Лекция №5

Тема: №2  Тарыхнаама

 

Лекциялык сабактын максаты:

· Байыркы коомдогу грек ойчулдарынын АЖК жөнүндөгү көз караштарын жана маалыматтарын талдоо;

· Орто кылымдагы окумуштуулардын АЖК жөнүндөгү көз-караштарын жана маалыматтарын талдоо;

· Жаңы коомдогу окумуштуулардын АЖК жөнүндөгү көз караштарын талдоо;

 

Негизги түшүнүктөр: "момун жапайылар", "акыл эстүү адам-Homo sapiens", жапайычылык, варварчылык, цивлизация, таш, жез же коло, темир, "гетеризм", "эндогами", "экзогамия", матриолокалдык, партилокалдык, топтук, жекече, "питекантроп-маймыл сымал адам", эволюциялык мектеп,аскердик демократия, уруктук жана аймактык жамаат, үй-бүлөлүк жамаат, "неолит төңкөрүшү", австралопитек, синантроп, неандартал, нострат.

                                   

                              План

1.Байыркы жана орто кылымдагы тарыхнаама

2.Жаңы коомдогу тарыхнаама

 

                            Адабияттар:

1.Эралиев С.Н. Алгачкы жамааттык коомдун тарыхы  Бишкек, - 2014.

2.Алексеев.В.П., Перщиц А.И. История первобытного общества Изд.6-ое. М.: АСТ. Астрель, 2007.-350 с.

3.Исследование по первобытной истории. М., 1992.

4.Первобытное общество. Основные проблемы развития /Отв.ред. А.И.Першиц. М.,1975.

 

  2. Тарыхнаама

Тарыхнаама — илимдин  өнүгүшүнүн  тарыхы. Х1Х к. экинчи жарымьша чейин таптык коомго чейинки мезгилдин тарыхы жөнүндө илим болгон эмес. Бул аталган. мезгилге чейин ага кызыккандар болгон эмес дегенди билдирбейт. Жогорку палеолиттен тартып эле адамдар өздөрүнүн жана башка кошуна аймактарда жашагандардын кебете-кешпириндеги, турмуш-тиричилигиндеги айырмачылыктарды байкай баштаган. Аны биз Евразиянын ар кайсы региондорунан  табылган жогорку палеолитке, неолитке жана коло дооруна тиешелүү кичинекей статуялардан көрөбүз. Алар жаныбарлардын сөөгүнөн жасалган жана бир кыйла реалдуулугу менен айырмаланат. Бул искусство чыгармаларында адамдардын расалык белгилери, кийим-кечесиндеги өзгөчөлүктөр даана байкалат. Бул маалыматгарды антропология жана этнология илимдеринин, демек, алгачкы  коом  жөнүндөгү илимдин да башаттары катары кароо мыйзам ченемдуү.

Таптык коомго өтөрдө өткөн мезгилге кызыгуу башталган. Буга ата-бабалардын эрдиктери тууралу, уруктардын  теги  тууралу санжыралык уламыштар. Жерде  адамдардын кудайдын эрки менен пайда болгондугу тууралу  али  алгачкы коомдо жашаган элдерге тиешелүү жана алгачкы таптык коомдордогу мифтер күбө. Шумерлер, вавилондуктар, байыркы еврейлер дүйнөнүн башталышы, топон суу жөнүндө мифтерди чыгарышкан. Жазуу пайда болгондон тартып кошуна жана башка элдер тууралу маалыматтар кебөйөт. Байыркы Чыгыш жазмаларында (Египет, Кытай ж.б.) авторлор өз элинин жана аларга кошуна жашаган, айрым учурларда алыста турган элдер тууралу да кызыктуу маалыматтарды жазышкан. Бул эмгектерде аталган мамлекеттерге кошуна же алар менен түрдүү алака-байланышта болгон, аларга согуштук жортуулдарды  жасап  турган  уруулардын чарбасы, жашоо ыңгайы, кулк-мүнөзү, салттары, үрп-адаттары, тили  жана диний ишенимдери тууралу баяндалат. Мындай маалыматтарды  Байыркы Египеттеги скульптуралар, сүрөттөр да кеңири чагылдырат. Ошентип адамзат тарыхынын алгачкы мезгилдерин чагылдырган эмгафикалык маалыматтар чогула берген. Алардын үстүнөн айрым бир ой жүгүртүүлөр античтик доордо башталат.

