Семинардык сабак №2,3

Тема №2

Аткаруунун түрү жана тапшырмалар.

Компе-

тен-

циялар

б-ча тек-

шерүү коддору

Изилдөө булактары

 

Максаты: 

·  АЖКТ изилдөө булактарын аныктоо;

·  АЖКТ изилдөө булактарын анализдөө;

·   АЖКТ изилдөө булактарын өзгөчөлүктөрүн белгилөө;

ЖК-1,

КК-4

Аткаруунун түрү: Инсерт

Бул эмне

    Инсерт – текст менен иштөөдөгү активдүүлүктү колдоо инструменти. Барак бетине белги коюунун интерактивдүү системасы. Берилген амал окуучулардын  өздөрүнүн маалымат түшүнүүсүнө көз салуусуна  багытталат.

Эмнени өнүктүрөт?

· Текст менен натыйжалуу иштөө көндүмүн

· Активдүү, терең ойлонулган окууну

· Мурда белгилүү болгон материал менен жаңысын байланыштыруу жөндөмүн

· Теманы андан ары үйрөнүүнү стимулдаштырат

Көрүнүшү кандай?

«ü» - (ооба), эгер сиз окуп жатканга, билгениңиз туура келген учурда коюлат.

«-» - (алуу), эгер маалымат сиздин билгениңизге карама-каршы келсе коюлат.

«+» - (кошуу), эгер окуп жатканыңыз Сиз үчүн жаңы болсо коюлат.

«?» - (суроо), эгер информация кошумча маалыматтарды талап кылса же түшүнүксүз болсо коюлат.

Кантип аткарат?

1 – кадам. Акыл чабуулун өткөрүңүз.

2 – кадам. «ИНСЕРТ» белгиси менен индивидуалдык окуу

3 – кадам. Акыл чабуулунун жыйынтыктарын жуптардагы же кичинекей топтордогу  окуунун натыйжалары менен салыштыруу жана талкуулоо.

4 – кадам. «Инстерт» таблицасынын негизинде алынган маалыматты системалаштыруу.

Иштин бул түрүн жуптарда, кичинекей топтордо же  өз алдынча өткөрүү мүмкүн.

«Инсерт» таблицасы

«ü»

«-»

«+»

«?»

 

 

 

 

 

Окутуучу үчүн кеңештер:

«Инсерт» белгисинин жардамы менен окууда, сөзсүз эле ар бир сапка белги коюу же белгилүү бир сандагы белги коюуларды  талап кылуу зарыл эмес, абзацтарды да, айрым сөздөрдү да белгилеп алууга  болот, башкысы, окурман өзүнүн маалыматты толук  түшүнүүсүнө өзү көз салгандай  болушу керек. Окуу китебин бүлдүрбөш үчүн, эгерде жөнөкөй карандаш жок болсо, китептин астына дептер  коюуну сунуштоого болот жана бардык белги  коюуларды дептер  беттерине жүргүзүп, ошол эле учурда беттерин көрсөтүүнү эстен чыгарбоо зарыл, ошондо текстке каалаган учурда кайра кайрылып, кандай белгилер  кайсыл жерге коюлганын эстөө мүмкүн.

 

Адабияттар:

1.      Эралиев С.Н. Алгачкы жамааттык коомдун тарыхы  Бишкек, - 2014.

2.      Алексеев.В.П., Перщиц А.И. История первобытного общества Изд.6-ое. М.: АСТ. Астрель, 2007.-350 с.

3.      Исследование по первобытной истории. М., 1992.

4.      Первобытное общество. Основные проблемы развития /Отв.ред. А.И.Першиц. М.,1975.