары Кытайда, Түштүк Чыгыш Азияда б.з.ч. II м.ж. Микронезия менен Полинезияда-б.з. I м.ж. чегинде, Африкада- б.з.ч. III м.ж. аягы II м.ж. башында, Мезоамерикада-б.зж.ч. I м.ж. АКШнын түштүк батышында б.з. I м.ж. пайда болгон.

Айдоо дыйканчылыгнын пайда болуу мезгили, аймагы, айдоо куралынын пайда болуу орду, алгачкы формасы тууралуу талаш пикирлер көп. Азыр көп адистер айдоо куралынын баштапкы формасы катары жер чийүүчү куралды көрсөтүшөт. Ал Европада б.з.ч. V-(IV) м.ж. тарта кезигет. Алар жыгачтан жана мүйүздөн жазалган. Алр менен жумшак топуракты гана иштетүүгө мүмкүн. Ошондуктан аларды жумшак жерге жөөк, жөнөкөй арыктарды салууга пайдаланышкан. Алгачы рало да ошондой эле максатта пайдаланылган (1,2-сүрөт). Алар алгач чот менен жумшартылган жерде экинчи даражадагы иштерди үчүн пайдаланылган. Бара-бара рало өндүрүмдүүлүгү боюнча чоттон озот. Рало Түштүк Мезопотомияда б.з.ч. I-V м.ж. пайда болуп, б.з.ч. IV-III м.ж. Египетте, Кавказда тараган. Орто Азияда б.з.ч. II м.ж. ралону пайдаланышкан. Европада б.з.ч. III-II м.ж. пайда болгон деп болжолдогон. Кытайда рало б.з.ч.  I м.ж. экинчи жарымында, Түштүк Чыгыш Азияда жыгач рало б.з.ч. II м.ж. пайда болгон. Ал эми б.з.ч. I м.ж. ралого коло , темир тиш пайдаланыла баштайт. Рало колониялык мезгилге чейин Африканын түндүгүндө гана болгон.

19-6.png

                                                                                    1-сүрөт

19-7.jpg

                                                                             2-сүрөт

 Ирригациялык жана айдоо дыйканчылыгы өз артыкчылыктарын дароо көрсөтө алышкан жок жана бардык эле жерде алгачкы жамаатык коомдун бузулушуна алып келген эмес.

Дыйканчылыкты интенсивдештирген башка да жолдор табылды. Алар: топуракты өсүмдүктүн түбүнө топтоо жөөк жасоо, аралаш айдоо, өсүмдүктөрдү кезектештирип айдоо, жер семирткичтерди пайдалануу. Ар түрдүү климаттык  шарттарга ылайык жаңы өсүмдүктөрдү, алардын жаңы сортторун өстүрүү зарылдыгы келип чыккан. Энеолитте, коло доорунда көпчүлүк жерде багбанчылык пайда болгон. Ал таштак, эгин айдоого жарабаган жерлерди өздөштүрүүго жардам берген, ага жер аз талап кылынган, бир нече жыл катары менен түшүм жыйноого болот. Ал эмгектин андан бөлүнүшүнө жана алмашуунун күчөшүнө алып келди. Ошентип, дыйканчылыктын интенсивдүү метотторунун  пайда  болушу, анын  өнүгүшү  эмгектин бөлүнүшүн андан ары тереңдетти. Дыйканчылыкта эркектин ролу өстү.