Байыркы  грек  философу Гесиод (б.з.ч. VIII—VIIк.) «Иштер жана күндөр» деген поэмасында адамдар алгач эмгектенүү, кайгы-капа эмне экендигин билбей той-майрамдарда шапар тээп алтын доордо жашагандыгын, бирок  муундар алмашкан сайын жашоо татаалдап, алтын доорду кезеги менен күмүш, жез, баатырлар доорлору  алмаштырганын, темир доору  келгенде  адамдын күнөөсү көбөйүп кеткендигине байланыштуу эзүү, согуштар, адилетсиздиктер башталганын жазат.

Геродот (б.з.ч. 484 — 425-жж.) өз заманындагы элдер тууралу жазуу менен бирге алардын үстүнөн ой жүгүртүп, айрым  пикирлерди айткан. Ал ливиялыктардын, скифтердин, сарматтардын коому, өзгөчөлүктөрү жөнүндө жазган. Адам менен чөйрөнүн өз ара мамилеси жөнүндө, гректердикине окшобогон үй-бүлө формаларынын, коллективдүү менчиктин болушу мүмкүндүгүн жазат.

Фукидид (б.з.ч. 460 — 400-жж.) башка элдер жөнүндөгү маалыматтарды эллиндердин өткөн тарыхын изилдөөгө колдонууга алгач аракет жасаган. Ал салыштырып изилдөө идеясы менен эволюция идеясын алгачкылардан болуп көтөргөн.

Байыркы грек философу Демокрит (470 — 380-жж.) коомдун тигил  же бул  формасынын пайда болушунун  себептери  жөнүндөгү  маселеге кызыккан. Демокрит «адамдар алгач жаныбарларга окшош болгон, тамак-аш издеп кыдырып жүрүшкөн жана жаратылыштын даяр азыктарын пайдаланган, бири-бири менен жашоо үчүн күрөшкөн, бул күрөш аларды адамга айландырган» деп жазат.

Байыркы  грек  философу,  улуу ойчул Аристотель (384 — 322-жж.) коом жөнүндө өзүнчө  концепция  түзгөн, мамлекеттин жана үй-бүлөнүн пайда болушун изилдеген. Аньш  пикири  боюнча мамлекеттин пайда болушуна  адамдардын  биригип турмуш куруп, өз ара мамиле жасоого умтулушу себеп болгон. Адамдын башка айбанаттардан айырмасы акыл эмгеги менен иштешинде деп түшүнгөн. Коомдун өнүгүшүнүн негизине патриархалдык  үй-бүлөнүн өсүп-өнүгүшүн коет. Аристотелдин ою боюнча патриархалдык үй-бүлөдөн эллиндердин айылдары, андан полистер өсүп чыккан. Ошентип, Аристотель коомдун алгачкы ячейкасы үй-бүлө деген пикирди жаратгы жана «патриархалдык теориянын» баштоочусу болуп калды.

 Эволюциялык идея Лукреций Карда (б.з.ч.99 — 55-жж.) ачыгыраак, даанараак көрүнөт. Ал адамзатгын алгачкы мезгили  тууралу  туура ой жүгүртө алган: адамдар үңкүрдө жашаган, отту табышкан, топ-топ болуп жашашкан, таякты, бутакты эмгек куралы катары пайдаланган, эмгек куралын жасоодо ташты колдонгон, кийин жезди, акырывда темирди өздөштүргөн. Кийим-кеченин, үйдүн жана тилдин жаралышына да туура ой жүгүрткөн.  Лукреций  Кар байыркы дүйнөдөгү алгачкы коом жөнүндө ой жүгүртүүдө ушунчалык бийиктикке  жеткен  жалгыз  автор.

Европадагы  байыркы  цивилизациянын кулашы менен чарбада, маданиятта кризис башталат, орто кылымдар калыптана баштагандан тартып рухий чөйрөдө чиркөөнүн догматтары үстемдүк кылат. Ошого байланыштуу орто кылымдардын алгачкы этаптарында илим-билимге, анын ичинде этнографиялык маалыматтарга да, кызыгуу төмөндөгөн жана алгачкы коом жөнүндөгү жогорудагы ой-пикирлер унутулган. Ал эми Чыгыш өлкөлөрүндө, тескерисинче, географиялык жана этнографиялык маалыматгарды чогултуу апогейине жеткен. Ал көптөгөн араб соодагерлеринин, мамлекет кызматкерлеринин, дин таратуучулардын саякатгарына  байланыштуу. Алардын  тарых, география  боюнча жазган эмгектеринде авторлор көргөн, билген калктар тууралу зор маалымат чогулган. Бул эмгектер VII — ХVкк. арасындагы мезгил үчүн негизги жазма булак болуп саналат. Алардын арасында Түндүк Африкадан чыккан тарыхчы Ибн Хальдун өзгөчө орунда турат. Ал адамзаттын алга карай өнүгүшүн (1332—1406-жж.) таануу менен бирге негизги чарбалык-маданий типтерди да ажыратууга аракет жасаган. Анын ою боюнча өнүгүүнүн жүрүшүндө төмөндөгү чарбалык - маданий типтер түзүлгөн: жыйноочулук; мал-чарбачылык жана дыйканчылык турмуш;   шаар   маданияты.   Орто  кылымдагы   Кытайда  да Борбордук   жана   Түштүк-Чыгыш Азиянын элдери тууралу маалыматтар чогултулган.

Европада ХШк. гана континенттен сырткаркы аймактарга саякатчылар чыга баштаган (Плано Карпини, Виллем Рубрук, Марко Поло)

Тверден чыккан соодагер Афанасий Ннкитин Индиянын калкынын үрп-адатгары, салтгары тууралу материалдарды чогулткан.

Европада  мындай  маалыматгардын  зор  масштабда топтолушу Улуу Географиялык ачылыштар дооруна туш келет. Саякатчылар, миссионерлер, аскер кызматчылары ж.б. Американын индейлери, Азиянын жана Африканын калктары тууралу кызыгуу менен жаза башташты. Алар европалыктарга окшобогон элдердин жашоосу, маданияты, чарбасы, диний  ишенимдери тууралу көптөгөн материалдарды чогултушат. Европалыктар  жеке  менчикти, мамлекеттик бийликти, чиркөө сыяктуу диний мекемени ж.б. билбеген элдердин турмушуна күбө болушту. Бул материалдардын негизинде француз ойчулу Мишель Монтень Х1Vк. Европадан сырткары жашаган элдерди жөнөкөй мыйзамдар менен жашаган, кылмыш ж.б. куулук-шумдукту билбеген «момун жапайылар» деп мүнөздөп, тарыхтын алгачкы мезгилинде ушундай адамдар жашаган деп жыйынтык чыгарат. Анын жазгандары адамзаттын прогресске тарыхий умтулуусун чагылдырган системаны түзөт. Ошол эле учурда  алгачкы жамааттык коомду идеалдаштыруу, ага карата далилсиз ой-жоромолдорду сунуштоолор да башталат.

Тарыхий  процесстин динамикасын чагылдырган примитивдүү схеманы андан кийин франциялык монах-иезуит Жозеф Франсуа Лафито (1724-ж.) түзгөн. Ал Европа элдеринин өткөн мезгилин түшүнүүгө Түндүк Американын индейлеринин үрп-адаттары жардам берерин алгач болуп түшүнгөн жана дүйнө элдеринде жолуккан окшоштуктарды түпкү тектештик менен түшүндүргөн.

 Джеймс Кук менен кошо саякатка чыккан Георг Форстер мындай   окшоштуктарды   маданияттын   өнүгушүнүн   бирдей деңгээли менен түшүндүрөт.

Ошентип ХVIIIк. баш ченине карата салыштырма методдун, тарыхтын стадияларга бөлүнүү идеясынын башаттары көрүнө баштайт.